Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 41 - Инжил ЛС (2005)


Жусуптун фараондун түшүн жорушу

1 Арадан толук эки жыл өткөндө, фараон түш көрдү. Түшүндө ал Нил дарыясынын жээгинде туруптур.

2 Дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, камыш арасында оттой баштады.

3 Алардын артынан көрүнүшү начар, арык жети уй чыгып, дарыянын жээгиндеги семиз уйлардын жанына келди.

4 Анан көрүнүшү начар, арык уйлар көрүнүшү жакшы, семиз уйларды жеп коюшту. Ушул жерден фараон ойгонуп кетти.

5 Анан кайра уктап кетип, башка түш көрдү. Түшүндө буудайдын бир сабагында бадырайган, жакшы жети машак өсүп туруптур.

6 Алардан кийин чыгыш шамалынан улам чүрүшүп, катып калган жети машак өсүп чыкты да,

7 жакшы, бадырайган машактарды жалмап койду. Ошондо фараон ойгонуп кетти. Бул түшү экен.

8 Таң заарда фараондун тынчы кетип, Мисирдеги олуялар менен акылмандарды түгөл чакыртып, аларга көргөн түшүн айтып берди. Бирок эч кимиси фараондун түшүн жоруй алган жок.

9 Ошондо башкы шарапчысы фараонго мындай деди: – Бүгүн бир айыбымды эстеп жатам, аны мойнума алам.

10 Бир күнү сиз, падышам, башкы наабайчы менен мага ачууланып, бизди сакчылардын башчысынын үйүндөгү зынданга каматып койгонсуз.

11 Бир жолу түндө ал жана мен, ар бирибиз өзүнчө мааниси бар түш көрдүк.

12 Ошол жерде биз менен бирге сакчылардын башчысынын кызматчысы, жаш эврей бар экен. Биз ага түштөрүбүздү айтып бергенде, ал ар бирөөбүзгө түшүбүздү жоруп берди.

13 Түшүбүздү кандай жоруса, баары дал ошондой болду: мен өз кызматыма кайттым, башкы наабайчы жыгачка асылды.

14 Фараон ошондо Жусупка киши жиберип, дароо зындандан алдырды. Жусуп чачын кырктырып, кийимдерин алмаштырган соң, фараондун алдына келди.

15 Фараон ага: – Мен түш көрдүм, бирок аны эч ким жоруй албады. Сени түш жоруйт деп уктум, – деди.

16 – Жоруй турган мен эмес, түштү сиз үчүн жакшылыкка Кудай Өзү жоруп берет, – деди Жусуп.

17 Ошондо фараон Жусупка мындай деди: – Түшүмдө Нил дарыясынын боюнда турган экемин.

18 Анан семиз, көрүнүшү жакшы жети уй дарыядан чыгып келип, камыштын арасында оттой баштады.

19 Алардын аркасынан арык, көрүнүшү начар, кабыргалары саналган дагы жети уй чыкты. Мен мындай көрүнүшү начар уйларды мурда Мисирден эч көргөн эмесмин.

20 Ошол арык, көрүнүшү начар уйлар семиз уйларды жеп коюшту.

21 Семиз уйлар алардын карынына кирсе да, киргени билинбей, жүдөгөн уйлар баягыдай эле көрүнүшү начар бойдон кала берди. Анан мен ойгонуп кеттим.

22 Кийин башка түш көрдүм. Буудайдын бир сабагына бадырайган, жакшы жети машак өсүп чыкты.

23 Алардын аркасынан чыгыш шамалынан улам соолуп, чүрүшүп, катып калган дагы жети машак өсүп чыкты да,

24 жети жакшы машакты жеп койду. Мен бул түштөрүмдү олуяларга айтып бердим, бирок эч кимиси жоруй алган жок.

25 Жусуп фараонго мындай деди: – Фараондун түштөрүнүн мааниси бир. Кудай фараонго жасай турган ишин билдириптир.

26 Жети жакшы уй – бул жети жыл, жети жакшы машак да – жети жыл. Түштөрдүн мааниси бир.

27 Алардан кийин чыккан арык, көрүнүшү начар жети уй менен чыгыш шамалынан улам чүрүшүп, катып калган машактар жети жыл ачарчылыкты билдирет.

28 «Кудай фараонго жасай турган ишин көрсөтүптүр» дегеним ушундан.

29 Бүткүл Мисир жеринде жети жыл молчулук болот.

30 Андан кийин жети жыл ачарчылык болуп, Мисир жеринде болгон молчулукту унуттурат. Бул ачарчылык жерди жабыркатат.

