Online Bible

- Reklamy -

Марк 16 - Инжил ЛС (2005)


Ыйсанын тирилиши

1 Дем алыш өткөндөн кийин, магдалалык Мариям, Жакыптын энеси Мариям жана Саломия болушуп, Ыйсанын сөөгүн майлап келүү үчүн жыттуу майларды сатып алышты.

2 Анан жуманын биринчи күнү таң азанда мүрзөгө жөнөштү.

3 Жолдо өз ара: – Көр оозундагы ташты бизге ким жылдырып берер экен? – деп келишти.

4 Бирок карашса, таш жылып калыптыр! Таш болсо абдан чоң болчу.

5 Көргө кирип, оң тарапта отурган ак кийимчен бир уланды көрүп, үрөйлөрү учту.

6 Улан болсо: – Коркпогула! Силер айкаш жыгачка кадалган назареттик Ыйсаны издеп жүрөсүңөр! Ал тирилип кетти, бул жерде жок! Анын сөөгү коюлган жер мына.

7 Эми болсо баргыла да, шакирттерине жана Петирге муну айткыла: Ал силерден мурун Галилеяга барат. Өзү айткандай, силер Аны ошол жактан көрөсүңөр, – деди.

8 Айран таң калып, коркунучтан калтыраган аялдар көрдөн чыгып, чуркап жөнөштү. Бул окуядан жүрөктөрү түшүп, эч кимге эч нерсе айтышпады.


Ыйсанын магдалалык Мариямга көрүнүшү

9 Жуманын биринчи күнү таң азанда тирилген соң, Ыйса ичинен жети жинди кубалап чыгарган магдалалык Мариямга биринчи көрүндү.

10 Мариям Анын боздоп ыйлап олтурушкан шериктерине барып, көргөнүн айтып берди.

11 Бирок алар Ыйсанын тирүү экенин жана Мариямдын Аны көргөндүгүн угушса да, ишенишкен жок.


Ыйсанын эки шакиртине көрүнүшү

12 Мындан соң, Ыйса айылга бара жатышкан эки шакиртине башкача кейипте көрүндү.

13 Эки шакирт кайтып келип, калгандарына көргөндөрүн айтып беришти, бирок аларга да ишенишпеди.


Ыйсанын он бир шакиртине көрүнүшү

14 Мындан кийин Ыйса тамактанып олтурушкан он бир шакиртине көрүндү. Шакирттеринин өздөрү да ишенбей, Өзүнүн тирилгенин көргөндөргө да кежирленип ишенбей коюшканы үчүн аларды урушту.

15 Анан Ыйса аларга мындай деди: – Бүт жер жүзүн кыдырып, бардык адамдарга Жакшы Кабарды жарыя кылгыла.

16 Ким ишенип, чөмүлдүрүлсө, ал куткарылат. Ал эми ким ишенбесе, ал айыпталат.

17 Ишенгендерди бул жышаандар коштойт: алар Менин атым менен жиндерди кубалашат, жаңы тилдерде сүйлөшөт,

18 жыландарды кармап алышса же уу ичип алышса, зыян тартышпайт, оорулууларга кол коюшса, алар айыгып кетишет.


Ыйсанын көккө көтөрүлүшү

19 Ушул сөздөрдү айтып бүткөн соң, Эгебиз Ыйса көккө көтөрүлүп, Кудайдын оң жагына – ардактуу орунга олтурду.

20 Шакирттер болсо, бардык жерлерде ушул Жакшы Кабарды таратып жүрүштү. Эгебиз аларга жар болуп, айтылган сөздү кереметтүү жышаандар менен ырастап жатты. Аялдар Петир менен Анын шериктерине барып, өздөрүнө айтылган сөздүн баарын кыскача айтып беришти. Ушундан соң, Ыйса шакирттери аркылуу күн чыгыштан күн батышка чейин түбөлүк куткарылуунун ыйык жана өлбөс-өчпөс кабарын таратты.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy