Online Bible

- Advertisements -


Башталыш 44 - Инжил ЛС (2005)


Дагы бир сыноо

1 Жусуп үй башкаруучусуна мындай деп буюрду: «Бул кишилердин каптарын өздөрү көтөрө алышынча буудайга толтур, ар биринин күмүшүн кабынын ооз жагына сал.

2 Ал эми эң кенжесинин кабынын оозуна буудай үчүн төлөнгөн күмүшү менен кошо менин да күмүш чөйчөгүмдү салып кой». Үй башкаруучусу Жусуп айткандай жасады.

3 Эртеси таң атканда, бир туугандарды эшектери менен жөнөтүп жиберишти.

4 Алар шаардан көп узай электе, Жусуп үй башкаруучусуна мындай деди: – Жөнө, тигилерге жет! Жеткениңде: «Эмнеге жакшылыкка жамандык кылдыңар?

5 Эмне үчүн кожоюнумдун күмүш чөйчөгүн уурдап кеттиңер? Ал кожоюнум шарап ичип, төлгө ача турган чөйчөгү болчу. Силер жаман иш кылдыңар!» – де.

6 Ал тигилерди кууп жетип, ушул сөздөрдү айтты.

7 Тигилер болсо: – Мырзабыз, эмнеге мындай деп жатасыз? Кулдарыңыз андай ишке барбайт!

8 Мурда каптарыбыздын оозунан тапкан күмүштү сизге Канаандан кайра алып келдик го. Анан кантип кожоюнуңуздун үйүнөн күмүш же алтын уурдап алалы?

9 Күмүш чөйчөк кулдарыңыздын кимисинен табылса, ага өлүм! Калгандарыбыз кожоюнубузга кул бололу, – дешти.

10 – Мейли, силер айткандай болсун – деди ал, – чөйчөк кимден табылса, ошол менин кулум болсун, калганыңар айыпсыз болосуңар.

11 Ошондо алар дароо каптарын жерге түшүрүп, ар бири өз кабынын оозун чечти.

12 Үй башкаруучу улуусунан баштап, кичүүсүнүн кабына чейин тинтип чыкты. Чөйчөк Бенжаминдин кабынан табылды.

13 Ошондо алар кайгыргандан кийимдерин айрып, каптарын кайра эшектерине артып, шаарга кайтышты.

14 Иуда бир туугандары менен Жусуптун үйүнө келгенде, ал үйүндө экен. Бир туугандар Жусуптун алдында жерге кулашты.

15 Ошондо Жусуп: – Бу эмне кылганыңар? Мендей адамдын төлгө ачып, билип аларын билген жок белеңер? – деди.

16 – Мырзабызга эмне дей алабыз? Эмне жооп айтабыз? Эмне деп актанабыз? – деди Иуда. – Кудай кулдарыңыздын айыбын ачты. Эми биз да, колунан чөйчөк табылган бала да сизге кул болобуз.

17 – А жо-ок, – деди Жусуп, – мен андай кылбаймын. Чөйчөк кимден табылса, ошол мага кул болот. Силер болсо аман-эсен атаңарга жөнөгүлө.

18 – Мырзам, кулагыңызга бир сөз айтканга кулуңузга ракым этиңиз, – деди ошондо Иуда, Жусупка жакыныраак келип. – Сиз фараонго тең адамсыз, кулуңузга ачуулана көрбөңүз.

19 Мырзам, кулдарыңыздан: «Атаңар же башка бир тууганыңар барбы?» – деп сурагансыз.

20 Биз мырзабызга: «Карыган атабыз жана анын карыганда көргөн көкүрөк күчүгү бар. Анын бир тууганы өлүп, энеден жалгыз калган. Атабыз аны жанынан артык көрөт», – дегенбиз.

21 Сиз кулдарыңызга: «Ошол бир тууганыңарды алып келгиле, бир көрөйүн», – дегенсиз.

22 Биз мырзабызга: «Бала атасын таштап кете албайт, эгер таштаса, атасы өлүп калат», – деген элек.

23 Бирок сиз кулдарыңызга: «Кенже иниңер силер менен келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө», – дегенсиз.

24 Биз кулуңузга – атабызга барып, сиздин сөзүңүздү ага айтып бердик.

25 Кийин атабыз: «Дагы барып, өзүбүзгө бир аз буудай сатып келгиле», – деди.

26 Биз: «Бара албайбыз. Эгер кенже инибиз биз менен барса, барабыз. Кенже инибиз биз менен болбосо, ал адамдын көзүнө көрүнө албайбыз», – дедик.

27 Ошондо кулуңуз – атабыз бизге: «Рахелден эки уул гана көргөнүмдү билесиңер.

28 Бирөөнөн айрылдым. Аны бир жырткыч айбан тытып кетип, ошондон бери көрө элекмин.

29 Эми мунумду да алсаңар, анан ал бир кырсыкка кабылса, анда менин ак баскан башымды кайгы менен көргө саласыңар», – деди.

30-31 Эми мен сиздин кулуңуз – атама барганымда, анын жанынан артык көргөн уулу жаныбызда болбосо, ал уулунун жок экенин көрүп, өлүп калат. Биз, кулдарыңыз, кулуңуз атабыздын ак баскан башын ошол кайгыдан көргө салабыз.

32 Мен, кулуңуз, ушул бала үчүн жоопкер болгом. Атама: «Эгерде аны сизге кайра алып келбесем, анда өмүр бою сиздин алдыңызда айыпкер болоюн», – деп айткам.

33 Андыктан, мен, кулуңуз, баланын ордуна сизге кул болоюн, бала агалары менен кете берсин.

34 Бала жанымда болбосо, атама кантип барам? Атамдын башына түшкөн кайгыны көрүп кантип чыдап тура алам?

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Follow us:



Advertisements