Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 8 - Инжил ЛС (2005)

1 Бирок Кудай Нухту жана аны менен бирге кемеде болгон жапайы айбандар менен малды эсинен чыгарган жок. Ал жер бетине шамал жиберип, суу тартыла баштады.

2 Тунгуюктагы булактар менен көптөгөн асман тосмолору жабылып, жаан басылды.

3 Жер жүзүндөгү суу тартылып отуруп, 150 күндөн кийин азайды.

4 Жетинчи айдын он жетинчи күнү болгондо, кеме Арарат тоолорунун үстүнө токтоду.

5 Суу жылдын онунчу айына чейин улам тартылып отуруп, ошол айдын биринчи күнү тоо чокулары көрүнө баштады.

6 Кырк күн өткөндө, Нух өзү жасаган кеменин терезесин ачып,

7 бир карганы сыртка учуруп жиберди. Карга жер кургаганча келип-кетип учуп жүрдү.

8 Андан кийин Нух жер бетиндеги суунун азайган-азайбаганын билүү үчүн бир кептерди сыртка учуруп жиберди.

9 Бирок кептер конорго жер таппай кемеге кайра келди, себеби бүт жер бетин алиге чейин суу каптап турган эле. Нух сыртка колун созуп, кептерди өз жанына, кемеге киргизип алды.

10 Жети күн күтүп, Нух кайрадан кептерди кемеден учуруп жиберди.

11 Кептер кечкурун кайтып келгенде караса, анын тумшугунда жаңы көктөгөн зайтун жалбырагы бар экен. Ошондо Нух жер бетиндеги суунун тартылганын билди.

12 Анан ал дагы жети күн күтүп, кептерди кайра сыртка учуруп жиберди. Бул жолу кептер кайрылып кайра келбеди.

13 Жер бетиндеги суу Нух 601 жашка толгон жылдын биринчи айынын биринчи күнү тартылган эле. Ал кеменин төбөсүн ачса, жер кургап калган экен.

14 Экинчи айдын жыйырма жетинчи күнү жер бети түгөл кургап бүттү.

15 Ошондо Кудай Нухка мындай деди:

16 «Аялың, уул-келиндериң болуп кемеден чыккыла.

17 Өзүң менен бирге бүт жаныбарларды – түрдүү куштарды, малды жана майда жаныбарларды сыртка алып чык, алар жер жүзүнө тарап, төлдөп көбөйсүн».

18 Нух уулдары, аялы жана келиндери менен бирге кемеден чыкты.

19 Бардык жаныбарлар, жер бетиндеги майда жандыктар менен куштар – бүт жаныбар аттуу түр-түрү менен кемеден чыкты.


Кудайдын Нухка берген убадасы

20 Нух Жараткан Эгеге атап курмандык жай курду. Анан адал малдын ар бир түрүнөн, адал куштун ар бир түрүнөн алып, курмандыкка чалып, бүт өрттөп жиберди.

21 Курмандыктардын жагымдуу жыты Жараткан Эгеге жеткенде, Ал Өз ичинен мындай деди: «Адам жаштайынан ниети жаман болсо да, Мен мындан ары эч качан жерди адамдардын айынан каргабайм, жердеги тирүү жандын баарын азыркыдай жок кылбайм.

22 Мындан кийин жер жер болуп турганда, эгүү-оруу, ысык-суук, жай менен кыш, күн менен түн токтобой боло берет».

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy