Рут 4 - Инжил ЛС (2005)Обоздун Рутка үйлөнүшү 1 Обоз шаар дарбазасынын алдына барып олтурду. Караса, өзү Рутка айткан каралашар тууганы жанынан өтүп баратыптыр. Обоз ага: «Кел, бул жерге олтур», – деди. Ал жанына келип, олтургандан кийин, 2 Обоз шаар аксакалдарынан он кишини чакырып алып: «Жаныбызга олтурсаңыздар», – деди. Алар келип олтурушту. 3 Ошондо Обоз тууганына мындай деди: – Маап жеринен кайтып келген Нагима тууганыбыз Элимелекке таандык жер үлүшүн сатып жатат. 4 Аны сага кулак кагыш кылайын дедим: Бул жерде олтургандардын жана эл аксакалдарынын алдында ошол жерди сатып ал. Кааласаң, сатып ал, сатып алгың келбесе, ачыгын айт, мен билгендей болоюн. Себеби каралаша турган эң жакын тууганы сенсиң, сенден кийинки кезек меники. Анда тууганы: – Жарайт, сатып алайын, – деди. 5 Ошондо Обоз: – Эгер Нагимадан жерди сатып алсаң, анда маркумдун мааптык жесири Рутту да аялдыкка алышың керек. Уулдуу болгонуңарда, жер үлүшү маркумдун наамында калат, – деди. 6 Анда тууганы: – Андай болсо, туугандык милдетимди аткара албайм, өз мүлкүмдү жоготуп алам. Андан көрө, бул милдетти сен аткар, мен аткара албайм, – деп жооп берди. 7 Мурун Ысрайылда мындай салт боло турган: эгер бирөө мал-мүлкүн башка бирөөгө өткөрүп берсе же алмашса, муну ырастоо үчүн бут кийимин чечип алып, келишкен кишисине берчү. 8 Тууганы Обозго «бул милдетти сен аткар, мен аткара албайм», деди да бут кийимин чечип, ага берди. 9 Ошондо Обоз тегерегиндеги аксакалдар менен атпай журтка карап мындай деди: – Бүгүн мен Нагимадан Элимелектин, Килиён менен Махлондун бүт менчигин өткөрүп алдым. 10 Мен маркумдун тукумун улап, ага мүлкүн түгөл калтыруу үчүн Махлондун жесири мааптык Рутту аялдыкка аламын. Маркумдун аты өз туугандары менен шаар ичинде өчпөй аман сакталат. Силер бүгүн буга күбөсүңөр. 11 Аксакалдар жана дарбаза алдында турган бардык адамдар: – Ооба, күбөбүз. Жараткан Эге үйүңө кире турган бул аялды ысрайылдын тукумун улаган Рахел менен Леядай кылсын! Эфратада байлыгың ашып-ташысын, Бейт-Лехемде атагың арта берсин! 12 Жараткан Эге ушул жаш аялдан улана турган урпагыңды Тамар Иуда бабабызга төрөп берген Перестин урпагындай кылсын! – деп батасын беришти. Дөөт падышанын санжырасы 13 Ошентип Обоз Рутка үйлөндү. Жараткан Эге жалгап, Руттун боюна бүтүп, уул төрөдү. 14 Аялдар Нагиманы куттуктап: «Жаратканга алкыш! Ал сени мураскорсуз калтырган жок. Баланын атагы ысрайылга жайылсын! 15 Ал жашооңо жаңы дем берет, карыганыңда каралашат. Себеби аны өзүңдү жакшы көрүп, жети уулдан артык болгон келиниң төрөп берди!» – дешти. 16 Нагима наристени колунан түшүрбөй бооруна кысып бакты. 17 Коңшу аялдар: «Нагима уулдуу болду», – дешип, ага Абыт деген ат коюшту. Абыт Жышайдын атасы, Дөөттүн чоң атасы болду. 18 Перестин санжырасы мындай: Перестен Хесрон, 19 Хесрондон Рам, Рамдан Аминадап, 20 Аминадаптан Нахшон, Нахшондон Салмон, 21 Салмондон Обоз, Обоздон Абыт, 22 Абыттан Жышай, Жышайдан Дөөт туулду. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018