Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 39 - Инжил ЛС (2005)


Жусуптун кыйын учурда да ийгиликке жетиши

1 Ысмайыл уулдары Жусупту Мисирге алып келишкенде, фараондун кызматчысы, сакчылардын башчысы Потифар аны алардан сатып алды.

2 Жараткан Эге Жусуп менен бирге болуп, аны ийгилик коштоду. Ал мисирлик кожоюнунун үйүндө жашады.

3 Кожоюну Жараткан Эге Жусупка жар болгонун, анын жасаган ишинин баарын жалгаганын көрдү.

4 Жусуп кожоюнунун көңүлүнө жагып, анын жакын кызматчысы болуп калды. Ээси Жусупту үйүнө, бүт чарбасына башкаруучу кылды.

5 Кожоюну Жусупту үйүнө, мал-мүлкүнө башкаруучу кылгандан кийин, Жараткан Эге Жусуп үчүн мисирликтин үйүнө батасын берди. Анын үйүндөгү, талаасындагы мал-мүлкүнө берекесин төктү.

6 Потифар колунда болгондун баарын Жусупка табыштап, жеген тамагынан башка нерсе менен иши болбоду. Жусуп келбети келишкен жигит эле.


Жусуптун азгырыкка туш болушу

7 Арадан убакыт өтүп, Потифардын аялынын Жусупка көзү түшүп, «мени менен жат» деди.

8 Бирок Жусуп баш тартып, кожоюнунун аялына мындай деди: – Мына, кожоюнум мен турганда үйүндөгү эч бир ишке аралашпайт, ал болгон чарбасын мага тапшырган.

9 Бул үйдө менден чоң эч ким жок. Ал сизден башка эч нерсеге тыюу салган жок, себеби сиз аялысыз. Анан кантип ушундай чоң жамандык жасап, Кудай алдында күнөө кылам?

10 Аял күн сайын ушинтип айта берсе да, Жусуп аны менен жаткан да жок, жанына жологон да жок.

11 Бир күнү Жусуп өз иштерин жасоо үчүн үйгө кирди. Үйдө кызматчылардан эч ким жок эле.

12 Ошондо Потифардын аялы Жусуптун чапанынан шап кармап: «Мени менен жат!» – деди. Бирок Жусуп чапанын аялдын колунда калтырып, сыртка качып чыкты.

13 Аял Жусуптун чапанын калтырып, сыртка чыга качканын көргөндө,

14 үй кызматчыларын чакырып, аларга: – Карагыла, эрим жанагы эврейди бизди кордош үчүн алып келген экен да! Ал мени менен жатканы кирди эле, мен күчүм барынча бакырып жибердим.

15 Кыйкырып-бакырганымды уккан ал чапанын жаныма таштаган боюнча сыртка чыга качты, – деди.

16 Ошентип кожоюну үйгө келгенче, аял Жусуптун чапанын өзүндө кармап турду.

17 Анан бая айткандарын эрине кайталап: «Сен алып келген эврей кулуң мага келип, мени кордоюн деди.

18 Бирок мен катуу бакырып жибергенимде, чапанын таштай салып, тышка качып чыкты», – деди.

19 Жусуптун кожоюну аялынын: «Сенин кулуң мага ушинтти», – дегенин укканда, каары кайнады.

20 Ал Жусупту карматып, падышанын туткундары камалган зынданга салдырды. Жусуп зынданда болгондо да,

21 Жараткан Эге аны колдоп, ырайым кылып, зындан башчынын көңүлүн ага бургузду.

22 Зындан башчы болсо камактагы туткундардын баарын Жусуптун кол алдына берди. Жусуп ал жердеги бардык ишке жоопкер болду.

23 Зындан башчы Жусупка тапшырган жумуштун эч бирине кийлигишпеди, анткени Жараткан Эге Жусупту колдоп, анын ар бир ишин жалгап турду.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy