Эстер 2 - Инжил ЛС (2005)Эстердин ханышалыкка тандалышы 1 Ошол окуядан кийин, каары тараган соң, Ахашверош падыша Баштинин жоругун, ага кандай өкүм чыгарганын эстеди. 2 Анан падышанын кызматчылары ага мындай дешти: – Улуу даражалуу падышабызга чырайлуу жаш кыздарды таап келишсин. 3 Өкүмдарыбыз өзүнүн падышалыгынын бардык дубандарына байкоочуларды дайындасын. Алар жаш, сулуу кыздарды чогултуп, Шушан шаарынын сепилиндеги падышабыздын гаремине, анын башчысы евнух Хегайдын көзөмөлүнө тапшырышсын. Ал кыздарды жыпар-жыттуу майлар менен камсыз кылсын. 4 Анан өкүмдарыбызга жаккан кыз Баштинин ордуна ханыша болсун. Бул сөз падышага жагып, ал так ошондой кылды. 5 Шушандагы сепилде Мордохай деген иуда бар эле. Анын атасы Жайыр, Жайырдын атасы Шимей, Шимейдин атасы Киш бенжамин уруусунан болгон. 6 Ал Бабыл падышасы Навуходоносор туткундап кеткен Иуда падышасы Жехония менен бирге Иерусалимден туткундалып келген. 7 Мордохай абасынын томолой жетим калган кызы Адасаны тарбиялап өстүргөн. Анын башка ысымы Эстер эле. Ал мүчөсү келишкен, ай чырайлуу кыз болчу. Ата-энеси көз жумгандан кийин, аны Мордохай асырап алган. 8 Падышанын буйругу менен жарлыгы чыккандан кийин, Шушандагы сепилге көптөгөн кыздар чогултулуп, Хегайдын көзөмөлүнө өткөрүлдү. Эстер да падыша сарайына, өкүмдардын гаремин көзөмөлдөгөн Хегайдын колуна тапшырылды. 9 Эстер Хегайдын көңүлүнө жагып, анын купулуна толгондуктан, ал ага өзгөчө камкор мамиле кылды. Хегай кызга жасана турган жыпар-жыттуу майларды, ага арналган нерселерди, ошондой эле падыша үйүндөгү кызматчы кыздардан жетөөнү тандап, ага кошуп берүүгө шашты. Аны жанындагы кыздар менен гаремдин эң жакшы бөлүгүнө жайгаштырды. 10 Мордохай айтпагын деп катуу эскерткендиктен, Эстер өз ата тегин, кайсы элден экендигин айткан жок. 11 Мордохай Эстердин ал-жайын, ага эмне болуп жатканын билиш үчүн күн сайын гаремдин короосунун жанынан нары-бери өтүп турчу. 12 Ахашверош падышага кирүү маалы келгенге чейин, ар бир кызга он эки ай бою аялдарга милдеттүү болгон даярдануунун жол-жоболору жасалып, аларды алты ай мүр менен, алты ай жыпар-жыттуу заттар жана башка майлар менен майлашты. 13 Даярдалган кыз гаремден өкүмдардын алдына кирерде, падыша сарайына ала кирүү үчүн ал эмнени кааласа, ошол нерсе берилчү. 14 Ал кечинде падышанын алдына киргизилип, эртең менен аны аялдар гаремине – токолдорду кайтарган Шаашхаздын көзөмөлүнө өткөрүшчү. Ушундан кийин, падыша өзү каалап, атынан айтып чакырбаса, ал аял кайра анын алдына кире алчу эмес. 15 Мордохай асырап алган, өз агасы Абыгайылдын кызы Эстердин падышанын алдына кирер маалы келгенде, ал өкүмдардын гаремин көзөмөлдөгөн Хегайдын айткандарынан башка эч нерсе сураган жок. Эстер көргөндөрдүн баарына жакты. 16 Ахашверош падышанын бийлигинин жетинчи жылынын онунчу айында – тебейт айында Эстерди падыша сарайына алып келишти. 17 Өкүмдар Эстерди бардык аялдарынан көбүрөөк жактырып калды. Бардык башка кыздардын ичинен ал гана падышанын жүрөгүн ээлеп, көңүлүнө толду. Ошондуктан падыша ханышалык таажыны анын башына кийгизип, Баштинин ордуна ханыша кылды. 18 Анан падыша Эстердин урматына бардык төрөлөрү менен кызматкерлерине чоң той берди. Бардык дубандарга майрам күн жарыялап, падышалык марттык менен тартууларды таратты. Мордохайдын падышанын өмүрүн сактап калышы 19 Кыздарды экинчи жолу чогултушканда, Мордохай ак сарайда өз милдетин аткарып жаткан. 20 Эстер Мордохай буйругандай ата теги, өз эли жөнүндө эч нерсе айткан жок. Ал Мордохайдын айткан сөзүн анын колунда тарбияланып жаткан убактагыдай эле, азыр да так аткарып жатты. 21 Мордохай падыша сарайында кызмат кылып жаткан убакта, кире беришти кайтарган эки евнух: Биктан менен Тереш өкүмдарга кыянаттык кылууну ойлоп, Ахашверош падышаны өлтүрүүнү тымызын макулдашып жатышты. 22 Алардын ниетин Мордохай билип калып, ханыша Эстерге кабарлап койду. Эстер болсо аны Мордохайдын атынан өкүмдарга жеткирди. 23 Бул иш изилденип, чын болуп чыкты. Ошондо евнухтардын экөө тең дарга асылды. Бул окуя падышанын жылнаама китебине жазылып коюлду. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018