Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 6 - Инжил ЛС (2005)


Жараткан Эгенин кайгыруусу

1 Жер бетинде адамдар көбөйүп, алардан кыздар да туулганда,

2 асман уулдары адамдардын кыздары сулуу экенин көрүп, жактыргандарын аял кылып ала башташты.

3 Ошондо Жараткан Эге: «Менин демим адам ичинде түбөлүк болбойт, анткени алар өлө турган пенделер. Эми адамдын өмүрү 120 жыл болсун», – деди.

4 Ал кезде, андан кийин да жер жүзүндө алп кишилер болгон. Алар асман уулдары адамдардын кыздарына жакындашканда туулган. Булар байыркы заманда элге таанымал баатырлар эле.

5 Жараткан Эге адамдардын жер бетинде кылган жамандыгы көп экенин көрдү. Алардын болгон ою, эси-дарты ар убак жамандык гана жасоо болуп калган.

6 Ошондо Жараткан Эге жер бетине адамзатты жаратканына кейип, жүрөгү сыздады.

7 Ошол үчүн Ал: «Мен Өзүм жараткан адамды, аны менен кошо малды, майда жаныбарларды жана канаттууларды да жер бетинен жоготом. Себеби аларды жаратканыма кейип турам», – деди.

8 Бирок Жараткан Эге Нухка ырайым кылды.


Кудайдын Нухту куткаруу ниети

9 Нухтун тарыхы мындай: Нух замандаштарынын арасында такыбаа, кынтыксыз жана Кудай менен жакын алакада жашаган адам эле.

10 Нухтун Шем, Хам жана Жепет деген үч уулу бар болчу.

11 Жер жүзү Кудайдын алдында абдан бузулуп, зулумдукка толду.

12 Кудай жер жүзүн карап, баары туура жолдон чыгып, бузулуп кеткенин көрдү.

13 Ошондо Ал Нухка мындай деди: «Мен баарын түгөл жок кылам. Алардын кесири тийип, жер үстү зулумдукка толду, ошондуктан аларды жер менен кошо жок кылам.

14 Сен кипарис жыгачынан чоң кеме кур, аны бөлмөлөргө бөлүп, ичи-сыртын кара чайыр менен майла.

15 Аны мындай жаса: узуну 300, туурасы элүү, бийиги отуз чыканак болсун.

16 Кеменин бастырмасын бир чыканак жогору кылып тургуз. Эшигин капталынан чыгар. Кеменин төмөнкү, ортоңку, жогорку кабаты болсун.

17 Билип ал, Мен асман астындагы жан бүткөндүн баарын жок кылуу үчүн жер бетине топон суу каптатамын. Жер үстүндөгүнүн баары кырылат.

18 Бирок сени менен келишим түзөм. Сен уулдарың, аялың жана келиндериң менен кемеге киресиң.

19 Жаныбарлардын ар бир түрүнөн жуп-жуптан – эркек менен ургаачысынан өзүң менен кошо кемеге алып киресиң, алар сени менен бирге аман калсын.

20 Тирүү калсын үчүн куштардын, малдын жана майда жаныбарлардын ар түрү – баары жуп-жубу менен сага келсин.

21 Өзүңө жана аларга азык боло турган тамак-аштын ар түрүнөн камдап ал».

22 Нух Кудай буйругандын баарын так аткарды.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy