Online Bible

- Reklamy -

Эстер 7 - Инжил ЛС (2005)


Эстердин ажал чакырган зыяпаты

1 Ошентип, падыша менен Хаман кайрадан ханыша Эстердин сый тамагына келишти.

2 Зыяпаттын экинчи күнү, алар шарап ичип олтурган кезде, падыша кайрадан Эстерден: – Эмне каалайсың, Эстер ханыша? Каалаганың сага берилет. Эмне өтүнүчүң бар? Падышалыктын жарымы болсо да берилет – деп сурады.

3 Эстер мындай деп жооп берди: – Оо, падышам, эгерде сиз мага ырайым этсеңиз, өкүмдарым, сиз туура көрсөңүз, анда менин каалоом – жанымды аман калтырсаңыз экен. Менин өтүнүчүм – элим да аман калса экен!

4 Элимди, анын арасында өзүмдү да, өлүмгө – кырылып-жоюлуп, жок кылууга сатып жиберишти. Эгерде душманга кул-күң катары эле сатылып кетсек, мен ошол арзыбаган нерсе үчүн тынчыңызды алып, унчукпас элем.

5 Ошондо Ахашверош падыша Эстер ханышага: – Аны кылган ким? Мындай иш кылууга батынган ошол адам кайда?! – деп сурады.

6 Эстер: – Ошол кас душманыбыз мына ушул зулум Хаман! – деп жооп берди. Ошондо Хаман падыша менен ханышанын алдында коркконунан дене боюн калтырак басты.

7 Падыша каарданып ордунан турду да, дасторконду калтырып, ак сарайдын багына чыгып кетти. Хаман болсо өзүнө катуу өкүм чыгарыларын билип, өмүрүн сактап калууну ханыша Эстерден суранып, ошол жерден жалбара баштады.

8 Ак сарайдын багынан зыяпат өтүп жаткан жерге падыша кайтып келгенде, секичеде жамбаштап жаткан Эстердин алдында чөгөлөй жыгылган Хаманды көрүп калып: – Бул эмнең, эми сен өз үйүмдө ханышамды зордуктаганы жатасыңбы?! – деп кыйкырып жиберди. Падыша ушинтип айтары менен, кызматчылар Хамандын жүзүн чүмкөй салышты.

9 Ошол убакта падышанын евнухтарынын бири Харбон: – Улуу урматтуу падышам, сизге жакшылык кылган Мордохайды асуу үчүн Хаман даярдап койгон бийиктиги элүү чыканак болгон жыгач дар Хамандын үйүндө орнотулуп турат, – деп айтты. Падыша: – Ошол дарга өзүн асып салгыла! – деп буйруду.

10 Ошентип, Мордохай үчүн Хаман даярдап койгон ошол дарга анын өзүн асып салышты. Ошондон кийин гана падышанын каары басылды.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy