Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 40 - Инжил ЛС (2005)


Жусуптун камактагылардын түшүн жорушу

1 Арадан убакыт өтүп, Мисир падышасынын шарап сунуучусу менен наабайчысы кожоюну – Мисир падышасынын алдында айыптуу болуп калышты.

2 Фараон эки кызматкерине – башкы шарап сунуучу менен башкы наабайчыга ачууланып,

3 аларды сакчылар башчысынын үйүндөгү зынданга – Жусуп олтурган жерге каматты.

4 Сакчылар башчысы ошол туткундарды Жусупка тапшырып, алар үчүн жооптуу кылып койду. Ошентип, алар бир канча убакыт зынданда олтурушту.

5 Бир күнү Мисир падышасынын камактагы шарап сунуучусу менен наабайчысы экөө тең бир түндө өзгөчө мааниси бар эки башка түш көрүштү.

6 Жусуп таң атканда аларга келип, экөөнүн ындыны өчүп турганын көрдү.

7 Ал кожоюнунун үйүндө өзү менен бирге камакта олтурган фараон кызматчыларынан: – Эмнеге бүгүн сабырыңыздар суз? – деп сурады.

8 Алар: – Экөөбүз тең түш көрүп, жоруп берер киши жок, – дешти. – Түштүн жорулушу Кудайдан эмеспи? – деди Жусуп аларга. – Түшүңүздөрдү мага айтып берсеңиздер.

9 Ошондо башкы шарапчы Жусупка көргөн түшүн айтып берди: – Түшүмдө бет алдымда турган жүзүм сабагын көрдүм.

10 Анын үч бутагы бар экен. Бутактар бүчүр байлары менен гүлдөп, гүлдөрү дароо жүзүм болуп бышты.

11 Фараондун чөйчөгү колумда экен. Жүзүмдөн алып, фараондун чөйчөгүнө ширесин сыгып, чөйчөктү фараондун колуна сундум.

12 Жусуп ага мындай деди: – Түшүңүз мындай жорулат: үч бутак – бул үч күн дегени.

13 Үч күндөн кийин фараон сизди көтөрүп, мурунку кызматыңызга коёт. Мурдагыдай эле ага кайрадан шарап суна турган болосуз.

14 Ишиңиз оңунан чыкканда, мени эстеп, бир жакшылык кылыңыз. Фараонго мени айтып, бул үйдөн алып чыгыңыз.

15 Себеп дегенде, мени эврейлердин жеринен күчтөп алып келишкен. Бул жерде да зынданга камагыдай жамандык жасаган эмесмин.

16 Башкы наабайчы Жусуптун түштү жакшылыкка жоруганын көрүп, ага мындай деди: – Мен да түш көрдүм. Башымда үч себет бар экен.

17 Эң үстүнкү себетте фараонго арнап бышырылган түрдүү нан азыктары бар экен. Куштар башымдагы себеттен аларды чокуп жеп жатышыптыр.

18 – Түшүңүз мындай жорулат, – деди ага Жусуп. – Үч себет – бул үч күн дегени.

19 Үч күндөн кийин фараон башыңызды алып, жасатыңызды жыгачка астырат, анан куштар келип, денеңизди чокуп жешет.

20 Үч күн өтүп, фараон туулган күнүндө бардык кызматчыларына той берип, алардын алдында башкы шарап сунуучу менен башкы наабайчынын тагдырын чечти.

21 Анан башкы шарапчысын мурунку кызматына коюп, ал фараонго шарап суна турган болду.

22 Ал эми башкы наабайчыны болсо, Жусуп жоругандай, жыгачка астырды.

23 Башкы шарапчы Жусупту эстеген жок, аны жадынан чыгарды.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy