Baibulo la pa intaneti

- Zotsatsa -

Башталыш 1 - Инжил ЛС (2005)


Асман-жердин жаралышы

1 Адегенде Кудай асман-жерди жаратты.

2 Жер каңгырап, ээн жатты. Туңгуюктун үстүн караңгылык каптап турду. Кудайдын Руху суу үстүндө каалгып учуп жүрдү.

3 Ошондо Кудай: «Жарык болсун!» – деди, анан жарык пайда болду.

4 Кудай жарыктын жакшы экенин көрүп, жарыкты караңгылыктан бөлдү,

5 жарыкты «күн», караңгылыкты «түн» деп атады. Кеч кирип, таң атты, биринчи күн өттү.

6 Анан Кудай: «Суунун ортосунда катмар пайда болуп, сууну суудан бөлүп турсун!» – деп буюрду.

7 Катмарды жасап, анын алдындагы сууну үстүндөгү суудан бөлдү. Анан ошондой болду.

8 Кудай катмарды «асман» деп атады. Кеч кирип, таң атты, экинчи күн өттү.

9 Анан Кудай: «Асман алдындагы суу бир жерге чогулуп, кургактык көрүнсүн!» – деди. Анан ошондой болду.

10 Кудай кургакты «жер», чогулган сууну «мухит» деп атады. Ал мунун жакшы экенин көрдү.

11 Кудай анан: «Жер жашыл өсүмдүктөрдү: урук чаччу өсүмдүктөрдү жана данеги бар жемиш бактарын түр-түрү менен өстүрүп чыгарсын!» – деп буюрду. Анан ошондой болду.

12 Жер жашыл өсүмдүктөрдү: түрүнө жараша урук чаччу өсүмдүктөрдү жана данеги бар жемиш бактарын өстүрүп чыгарды. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.

13 Кеч кирип, таң атты, үчүнчү күн өттү.

14 Андан кийин Кудай: «Асман катмарында күн менен түндү бири-биринен ажыратып, мезгилдерди, күндөрдү жана жылдарды белгилеп турган чырактар болсун!

15 Алар жерге нурун чачуу үчүн асманда жаркырасын!» – деп буюрду. Анан ошондой болду.

16 Кудай чоңурагы күндүз, кичиреги түнкүсүн башкарып турган эки зор чыракты, ошондой эле жылдыздарды да жаратты.

17 Жерге жарыгын тийгизип,

18 күн менен түндү бийлеп, жарыкты караңгыдан ажыратуу үчүн аларды асман катмарында жайгаштырды. Кудай мунун да жакшы экенин көрдү.

19 Кеч кирип, таң атты, төртүнчү күн өттү.

20 Андан кийин Кудай: «Суу жайнаган тирүү жандыктарга толсун, жер үстүндө, асман мейкиндигинде куштар учсун!» – деп буюрду.

21 Анан Ал сууну мекендей турган укмуштай зор жаныбарларды, сууда сүзүүчү башка да жан-жаныбарлар менен жандыктардын бардыгын түр-түрү менен, ошону менен бирге канаттуулардын бардыгын түр-түрү менен жаратты. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.

22 Аларга батасын берип: «Өсүп-өнүп көбөйгүлө, деңиздерди толтургула, куштар да жер бетинде көбөйсүн!» – деп буюрду.

23 Кеч кирип, таң атты, бешинчи күн өттү.

24 Анан Кудай: «Жер ар кандай тирүү жандыктарды: малды, жапайы жаныбарларды жана майда жаныбарларды түр-түрү менен чыгарсын!» – деп буюрду. Анан ушундай болду.

25 Кудай ар кандай жапайы жаныбарларды, малды жана майда жаныбарлардын баарын түр-түрү менен жаратты. Ал мунун жакшы экенин көрдү.

26 Кудай анан: «Өз бейнебиздей, Өзүбүзгө окшош адам жараталы. Ал деңиздеги балыктар менен асмандагы куштарга, малга, бүткүл жер жүзүнө жана майда жаныбарлардын баарына бийлик жүргүзсүн!» – деди.

27 Ушундайча Кудай адамды Өз бейнесиндей, Өзүнө окшотуп жаратты. Аларды эркек жана аял кылып жаратты.

28 Аларга батасын берип: «Укумдап-тукумдагыла, көбөйгүлө! Жер бетине жайылып, ага ээлик кылгыла жана деңиздеги балыктарга, асмандагы куштарга, жер бетиндеги жаныбарлардын баарына бийлик кылгыла!» – деди.

29 Анан Кудай: «Мына, Мен силерге жер бетиндеги урук чача турган өсүмдүктөрдү жана данеги бар жемиш бактарын түр-түрү менен бердим, булар силерге азык болсун.

30 Ал эми бардык айбандарга, асмандагы бүт куштарга жана бардык майда жаныбарларга – тирүү жандын түгөл баарына көк чөп аталганды азык кылып бердим», – деди. Анан ошондой болду.

31 Кудай Өзү жараткандын баарын карап, алардын өтө жакшы экенин көрдү. Кеч кирип, таң атты, алтынчы күн өттү.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Titsatireni:



Zotsatsa