31 Кийин келген ачарчылык катаал болгондуктан, мурун болгон молчулуктун изи да калбайт.

32 Фараонго эки жолу кайталанып түш киргени – Кудай муну чечип, жакында аны ишке ашырары анык экенин билдирет.

33 Эми фараон акылман, иш билги бир адамды таап, аны Мисир жерине башкаруучу кылсын.

34 Жер-жерлерге атайын көзөмөлдөөчүлөрдү дайындап, алар жети жылдык молчулук убагында Мисирдеги түшүмдүн бештен бир бөлүгүн жыйнасын.

35 Алар алдыдагы, молчулук жылдарындагы эгин-тегиндин баарын фараондун бийлиги менен шаарларга жыйнап, сакташсын.

36 Ошол жыйналган түшүм Мисир жеринде боло турган жети жылдык ачкачылыкта азык болуп, эл аман калат.


Жусуптун баш вазирликке дайындалышы

37 Жусуптун бул ою фараон менен анын кызматкерлерине абдан жакты.

38 Фараон кызматчыларына: – Кудайдын Руху даарыган Жусуптай башка кишини кайдан табабыз? – деди.

39 Анан Жусупка: – Эгерде ушунун баарын Кудай сага айкын кылып жатса, анда, демек, сенден акылман жана иш билги адам жок.

40 Сен ак сарайымдын башчысы болосуң, бүт элим буйругуңа моюн сунат. Мен тактым менен гана сенден жогору болом, – деди.

41 Мен сени бүт Мисир жерине башчы кылдым, – деди фараон сөзүн улап.

42 Анан колундагы мөөр шакегин чыгарып, Жусуптун колуна салды. Үстүнө зыгыр чапан жаап, мойнуна алтын чынжыр такты.

43 Жусупту өзүнөн кийинки даражадагы кишиге арналган арабага олтургузуп, анын алдынан: «Таазим кылгыла!» – деп жар салууну буйруду. Ушинтип, Жусупту бүткүл Мисир элине башчы кылды.

44 Фараон Жусупка: – Мен фараонмун, бирок сенин уруксатыңсыз бүт Мисир жеринде эч ким эч нерсе кыла да албайт, эч жакка бара да албайт! – деди.

45 Фараон Жусупка Сапнат-Панеах деген ат коюп, аны Он шаарындагы дин кызматчы Потифердин кызы Асыйнатка үйлөндүрдү. Ошентип, Жусуп Мисир жерин кыдырганы кетти.

46 Жусуп Мисир падышасы фараондун кызматын кыла баштаганда отуз жашта эле. Ал фараондун ак сарайынан чыгып, бүтүн Мисир жерин кыдырып чыкты.

47 Берекелүү жети жыл бою жер мол түшүм берип турду.

48 Жусуп Мисир жеринен жети жыл ичинде алган эгинди бүт жыйнатып, шаарларга сактады. Ар бир шаарга анын айланасындагы талаалардагы түшүмдү жыйнатты.

49 Жусуп деңиз кумундай көп дан жыйнагандыктан, өлчөгөнүн да токтотту. Анткени дан өлчөмсүз көп эле.

50 Ачарчылыкка чейин Жусуп Он шаарынын дин кызматчысы Потифердин кызы Асыйнаттан эки уул көрдү.

51 «Кудай тарткан азаптарымдын баарын жана атамдын үйүн унуттурду», – деп, Жусуп тун уулун Менаше деп койду.

52 «Азап тарткан жерде Кудай менин өркүнүмдү өстүрдү» – деп, экинчи уулун Эпрайым деп койду.

53 Ошентип, Мисирдеги жети жылдык молчулук да аяктап,

54 Жусуп айткандай, жети жылдык ачарчылык башталды. Башка элдин баарында ачарчылык болуп, бирок бүт Мисир жеринде буудайдын кору бар эле.

55 Акыры, бүт Мисир жери да ачарчылыктан жабыркай баштаганда, эл фараонго жалбарып, буудай сурап келди. Фараон жамы журтка: «Жусупка баргыла да, анын айтканын кылгыла!» – деп жооп берди.

56 Ачарчылык бүт Мисир жерине келгенде, Жусуп бардык кампаларды ачтырып, мисирликтерге дан саттыра баштады. Ачарчылык болсо күчөгөндөн күчөй берди.

57 Жусуптан дан сатып алганы Мисирге төгөрөктүн төрт бурчунан эл келип жатты, анткени бүт жер жүзүндө ачарчылык алкымдан алып турган эле.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy