Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 42 - Инжил ЛС (2005)


Жусуптун агаларынын Мисирге келиши

1 Жакып Мисирде буудай бар экенин билгенде, балдарына мындай деди: – Бир-бириңди карап олтура бересиңерби?

2 Мисирде буудай бар деп уктум, барып дан сатып келгиле, ачарчылыктан кырылып калбайлы.

3 Ошентип Жусуптун он агасы буудай сатып алганы Мисирге кетти.

4 Бирок Жакып Жусуптун иниси Бенжаминди алар менен кошо жибербеди. Себеби непада бир кырсыкка кабылбагай эле деп коркту.

5 Ошентип, буудай сатып алганы келгендер менен бирге Ысрайылдын уулдары да Мисирге келди. Анткени Канаанда да ачарчылык болуп жаткан.

6 Мисирдин башчысы Жусуп өлкөнүн бүт элине буудай сатып жаткан. Агалары келип, маңдайлары жерге тийгенче ийилип, таазим этишти.

7 Жусуп бир туугандарын көрөрү менен тааныса да, бирок таанымаксанга салып, жекире минтип сүйлөдү: – Силер кайдан келдиңер?! – Канаан жеринен, азык сатып алалы деп келдик, – дешти алар.

8 Жусуп бир туугандарын тааныса да, алар аны таанышкан жок.

9 Жусуп агалары тууралуу көргөн түштөрүн эстеди да, аларга: – Силер чалгынчысыңар! Өлкөбүздүн кайсы жери корголбогонун билгени келдиңер! – деди.

10 – Жок, төрөбүз! – дешти алар. – Биз кулдарыңыз азык сатып алганы келдик.

11 Баарыбыз бир атанын балдарыбыз. Түз жүргөн адамдарбыз. Биз, кулдарыңыз, чалгынчы болуп көргөн эмеспиз.

12 – Жок, силер өлкөбүздүн корголбогон жерлерин билгени келдиңер, – деди Жусуп аларга.

13 Алар: – Биз, кулдарыңыз, он эки бир тууганбыз. Биз Канаан жериндеги бир атанын балдарыбыз. Кенжебиз атабыздын жанында калды, бирөөсү болсо жок болгон, – деп жооп беришти.

14 – Силер чалгынчысыңар дедим беле, чалгынчысыңар! – деди аларга Жусуп.

15 – Силерди мындай кылып текшерем. Фараондун аты менен ант берем, кенже иниңер бул жерге келмейинче, силер бул жерден кетпейсиңер.

16 Араңардан бирөөнү жибергиле, ал барып, иниңерди алып келсин. Калганыңар камакта болосуңар. Сөзүңөрдүн жалган-чыны текшерилет. Эгер жалган болсо, фараондун аты менен ант берем, силердин чалгынчы экениңер анык.

17 Ошентип Жусуп аларды үч күн каматып койду.

18 Үчүнчү күнү Жусуп мындай деди: – Мен Кудайдан корккон, сөзүмө турган адаммын, айткандарымды аткарсаңар, аман каласыңар.

19 Эгерде түз жүргөн адамдар болсоңор, анда бирөөң камакта калып, калганыңар ач олтурган үй-бүлөңөргө буудай жеткиргиле.

20 Анан кенже иниңерди мага алып келгиле. Ошондо сөзүңөр чын экенин билем да, жаныңарды аман калтырам. Алар буга макул болушту.

21 Анан бири-бирине мындай дешти: «Инибизге жасаган ишибиздин жазасын тартып жатканыбыз анык. Ал бизге жалбарганда, кандай кыйналганын көрсөк да, укпай койбодук беле. Ошон үчүн башыбызга ушул мүшкүл түшүп олтурат».

22 Анан Рубен аларга: – Мен балага жамандык кылбагыла дебедим беле! Силер тил алган жоксуңар. Эми анын канынын кунун төлөп олтурабыз, – деди.

23 Жусуп алардын сөзүн түшүнгөнүн агалары билишкен жок. Себеби Жусуп алар менен тилмеч аркылуу сүйлөшкөн эле.

24 Жусуп алардан оолак барып, ыйлап жиберди. Анан кайра келип, алар менен сүйлөштү да, агаларынын арасынан Ысманды алып, баарынын көз алдында аны байлатты.

25 Анан алардын каптарын данга толтуруп, күмүштөрүн болсо өз-өз каптарына кайра салдырып, жолго тамак-ашын белендеп берүүнү буйруду. Айтканы айткандай орундалды.

26 Агалары данын эшектерине артып, жөнөп кетишти.

27 Түнөгөнү токтогон жерден бири эшегине жем берейин деп кабынын оозун чечкенде, анын оозундагы күмүшүн көрдү.

28 «Күмүшүмдү кайра бериптир, мынакей, ал кабымдын ичинде экен!» – деди ал бир туугандарына. Ошондо тигилердин жүрөгү түшүп, бири-биринен: «Кудайдын бул эмне кылганы?» – деп сурашты.

29 Алар Канаанга, атасы Жакыпка келишкенде, башынан өткөргөндөрүн төкпөй-чачпай мындай деп айтып беришти:

30 – Ошол жердин башчысы биз менен катаал сүйлөшүп, бизди жерди чалгындап жүрөсүңөр деди.

31 Биз болсо ага: «Биз түз жүргөн адамдарбыз, чалгынчы эмеспиз.

32 Он эки бир тууганбыз, бир атанын балдарыбыз. Бирөөсү жок болуп, а кенжебиз Канаанда атабыз менен калды», – дедик.

33 Тигил жердин башчысы: «Силердин түз жүргөн адамдардан экениңерди мындайча текшерем. Бир тууганыңардын бирин менин жанымда калтырып, калганыңар ачка олтурган туугандарыңарга буудай жеткизип бергиле.

34 Анан кенже иниңерди мага алып келгиле. Ошондо силердин чалгынчы эмес, түз жүргөн адамдар экениңерди билем. Бир тууганыңарды кайра коё берем, силер болсо бул жерде өз ишиңер менен жүрсөңөр болот», – деди.

35 Алар каптарын бошотуп жатканда, ар биринин кабынан өздөрүнүн түйүлүү күмүштөрү чыкты. Түйүлүү күмүштөрүн көргөндө, алар да, атасы да коркуп кетти.

36 Анан Жакып аларга: – Силер мени балдарымдан айрып жатасыңар. Жусуп жок, Ысман да жок, эми Бенжаминди да алып кетебиз дейсиңер. Башымдан шор кетпейт го! – деп кейиди.

37 Рубен ошондо: – Эгер Бенжаминди сизге кайра алып келбесем, анда эки уулумду өлтүрүп салсаңыз болот. Бенжаминди мага тапшырыңыз, аны сизге кайра алып келем, – деди.

38 – Жок, уулум силер менен барбайт, – деди Жакып. – Анын бир тууганы өлүп, өзү жалгыз калды. Жолдо бир кырсык болсо, менин ак баскан башымды кайгы менен көргө саласыңар.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy