Эстер 10 - Инжил ЛС (2005)Мордохайдын зоболосунун көтөрүлүшү 1 Ахашверош падыша өз падышалыгындагы кургактыктан баштап деңиз аралдарына чейин салык салды. 2 Ахашвероштун күч-кубаты, кудурети жана бардык иштери, ошондой эле Мордохайга урмат көрсөтүп, анын даражасын жогорулаткандыгы жөнүндө «Мадай жана Персия падышаларынын жылнаамасы» китебине жазылган. 3 Иуда Мордохай даражасы боюнча Ахашверош падышадан кийинки экинчи адам болду. Ал өз элинин камын ойлоп, анын жыргалчылыгы жөнүндө гана сөз кылгандыктан, Мордохай иудалардын арасында кадыр-барктуу болуп, эли аны терең урматтаган. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018