Башталыш 4 - Инжил ЛС (2005)Кабылдын күнөөсү 1 Адам аялы Обого жакындады. Обонун боюна бүтүп, Кабылды төрөдү да, «Жараткан Эгенин жардамы менен бала таптым», – деди. 2 Анан ал Кабылдын иниси Абылды төрөдү. Абыл койчу, ал эми Кабыл жер иштеткен дыйкан болду. 3 Убакыт өтүп, Кабыл Жараткан Эгеге жердин жемишинен, 4 Абыл болсо төл башыларынын майлуу жерлерин тартуу кылды. Жараткан Эге Абылга жана анын тартуусуна ыраазы болду, 5 ал эми Кабылга жана анын тартуусуна ыраазы болгон жок. Буга Кабыл катуу ачууланып, кабагы карыш түйүлдү. 6 Ошондо Жараткан Эге Кабылга: – Эмне ачууландың? Эмнеге кабагыңды карыш түйөсүң? 7 Эгер жакшы иш жасасаң, башыңды көтөрүп жүрбөйт белең? Эгер жакшы иш жасабасаң, байкагын, күнөө босогоңдо турат. Ал сени өзүнө тартат, бирок аны тизгинде, – деди. 8 Кабыл иниси Абыл менен сүйлөшүп, аны талаага алып барды. Анан Абылга кол салып, аны өлтүрүп койду. 9 Жараткан Эге Кабылдан: – Иниң Абыл кайда? – деп сурады. Ал: – Билбейм, мен, эмне, иниме кароолчу белем? – деп жооп берди. 10 Ошондо Жараткан Эге: – Бул эмне кылганың? Иниңдин төгүлгөн каны Мага жерден зар какшап, боздоп жатат! 11 Сен өзүң колдуу болгон иниңдин канын жуткан жердин каргышына калдың. 12 Бул жерди канча иштетсең да, ал сага берекесин бербейт. Сен жер үстүндө тентимиш да кыдырмыш болосуң, – деди. 13 Кабыл жооп берип: – Менин жазам көтөрө алгыс оор. 14 Бүгүн мени бул жерден кууп олтурасың, эми Сенин көзүңөн алыстап, жер үстүндө тентимиш да кыдырмыш болом. Мени туш келген адам өлтүрөт го, – деди. 15 Бирок Жараткан Эге: – Жок, сени эч ким өлтүрбөйт! Ким сени өлтүрсө, андан жети эсе өч алынат, – деди да, кезиккендер өлтүрүп койбосун үчүн ага белги салып койду. 16 Ошондо Кабыл Жараткан Эгенин көз алдынан кетип, Эдендин чыгышындагы Нод деген жерге отурукташты. Алгачкы элдин тарыхы 17 Кабыл аялына жакындады, аялы кош бойлуу болуп, Энохту төрөдү. Ошол убакта Кабыл шаар куруп жаткан. Ал шаарга уулу Энохтун атын койду. 18 Ал эми Энохтон Ират, Ираттан Махувол, Махуволдон Матушал, Матушалдан Лемек туулду. 19 Лемек эки аял алды, биринин ысмы Ада, бириники Зила эле. 20 Ададан Жабал туулду. Ал чатырларда жашап, мал баккандардын түпкү атасы болду. 21 Анын инисинин аты Жубал эле. Ал кыл аспап менен үйлөмө аспапта ойногондордун түпкү атасы болду. 22 Зиланын да Тубалкабыл аттуу бир уулу болгон. Ал коло менен темирден ар түркүн курал-жабдыктарды жасады. Тубалкабылдын карындашынын аты Наама эле. 23 Лемек аялдарына мындай деди: «Ада менен Зила, Мага кулак салгыла! Аялдары Лемектин, Сөзүмдү менин уккула! Жарадар кылган кишимди, Мени урган жаш уланды Аябастан өлтүрдүм. 24 Кабыл үчүн өч алынса жети эсе, Лемек үчүн жете эсеге Жетимиши да кошулат». Шет менен Эноштун туулушу 25 Адам Обого дагы жакындады. Аялы уул төрөп, анын атын Шет деп койду. Себеби ал: «Кабыл Абылды өлтүргөн соң, Кудай мага анын ордуна башка бир уул берди», – деди. 26 Шет да уулдуу болуп, ысмын Энош деп койду. Ошондон баштап адамдар Жараткан Эгенин атын чакырып сыйына башташты. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018