Башталыш 5 - Инжил ЛС (2005)Адамдын тукуму 1 Адамдын санжырасы мындай: Кудай адамды жаратканда, аны Өзүнө окшош кылып жаратты. 2 Аларды эркек менен аял кылып жаратып, ошол күнү батасын берип, аларды «адам» деп атады. 3 Адам 130 жашка келгенде, өзүнө окшош, өз бейнесиндей уулдуу болуп, ага Шет деп ат койду. 4 Шет туулгандан кийин Адам 800 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздарды көрдү. 5 Адам бардыгы болуп 930 жыл жашап, дүйнө салды. 6 Шет 105 жашка келгенде, уулу Энош туулду. 7 Андан кийин Шет 807 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздарды көрдү. 8 Шет бардыгы болуп 912 жыл өмүр сүрүп, дүйнөдөн кайтты. 9 Энош токсон жашка келгенде, Кейнан туулду. 10 Кейнан туулгандан кийин, Энош 815 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздарды көрдү. 11 Энош бардыгы болуп 905 жыл өмүр сүрүп, дүйнөдөн кайтты. 12 Кейнан жетимиш жашка келгенде, Махалалел туулду. 13 Андан кийин Кейнан 840 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздарды көрдү. 14 Кейнан бардыгы болуп 910 жыл өмүр сүрүп, көз жумду. 15 Махалалел алтымыш беш жашка келгенде, Жерет туулду. 16 Жерет туулгандан кийин, Махалалел 830 жыл өмүр сүрүп, башка уул-кыздарды көрдү. 17 Махалалел бардыгы болуп 895 жыл өмүр сүрүп, көз жумду. 18 Жерет 162 жашка келгенде, Энох туулду. 19 Андан кийин Жерет 800 жыл жашап, башка да уул-кыздарды көрдү. 20 Жерет бардыгы болуп 962 жыл өмүр сүрүп, дүйнөдөн кайтты. 21 Энох алтымыш бешке келгенде, Метушелах туулду. 22 Метушелах туулган соң, Энох 300 жыл бою Кудай менен жакын алакада жашап, башка да уул-кыздарды көрдү. 23 Ал бардыгы болуп 365 жыл өмүр сүрдү. 24 Энох Кудай менен жакын алакада жашап, анан жер бетинен кайып болду, себеби Кудай аны Өзүнө алып кеткен эле. 25 Метушелах 187 жашка келгенде, Лемек туулду. 26 Лемек туулган соң, Метушелах 782 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздарды көрдү. 27 Метушелах бардыгы болуп 969 жыл өмүр сүрүп, дүйнөдөн өттү. 28 Лемек 182 жашка келгенде, уулдуу болду. 29 «Жараткан Эгенин каргышына калган жердин азабы үчүн тарткан мээнетибизди бул бала жеңилдетет» деп, ага Нух деген ат койду. 30 Нух туулгандан кийин, Лемек 595 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздарды көрдү. 31 Ал бардыгы болуп 777 жыл өмүр сүрүп, дүйнө салды. 32 Нух 500 жашка чыкканда, уулдары Шем, Хам жана Жепет туулду. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018