Online Bible

- Reklamy -

Эстер 3 - Инжил ЛС (2005)


Хамандын кыянаттыгы

1 Ушул окуялардан кийин Ахашверош падыша агактык Амадаттын уулу Хамандын мартабасын бийик көтөрүп, аны өзүнүн кол алдындагы бардык төрөлөрдөн жогорку кызматка койду.

2 Падышанын буйругуна ылайык, ак сарай кызматкерлеринин баары Хамандын алдында жерге чейин ийилип, таазим кылышчу. Бирок Мордохай ага таазим эткен да, ийилген да жок.

3 Падыша сарай кызматчылары Мордохайдан: – Эмне үчүн сен падышанын амирине моюн сунбай жатасың? – деп сурап жатышты.

4 Алар күн сайын эскертип айтышса да, ал кулак салбай койду, анткени Мордохай аларга «Мен иудамын» деп айткан эле. Мордохай айткан сөзүндө турар бекен же жокпу деп, бул тууралуу Хаманга айтып барышты.

5 Хаман Мордохайдын өзүнүн алдында ийилип, таазим кылбай жаткандыгын көргөндө каары кайнады.

6 Мордохайдын кайсы элден экендигин билгенде, анын көзүн тазалап, тындым кылып коюу ал үчүн жетишсиздей сезилди. Ал Ахашвероштун падышалыгындагы иудаларды – Мордохайдын бүт элин кырып салууну ойлоду.

7 Муну ишке ашыруу убактысынын айы менен күнүн белгилеп алуу үчүн, Ахашверош падышанын бийлигинин он экинчи жылынын биринчи айы – нисан айында Хамандын алдында өкчөмө таш – «пур» ташталды. Таш он экинчи айга, башкача айтканда адар айына түштү.

8 Хаман Ахашверош падышага мындай деди: – Сиздин падышалыгыңыздын бардык дубандарында башка элдердин арасына аралашып, таралып кеткен бир эл бар. Алардын мыйзамы бардык элдердин мыйзамынан өзгөчө. Алар падышанын мыйзамын да аткарышпайт, ошондуктан өкүмдарым аларга чара көрүшү керек.

9 Эгерде сиз макул көрсөңүз, аларды кырып салууга буйрук чыгарсаңыз экен. Мен болсо ушул ишти аткарууну каржылоо үчүн он миң талант күмүштү таразага тартып, казыначынын колуна берип, сиздин казынаңызга салууну дайындайын.

10 Падыша колундагы мөөр шакегин чечип, иудалардын душманы агактык Амадаттын уулу Хаманга берди.

11 Анан падыша Хаманга: – Ошол элди да, күмүштү да эмне кылсаң өзүң бил – деди.

12 Биринчи айдын он үчүнчү күнү падышанын катчылары чакыртылды. Алар Хамандын буйругун падышанын төрөлөрүнө, ар бир дубандагы бийлерге, ар бир элдин журт башчыларына ар бир дубан өзү колдонгон арибинде, ар бир элдин өз эне тилине которуп жазып жөнөтүштү. Буйрук Ахашверош падышанын атынан жазылып, анын мөөр шакеги менен бекемделди.

13 Ал каттар падышалыктагы бардык дубандарга чабармандар аркылуу жиберилди. Катта он экинчи айдын – адар айынын он үчүнчү күнү, бардык иудалар: жашы да, карысы да, балдары да, аялдары да бир күндө өлтүрүлсүн, кырылсын, тукум курут кылынсын, алардын мал-мүлкү таланып алынсын деген буйрук берилди.

14 Ошол күнү бардык элдер даяр турушу үчүн, буйруктун көчүрмөсү мыйзам катары ар бир дубанда жарыяланышы керек эле.

15 Чабармандар падышанын буйругун алып, дароо жөнөп кетишти. Бул буйрук падыша тактысы турган Шушан шаарында да жарыяланды. Падыша менен Хаман чогуу шарап ичип олтурушту. Шаар эли болсо дүрбөлөңгө түшүп жатты.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy