Башталыш 7 - Инжил ЛС (2005)Топон суу 1 Андан кийин Жараткан Эге Нухка мындай деди: «Үй ичиң менен кемеге кир! Себеби Мен замандаштарыңдын ичинен сенин гана Менин алдымда такыбаа экениңди көрдүм. 2-3 Жер бетинде тукуму сакталып калсын үчүн, өзүң менен адал жаныбарлардан эркек-ургаачы кылып жети жуптан, арам жаныбарлардын эркеги менен ургаачысынан бир-бирден, асмандагы куштардын ар бир түрүнөн – эркек менен ургаачысынан жети жуптан ал. 4 Анткени жети күн өткөн соң, Мен жер бетине кырк күн, кырк түн бою жаан жаадырам. Өзүм жараткан ар бир тирүү жанды жер бетинен жок кылам». 5 Нух бардыгын Жараткан Эге буюргандай кылды. 6 Жер бетин топон суу басканда, Нух 600 жашта эле. 7 Нух уулдары, аялы жана келиндери менен топон суудан аман калуу үчүн кемеге кирди. 8 Адал жана арам жаныбарлардын, куштардын, майда жаныбарлардын ар бири 9 – эркек-ургаачы болуп, жуп-жубу менен Нухка келип кемеге кирди. Нух бардыгын Кудай буюргандай кылды. 10 Жети күн өтүп, жер бетин топон суу каптай баштады. 11 Нух 600 жашка келгенде, экинчи айдын он жетисинде – дал ошол күнү терең тунгуюктагы бардык булактар атылып, асман тосмолору ачылды да, 12 жерге кырк күн, кырк түн жаан куюп турду. 13 Дал ошол күнү Нух, анын уулдары Шем, Хам жана Жепет, Нухтун аялы менен келиндери кемеге киришти. 14 Алар менен бирге бардык жапайы айбандардын, малдын, майда жаныбарлардын жана канаттуулардын ар бир түрү 15 жуп-жубу менен Нухка келип, кемеге кирди. 16 Ошентип, Кудай Нухка буйрук кылгандай, бардык айбандардан бир эркек, бир ургаачы кирди. Анан Жараткан Эге кеменин эшигин жапты. 17 Жер бетин кырк күн топон суу каптады да, ашып-ташып, кемени жерден көтөрдү. 18 Жер бетинде суу абдан көбөйүп ашып-ташыгандан, кеме суу үстүндө сүзө баштады. 19 Жер үстүндө суу дагы көбөйүп, көтөрүлгөндөн көтөрүлүп, асман алдындагы бийик тоолордун баарын басып калды. 20 Суу тоолордон он беш чыканак жогору көтөрүлүп, аларды көөмп калды. 21 Ошондо жер бетиндеги бардык тирүү макулуктар – куштар, мал, жапайы айбандар, жер үстүндөгү майда жаныбарлардын баары, бүт адамзат набыт болду. 22 Кургактагы жан бүткөндүн мүлдөсү кырылды. 23 Жер жүзүндөгүнүн баары жок болду – адамдан тартып, малга чейин, майда жаныбарлардан баштап, асмандагы куштарга чейин – баары тең жер бетинен жок болду. Нух менен бирге кеме ичинде болгондор гана аман калды. 24 Топон суу жер жүзүн 150 күн каптап турду. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018