Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 38 - Инжил ЛС (2005)


Тамардын тагдыры

1 Ошол убакта Иуда бир туугандарынан бөлүнүп, адулламдык Хира деген кишинин жанына барып отурукташты.

2 Иуда ошол жерден канаандык Шаа дегендин кызын учуратып, ага үйлөндү да, анын жанына кирди.

3 Аялынын боюна бүтүп, уул төрөдү. Иуда ага Эр деген ат койду.

4 Аялы дагы кош бойлуу болуп, уул төрөдү да, анын атын Онан койду.

5 Ал дагы уул төрөп, анын атын Шела койду. Шела туулганда, Иуда Кезибде болчу.

6 Иуда тун уулу Эрди Тамар деген кызга үйлөнттү.

7 Жараткан Эге Иуданын тунгучу Эр жаман адам экенин көрүп, анын жанын алды.

8 Анан Иуда Онанга: – Агаңдын аялына үйлөнүп, кайнилик милдетиңди орундат. Агаңдан туяк калсын, – деди.

9 Онан болсо бала өзүнүкү болбосун билип, агасынын тукумун улагысы келбей, агасынын аялы менен жатканда, уругун жерге агызып салчу.

10 Анын мындай кылганы Жараткан Эгеге жакпагандыктан, Ал анын да жанын алды.

11 Ошондо Иуда Тамарга: – Атаңдын үйүнө барып, уулум Шела эр жеткенче жесир катары жашай тур, – деди. Себеби Иуда: «Шела да агаларына окшоп өлүп калбагай эле», – деп ойлогон. Ошентип, Тамар атасынын үйүнө кайтты.

12 Арадан көп убакыт өтүп, Шаанын кызы – Иуданын аялы кайтыш болду. Аза күтүү убагы бүткөндө, Иуда адулламдык досу Хира менен Тимнадагы койлорун кыркып жаткан адамдарга жөнөдү.

13 Кайнатасынын Тимнага кой кыркынга бара тургандыгын Тамарга айтышты.

14 Тамар ошондо жесирлик кийимин чечип, жамынчысын жамынып алып, Тимнага кетчү жолдогу Энайым шаар дарбазасынын жанына барып олтурду. Анткени Шела эр жетсе да, Иуда Тамарды Шелага алып берген эмес.

15 Тамардын жүзү жабык болгондуктан, Иуда аны көргөндө, сойку аял деп ойлоду.

16 Иуда жолдон бурулуп, анын жанына келди да, келини экенин билбей: – Жүр, сени менен жатайын, – деди. Тамар: – Жатсаңыз, акысына эмне бересиз? – деди.

17 Иуда: – Малымдан бир улак берип жиберем, – деди. – Улагыңыз келгенге чейин күрөөгө бир нерсе калтырыңыз, – деди Тамар.

18 Иуда: – Күрөөгө эмне берейин? – деп сурады. Тамар: – Мөөрүңүздү боосу менен, ага кошуп колуңуздагы таягыңызды да калтырыңыз, – деди. Иуда сурагандарын берип, аны менен жатты да, андан Тамардын боюна бүттү.

19 Тамар ал жерден кетти да, жамынчысын чечип, жесирдик кийимдерин кийди.

20 Иуда болсо адулламдык досуна улакты берип, күрөөгө калтырган буюмдарын алып келүүгө жиберди. Бирок Хира аялды таппады.

21 Хира ошол жерликтерден: – Энайымда, жол боюнда олтурчу жанагы аял кайда кеткен? – деп сурады. Алар болсо: – Бул жерде эч кандай аял олтурчу эмес, – деп жооп беришти.

22 Хира Иудага кайтып келип: – Аялды таба албадым. Энайымдыктар да ал жерде эч кандай аял болгон эмес дешти, – деди.

23 Иуда: – Мейли, буюмдарым анда кала берсин. Шылдың болбосок эле болду. Мен го улакты берип жибердим, бирок сен аялды таба албай келбедиңби, – деди.

24 Арадан үч ай өткөндөн кийин Иудага: «Келиниң Тамар аягы суюктук кылып, азыр кош бойлуу экен», – деген сөз жетти. Ошондо Иуда: – Аны сыртка алып чыгып, өрттөп жибергиле, – деди.

25 Тамарды үйүнөн алып чыгышканда, ал кайнатасына: «Мен мына бул буюмдардын ээсинен кош бойлуу болдум. Бул мөөр, мөөрдүн боосу жана таяк кимдики, тааныйсызбы?» – деп айттырып жиберди.

26 Иуда буюмдарын таанып: «Аныкы туура, мен аны уулум Шелага алып бербей койгом», – деди. Ушундан кийин Иуда Тамар менен жаткан жок.

27 Тамардын төрөй турган маалы келгенде, курсагында эгиз бала бар экени маалым болду.

28 Төрөт убагында балдардын бири колун чыгарды. Аначы аял «ушунусу биринчи төрөлдү» деп, баланын колун кармап, билегине кызыл жип байлап койду.

29 Бирок ал колун кайра тартып алды, анан биринчи анын бир тууганы төрөлдү. Аначы аял: «Сен кантип жол таап чыктың?» – деп, анын аты Перес коюлду.

30 Анын артынан колуна кызыл жип байланган бир тууганы төрөлдү. Ага Зерак деген ат коюлду.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy