Эстер 6 - Инжил ЛС (2005)Хамандын аргасыз жасаган жакшылыгы 1 Ошол түнү падышанын уйкусу качты. Ал өткөн окуялар жазылган жылнаама китебин алып келүүнү буйруду. Китепти падышага окуп беришти. 2 Ал китепте дарбаза сакчы евнухтар: Биктан менен Терештин Ахашверош падышаны тымызын өлтүрүүнү ниет кылып жатышканын Мордохай билип калып, кабарлаганы жазылган эле. 3 Муну укканда падыша: – Ушул кызматы үчүн Мордохайга кандай урмат-сый көрсөтүлдү эле? – деп сурады. Падышанын кызматчылары: – Ага эч нерсе кылынган эмес, – деп жооп беришти. 4 Ошондо падыша: – Короодо ким бар? – деп сурады. Так ошол убакта Хаман ак сарайдын сырткы короосуна жаңы эле кирип келген эле. Ал өзү орнотуп койгон дарга Мордохайды астырып салууну падыша менен сүйлөшөйүн деген ниетте келген болчу. 5 Кызматчылар өкүмдарга: – Улуу-урматтуум, кире бериште Хаман турат – деп айтышты. Падыша: – Кирсин, – деп буйруду. 6 Хаман кирип келгенде, ал андан: – Айтчы Хаман, падыша ыраазы болуп, зоболосун көтөргүсү келген адамга эмне кылышы керек? – деп сурады. Хаман ичинен: «Өкүмдар менден башка кимдин зоболосун көтөрүүнү кааламак эле?» деп ойлоп, 7 падышага мындай деп жооп берди: – Падыша кимдир-бирөөнүн зоболосун көтөргүсү келсе, 8 ал адамга өкүмдар кийчү кийимди, анан башына падышалык белги тагылган атты алып келишсин. 9 Ошол кийимди, атты падышанын кадыр-барктуу төрөлөрүнүн биринин колуна берсин. Ал төрө өкүмдарыбызга урмат көрсөткүсү келген адамга кийимди кийгизип, атка мингизип, анан атты жетелеп алып: «Падышабыз урмат көрсөткүсү келген адамга ушундай сый көрсөтүлөт!» – деп шаар аянтында жар салсын. 10 Ошондо падыша Хаманга: – Жакшы айттың. Өзүң айткандай, кийим менен атты тезинен алып, ак сарайда кызмат кылып жаткан иуда Мордохайга сый көрсөт. Өзүң айткандардын бирин калтырбай жаса, – деп буйруду. 11 Хаман кийим менен атты алдырып, кийимди Мордохайга кийгизди да, атка миндирип, шаардын аянтында жетелеп алып: «Падыша урмат көрсөткүсү келген адамга ушундай сый көрсөтөт!» – деп жар салып жүрдү. 12 Анан Мордохай падыша дарбазасына кайтып келди. Хаман болсо шерменде болгондуктан башын чүмкөгөн бойдон үйүнө шашып жөнөдү. 13 Хаман болгон иштин баарын аялы Зуурашка жана досторуна айтып берди. Ошондо досторунун акылдуулары жана аялы Зуураш ага: – Мордохайдын алдында абийириң айрандай төгүлгөн экен. Эгерде анын иуда экени чын болсо, анда аны жеңүү кыйын го! Анын алдында сөзсүз мартабаң түшөт! – деп айтышты. 14 Алар айтып оозун жыйгыча падышанын евнухтары келип калып, Хаманды Эстер даярдаган сый-тамакка шаштырып алып кетишти. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018