Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 9 - Инжил ЛС (2005)

1 Кудай Нух менен анын уулдарына мындай деп батасын берди: «Өсүп-өнүп, тукумуңар көбөйүп, жерди толтургула.

2 Жер бетиндеги айбандар, асмандагы куштар, жер үстүндөгү майда жандыктар менен деңиздеги балыктардын баары силерден коркуп, үркүп турсун. Себеби алар силердин колуңарга берилди.

3 Бардык жаныбарлар силерге тамак болот. Өсүмдүктөрдү берген сыяктуу, Мен силерге баарын берип жатам.

4 Бирок канын агызбай туруп, этин жебегиле, себеби алардын жаны канында.

5 Эгер силердин да каныңар төгүлсө, Мен анын да кунун алам. Адамды өлтүргөн айбандан да, кишиден да кун алам.

6 Ким төксө канын адамдын, Анын да каны төгүлөт Башка адамдын колунан. Анткени Кудай адамды Өз бейнесиндей жараткан.

7 Силер болсо өсүп-өнүп, көбөйүп, жер бетине тарагыла».

8 Кудай Нухка жана анын уулдарына дагы мындай деди:

9 «Мына, Мен силер менен, келечек тукумдарыңар менен

10 жана силер менен бирге болгон бардык тирүү макулуктар – канаттуулар, мал, жапайы айбандар – силер менен бирге кемеден чыккан жер бетиндеги бардык жан-жаныбарлар менен келишим түзөм.

11 Мындан ары эч бир тирүү жан топон суудан кырылбайт жана жерди кыйрата турган топон суу эч качан болбойт деп силер менен келишим түзөм» – деди.

12 Анан Кудай дагы мындай деди: «Менин силер менен жана жаныңардагы жан бүткөндүн баары менен келечек урпактар үчүн түбөлүккө түзгөн келишимимдин белгиси бул:

13 Мен булут арасына көк желемди жайгаштырам, бул – Мени менен жерде жашагандардын ортосундагы келишимдин белгиси.

14 Мен жер үстүнө булут жибергенимде, алардын арасынан көк желе көрүнөт.

15 Ошондо Мен Өзүмдүн силер менен жана жан бүткөндүн баары менен түзгөн келишимимди эске аламын. Топон суу эми эч качан жандуу аттууну жок кылбайт.

16 Булуттун арасында турган көк желени көргөн сайын, Мен жерде жашоочулардын баары менен түбөлүккө түзгөн келишимимди эстеп турам».

17 Анан Кудай Нухка: «Бул Менин жерде жашоочу бардык тирүү жандар менен түзгөн келишимимдин белгиси», – деди.


Хамдын күнөөсү

18 Нухтун кемеден чыккан уулдарынын аттары: Шем, Хам, Жепет. Хам Канаандын атасы эле.

19 Булар Нухтун үч уулу эле, алардан жер жүзүндөгү бардык элдер тараган.

20 Нух жер айдап, биринчи болуп жүзүм отургузду.

21 Ал шарап ичип, мас болуп, чатырдын ичинде жылаңач жатып калды.

22 Канаандын атасы Хам өз атасынын жылаңач денесин көрүп, сыртка чыгып, муну эки бир тууганына айтты.

23 Шем менен Жепет болсо бир чапанды ийиндерине салып, арты менен ичкери киришти да, атасынын денесин жабышты. Алар башка жакты карап турушкандыктан, анын жылаңач денесин көрүшкөн жок.

24 Нух өзүнө келгенден кийин, кенже уулунун кылган ишин угуп,

25 мындай деди: «Каргыш тийсин Канаанга! Өз бир туугандарына Кулдун кулу болсун ал!»

26 Андан кийин ал: «Шемдин Кудай Эгеси Алкышталсын! Ал эми Канаан Шемге кул болсун!

27 Тынч жашатып Шем менен, Кенен кылсын Кудайым, Жепетимдин өрүшүн. Канаан ага кул болсун!» – деди.

28 Топон суудан кийин, Нух дагы 350 жыл өмүр сүрдү.

29 Нух бардыгы болуп 950 жыл жашап, дүйнөдөн өттү.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy