Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 37 - Инжил ЛС (2005)


Жусуп жана анын аталаш бир туугандары

1 Жакып болсо атасы келгин болуп жашап өткөн Канаан жерине отурукташты.

2 Анын уулдарынын тарыхы мындай: Он жети жашар Жусуп агалары, Жакыптын Билха жана Зилпа деген аялынан төрөлгөн балдары менен атасынын коюн кайтарышып жүрдү. Ал атасына агаларынын жаман кылык-жоруктарын жеткирип турду.

3 Карыганда көргөн баласы болгондуктан, Ысрайыл Жусупту башка уулдарынан артык көрчү. Ал ага кооз чапан жасатып берди.

4 Атасынын Жусупту өздөрүнөн артык көрөрүн билип, агалары аны жек көрүшүп, ага жылуу сөз айта албай калышты.

5 Бир күнү Жусуп түш көрдү. Түшүн агаларына айтып бергенде, тигилер аны ого бетер жек көрүп калышты.

6 – Уксаңар, мен мындай түш көрдүм, – деди Жусуп аларга.

7 – Биз талаада буудай боолап жүрүптүрбүз. Аңгыча менин боом тикесинен тик туруп калды. Силердики болсо менин боомду тегеректеп алып, ага жүгүнүштү.

8 – Сен, эмне, бизге падыша болуп, башкарам дегени турасыңбы?! – дешти агалары. Көргөн түшү, айткан сөзү үчүн аны ого бетер жек көрүп калышты.

9 Жусуп кийин дагы түш көрүп, аны да агаларына айтып берди: – Уксаңар, мен дагы түш көрдүм. Түшүмдө күн, ай жана он бир жылдыз мага жүгүнүштү.

10 Ал бул түшүн атасына да айтып бергенде, атасы: – Деги сен эмне деген түш көрдүң!? Мен да, энең да, агаларың да сенин алдыңа келип, жерге жете ийилип, жүгүнөт экенбиз да? – деп урушту.

11 Агаларынын ичтери күйүп, атасы болсо анын сөздөрүн жадына сактап калды.


Жусуптун кулчулукка сатылышы

12 Жусуптун агалары атасынын коюн бакканы Шекемге кетишкенде,

13 Ысрайыл Жусупка мындай деди: – Агаларың Шекемде кой кайтарып жүргөнүн билесиң. Аларга барып кел. Жусуп: – Куп болот, – деди.

14 Ошондо атасы: – Барып, агаларың сак-саламат, мал-жаны аман экенин көрүп, кабар алып кел, – деп аны Хеврон өрөөнүнөн Шекемге жөнөттү. Жусуп Шекемге жетип,

15 талаада адашып жүргөндө, бир киши көрүп: – Эмне издеп жүрөсүң? – деп сурады.

16 Жусуп: – Агаларымды издеп жүрөм. Кой-эчкилерин кайсы жерде кайтарып жүргөнүн билесизби? – деди.

17 Тиги киши: – Алар бул жактан кетип калышкан. Мен алардын «Дотанга баралы» дегенин уккам, – деди. Жусуп агаларынын артынан барып, аларды Дотандан тапты.

18 Агалары Жусупту алыстан көрүп, ал жакын келгенче, аны өлтүрөбүз деп макулдашышты.

19 Алар бири-бирине: «Тигине, түш көргүч мырзабыз келатат.

20 Келгиле, көзүн тазалайлы да, сөөгүн чуңкурлардын бирине таштап салалы. Анан жырткыч айбанга жем болуптур дейбиз. Анан баягы түшүнүн эмне болорун көрөбүз», – дешти.

21 Рубен муну укканда, Жусупту алардын колунан куткармакчы болуп: – Жок, өлтүрбөйлү! – деди.

22 Анан дагы: – Кан төкпөгүлө, аны ээн талаадагы чуңкурга таштагыла, ага колуңар тийбесин! – деди. Рубен Жусупту тигилердин колунан куткарып, аны атасына кайтарайын деген ниетте ушундай деди.

23 Жусуп агаларына келери менен алар үстүндөгү чапанын, анын кооз чапанын чечип алып,

24 өзүн болсо кургап калган бош чуңкурга таштап жиберишти.

25 Анан алар тамактанганы олтурушканда, төөлөрүнө ар түрдүү жыттуу чайырлар менен майларды артып, Гилаттан Мисирге бараткан Ысмайыл уулдарынын кербенин көрүп калышты.

26 Ошондо Иуда бир туугандарына мындай деди: – Инибизди өлтүрүп, канын жашырганыбыздан не пайда?

27 Андан көрө, аны Ысмайыл уулдарына саталы, анын канына забын болбойбуз, себеби ал биздин кандаш бир тууганыбыз да, – деди. Бир туугандары буга макул болушту.

28 Мидияндык соодагерлер жанынан өтүп баратышканда, агалары Жусупту чуңкурдан чыгарышып, аны Ысмайыл уулдарына жыйырма шекел күмүшкө сатып жиберишти. Алар Жусупту Мисирге алып кетишти.

29 Рубен кайра чуңкурга келип, Жусуптун анда жок экенин көргөндө, кайгыдан кийимин айрып жиберди.

30 Анан бир туугандарына келди да: – Бала жок! Эми кайда барамын? – деди.

31 Ошондо алар бир улакты союп, Жусуптун чапанын канга малышты да,

32 аны атасына алып барып: – Биз мына муну таптык. Карасаңыз, ата, бул уулуңуздун чапаны эмеспи? – дешти.

33 Жакып чапанды таанып: – Бул баламдын чапаны! Ал жырткычка жем болгон турбайбы! Жусубумду жырткыч жарып кетиптир! – деди.

34 Жакып кийимин айрып, зумбалдан аза кийим кийип, уулун көп күн жоктоп ыйлады.

35 Уул-кыздары түгөл келип, жубатса да, ал кулак салбай: «Уулумдун жанына, о дүйнөгө баргыча мен кайгырып жүрүп өтөрмүн», – деп уулун жоктоп аза күттү.

36 Бул арада мидияндар Жусупту Мисирге алып барып, фараондун кызматчысы, сакчылардын башчысы Потиферге сатып жиберишти.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy