Online Bible

- Advertisements -


Башталыш 2 - Инжил ЛС (2005)

1 Ушундайча асман менен жер жана алардагынын баары өз ирети менен жаратылды.

2 Жетинчи күнгө оогондо Кудай Өзүнүн бардык ишин аяктап, ушул күнү эс алды.

3 Жетинчи күнгө Кудай батасын берип, аны ыйык күн кылып бөлүп койду. Себеби Ал Өзүнүн жаратуучулук ишинин баарын бүтүргөн соң, ушул күнү эс алды.


Адам менен Обонун жаралышы

4 Асман менен жер жаралгандагы баян мындай: Кудай Эге жер менен асманды жараткан кезде

5 али жер бетинде талаа бадалдары да, өсүмдүктөр да өскөн эмес эле. Себеби Кудай Эге жерге жамгыр жаадырган эмес, жерди иштете турган адам да жок болгон.

6 Жерден буу көтөрүлүп чыгып, бүтүн жер бетин сугарып турган.

7 Ошондо Кудай Эге жердин топурагынан адамды турпатына келтирип жасап, анын мурдуна өмүр демин үйлөдү. Ушинтип адам тирүү жан болду.

8 Кудай Эге чыгышта, Эден деген жерге бак отургузуп, Өзү турпатына келтирип жасаган адамды ошол жерге жайгаштырды.

9 Андан кийин Кудай Эге көз жоосун алган, жегенге жакшы жемиштерди бере турган түрлүү дарактарды жерден өстүрүп чыгарды. Бактын ортосуна өмүр берчү даракты жана жакшылык менен жамандыкты билдире турган даракты да өстүрдү.

10 Эденден бир дарыя агып, бакты сугарат да, андан ары төрткө бөлүнүп кетет.

11 Биринчиси Пишон деп аталат, ал алтын чыга турган бүткүл Хабила өлкөсүн айланып агат.

12 Ал жердин алтыны таза, жыпар жыттуу чайыр менен оникс асыл ташы да бар.

13 Экинчи дарыя Гихон деп аталат, ал Куш өлкөсүн айланып агат.

14 Үчүнчү дарыянын аты Тигр, ал Ашурдун чыгыш жагынан өтөт. Төртүнчү дарыя – Эфрат.

15 Эден багын иштетсин, аны кайтарсын деп, Кудай Эге адамды ошол жерге жайгаштырды.

16 Ага мындай буйрук берди: «Сен бактагы дарактардын баарынын жемишинен жесең болот.

17 Бирок жакшылык менен жамандыкты билдире турган дарактын жемишин жебе! Себеби андан жеген күнү өлгөнүң өлгөн».

18 Андан кийин Кудай Эге: «Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес, ага өзүнө ылайык жардамчы жаратайын» – деди.

19 Кудай Эге жапайы жаныбарлардын, асмандагы куштардын баарын топурактан турпатына келтирип жасап, аларды кандай атарын билүү үчүн адамга алып келди. Адам кандай ат койсо, тирүү жандар ошондой атала турган болду.

20 Ошентип менен адам малга, жапайы жаныбарлар менен асмандагы куштардын баарына ат койду. Ал эми адамдын өзүнө ылайык жардамчы табылбады.

21 Ошондо Кудай Эге адамды катуу уктатып, уктап жатканда анын бир кабыргасын алып, ордун эт менен жаап койду.

22 Кудай Эге ошол кабыргадан аялды жаратып, аны адамга алып келди.

23 Ошондо адам мындай деди: «Сөөгүмдөн бүткөн сөөк ушул, Этимден бүткөн эт ушул! Эркектен алып жасалды, Аял деп аты коюлсун».

24 Ошол үчүн эркек ата-энесин калтырып, аялына жабышат да, экөө бир бүтүн болот.

25 Адам аялы экөө тең жылаңач болчу, уялышчу эмес.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Follow us:



Advertisements