Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 43 - Инжил ЛС (2005)


Жакыптын балдарынын Мисирге экинчи сапары

1 Канаанда ачарчылык абдан катуу эле.

2 Мисирден алынып келген буудай түгөнгөндө, Жакып балдарына: – Дагы барып, бир аз дан сатып алып келгиле, – деди.

3 Иуда атасына: – Тигил киши «иниңер силер менен чогуу келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө» деп катуу эскерткен.

4 Эгер инибизди биз менен бирге жиберсеңиз, барып, сизге буудай алып келебиз,

5 эгер жибербесеңиз, анда барбайбыз. Себеби тиги киши «иниңер силер менен чогуу келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө» деген, – деди.

6 Анда Ысрайыл: – Эмнеге ал кишиге дагы бир иниңер бар экенин айтып, башыма балээни үйдүңөр? – деди.

7 – Ал биз тууралуу, биздин урук-туугандарыбыз тууралуу такып сурап: «Атаңардын көзү тирүүбү? Башка да бир тууганыңар барбы?» – дегенде, анын ушул суроолоруна жооп бердик. «Иниңерди ала келгиле» деп айтарын кайдан билдик? – дешти балдары.

8 Иуда болсо атасы Ысрайылга: – Баланы мени менен жибериңиз, азыр эле кетели. Ошондо, биз да, сиз да, балдарыбыз да өлбөй, аман калабыз.

9 Бала үчүн башым менен жооп берем, аны менден талап кыласыз. Эгер аны алдыңызга кайра алып келбесем, анда сиздин алдыңызда өмүрүм өткүчө айыпкер болоюн.

10 Биз убакытты созо бербегенде, эмгиче эки мерте барып келмекпиз, – деди.

11 Акыры атасы Ысрайыл аларга мындай деди: – Башка ылаажы болбосо, мындай кылгыла: бул жердин эң жакшы жемиштеринен – аз-аз бальзамдан, аз-аз балдан, жыттуу чайырдан, ладандан, мисте жана бадамдан жанагы кишиге ала баргыла.

12 Күмүштөн болсо мурдагыдан эки эсе көп алгыла, кабыңардын оозуна салынган күмүштү өз колуңар менен кайтарып беришиңер керек. Балким, жаңылыштык болгондур.

13 Иниңерди алып, тиги кишиге кайра баргыла.

14 Кудуреттүү Кудай ошол кишинин ниетине силерге деген ырайым салсын, ал берки бир тууганыңарды да, Бенжаминди да кайра жибергендей болсун. Эгерде балдарыман айрылышым керек болсо, айлам барбы, айрылам да.

15 Ошентип, алар белектерин, эки эсе көп күмүшүн, Бенжаминди алып, Мисирге жол тартышты. Мисирге жетип, Жусуптун алдына келишти.

16 Жусуп алардын жанындагы Бенжаминди көргөндө, үй башкаруучусуна мындай деди: «Бу кишилерди үйгө алып барып, мал союп, тамак даярда, булар түшкү тамакты мени менен бирге ичишет».

17 Үй башкаруучу Жусуптун айтканын орундатып, тигилерди анын үйүнө киргизди.

18 Өздөрүн Жусуптун үйүнүн алдына алып келишкенин көрүп, агалары коркуп бири-бирине: «Өткөндө каптарыбызга кайра салып койгон күмүш үчүн бизди ушул жерге алып келди. Ошону шылтоо кылып, бизге кол салып, кармап, эшектерибизди тартып алышат да, өзүбүздү кул кылышат», – дешти.

19 Анан босогого жеткенде, Жусуптун үй башкаруучусуна мындай дешти:

20 – Уруксат этсеңиз, мырзабыз, биз мурда да буудай сатып алганы бул жерге келгенбиз.

21 Кайра бараткан жолдо түнөгөнү токтогондо каптарыбызды ачсак, ар кимибиздин күмүшүбүз чыпчыргасы коробой каптын оозунда экен. Биз аларды кайра алып келдик.

22 Мындан сырткары, дагы буудай сатып алалы деп, өзүнчө да күмүш алып келдик. Тиги күмүшүбүздү кайра каптарыбызга ким салып койгонун билбейбиз.

23 Үй башкаруучу: – Кабатыр болбогула, коркпогула. Буудай сатып алалы деген күмүшүңөрдү мен толук алгам. Силердин жана ата-бабаңардын Кудайы күмүшүңөрдү кабыңарга салдырып койсо керек, – деди да, аларга Ысманды алып келди.

24 Ошентип, үй башкаруучу аларды Жусуптун үйүнө киргизип, суу берди. Алар буттарын жуушту. Башкаруучу алардын эшектерине да жем берди.

25 Жусуп түштө келерин билип, алар белектерин камдап коюшту, анткени ошол жерде тамак ичишерин угушкан эле.

26 Жусуп үйгө келгенде, алар белектерин ичкери алып келип, ага беришти да, анын алдында жерге жете ийилип, таазим этишти.

27 Жусуп алардын ден-соолугун сурап, анан: – Карыган атабыз бар дедиңер эле, ал киши барбы, сак-саламатпы? – деди.

28 – Кулуңуз – атабыз бар, ал сак-саламат, – дешип, алар дагы ийилип, таазим кылышты.

29 Жусуп тегерегин карап, жатындаш иниси Бенжаминди көрүп: – Силер мага айткан кенже иниңер ушулбу? Кудай сени жалгасын, балам! – деди да,

30 дароо сыртка чыгып кетти. Анткени бир тууганын көргөндө ичи элжиреп, ыйлап жиберейин деди. Ошол үчүн өз бөлмөсүнө кирип алып, өпкө кагып ыйлады.

31 Анан бетин чайып, сыртка чыкты да, өзүн кармап, кулдарына «тамак алып келгиле» деп буйруду.

32 Жусупка өзүнчө, анын бир туугандарына өзүнчө, Жусуп менен бир дасторкондо олтурган мисирликтерге өзүнчө тамак берилди. Себеби мисирликтер эврейлер менен бир дасторкондо олтуруп тамак ичишчү эмес, бул алар үчүн арам делинер эле.

33 Жусуп бир туугандарын маңдайына улуулата олтургузду, тигилер таң кала бири-бирин карашты.

34 Аларга Жусуптун дасторконунан тамак берилди. Бенжаминдин шыбагасы алардын ар бириникинен беш эсе көп болду. Алар Жусуп менен бирге ичип, алтургай, кызымтал болгуча көңүл ачышты.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy