Эстер 4 - Инжил ЛС (2005)Мордохайдын Эстерди өз эли үчүн күрөшүүгө көндүрүшү 1 Мордохай эмне болгондугу жөнүндө кабардар болгондо, кийимин айрып, зумбал кийип, башына күл чачып, боздоп ыйлап, шаардын борборуна чыкты. 2 Ал падыша сарайынын дарбазасынын алдына чейин келди. Анткени зумбал кийип, ак сарайга кирүүгө тыюу салынган эле. 3 Өкүмдардын жарлыгы менен буйругу жеткен бардык дубандарда иудалар катуу аза тартып, уу-чуу түшүп, боздоп ыйлап, орозо кармап жатышты. Алардын кийгени зумбал, жаткан жери күл болду. 4 Эстерге кызматчы кыздары менен евнухтары келип, Мордохай тууралуу айтып беришкенде, ханышанын абдан тынчы кетти. Ал зумбалдын ордуна муну кийип алсын деп, Мордохайга башка кийим берип жиберди, бирок Мордохай аны албай койду. 5 Ошондо Эстер евнух Атахты чакыртты. Аны Эстерге кызмат кылуу үчүн падыша дайындаган эле. Эстер аны Мордохайга эмне болгонун, эмне үчүн ал мындай иш кылып жатканын билиш үчүн жөнөттү. 6 Атах падыша дарбазасынын маңдайындагы шаар аянтында турган Мордохайга барды. 7 Мордохай ага эмне болгонунун баарын, Хамандын иуда элин кырып салыш үчүн төлөнүүчү канча күмүштү таразага тартып, падышанын казынасына беремин деп убада кылганын да айтып берди. 8 Анан Шушандагы элге жарыяланган буйруктун көчүрмөсүн Атахтын колуна берип: – Эстерге муну көрсөткүн, ага баарын айтып бер. Ал падышага кирип, андан жалынып-жалбарып, өз эли үчүн өтүнүп ырайым сурасын, – деп катуу дайындады. 9 Атах кайтып келип, Мордохайдын айткандарын Эстерге айтып берди. 10 Эстер Атахты Мордохайга кайра жиберип жатып, мындай деп айттырды: 11 «Эркек болобу, аял болобу, ким чакыртылбай туруп, ак сарайдын ички короосуна кирсе, ал өлүм жазасына тартыларын падышанын кызматчылары да, дубандардагы элдер да билет. Падыша алтын таягын кирген адамга сунса гана, ал аман калат. Менин болсо падышанын алдына чакырылбаганыма отуз күн болду». 12 Эстердин сөздөрүн Мордохай угуп, 13 Эстерге: «Падыша сарайында жашагандыктан, иудалардын арасында жалгыз өзүм эле аман каламын деп ойлобо. 14 Эгерде бүгүн унчукпай койсоң, иудаларга боштондук башка жактан келип, алар азаттыкка чыгышат. Ал эми сен да, атаңдын урпактары да аман калбайсыңар. Ким билсин, балким сен мына ушул күндөр үчүн ханышалык даражага жеткендирсиң? – деп жоо жөнөттү. 15 Ошондо Эстер ага мындай деп жооп айттырып жиберди: 16 «Барып, Шушанда жашаган бардык иудаларды чогултуп, мен үчүн орозо кармагыла, үч күн, үч түн ичип-жебегиле. Мен өзүм да кызматчы кыздарым менен орозо кармайм. Андан соң, мыйзамга каршы келсе да, падышанын алдына барамын. Эгерде өлсөм, анда өлөйүн». 17 Ошондо Мордохай барып, Эстердин айткандарынын баарын аткарды. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018