Башталыш 36 - Инжил ЛС (2005)Эсаптан тарагандар 1 Эдом атка конгон Эсаптын санжырасы мындай. 2 Эсап канаандык кыздарга үйлөнгөн. Биринчи аялы хет элинен чыккан Элондун кызы Ада болчу. Экинчиси Ананын кызы Охолибама эле. Охолибама хип элинен чыккан Зибондун небереси болчу. 3 Үчүнчүсү Ысмайылдын кызы, Наваёттун карындашы Басмат эле. 4 Ададан Элифаз, Басматтан Ревуел, 5 Охолибамадан Жууш, Жалам, Корах туулган. Булар – Эсаптын Канаанда туулган уулдары. 6 Эсап аялдарын, уул-кыздарын, кул-күңдөрүн жана Канаанда тапкан бардык мал-мүлкүн алып, иниси Жакыптан башка жакка көчүп кетти. 7 Анткени экөөнүн мал-мүлкү көп болгондуктан, бирге жашай албай калышкан. Отурукташкан жери малдын көптүгүнөн алар үчүн тар болуп калган. 8 Ушул себептен Эсап, же Эдом, Сеир тоолоруна барып жайланышты. 9 Сеир тоолорундагы эдомдуктардын түп атасы Эсаптын санжырасы мындай. 10 Эсаптын уулдарынын ысымдары: Ада деген аялынан Элифаз, Басмат деген аялынан Ревуел. 11 Элифаздын уулдары: Теман, Омор, Зефо, Гатам, Кеназ. 12 Тимна Эсаптын уулу Элифаздын токолу болгон, ал күйөөсүнө Амаликти төрөп берген. Эсаптын аялы Аданын уулдары ушулар. 13 Ревуелдин уулдары болсо булар: Нахат, Зерах, Шамма, Мизза. Булар – Эсаптын аялы Басматтын неберелери. 14 Зибондун небереси, Ананын кызы Охолибама күйөөсү Эсапка төрөп берген уулдары: Жууш, Жалам, Корах. 15 Эсаптан тараган уруу башчылары булар. Эсаптын тун уулу Элифаздын уулдары: Теман башчы, Омор башчы, Зефо башчы, Кеназ башчы, 16 Корах башчы, Гатам башчы, Амалик башчы. Булар – Эдом жеринде Элифаздын тукумунан чыккан башчылар, Аданын неберелери. 17 Эсаптын уулу Ревуелдин уулдары: Нахат, Зерах, Шамма, Мизза. Булар – Эдомдогу Ревуелдин тукумунан чыккан башчылар, Эсаптын аялы Басматтын неберелери. 18 Эсаптын аялы Охолибаманын уулдары: Жууш, Жалам, Корах. Булар – Ананын кызы, Эсаптын аялы Охолибамадан тараган башчылар. 19 Булардын баары Эсаптын, же Эдомдун урпактары жана анын уруу башчылары. Сеирдин урпактары 20 Эдом жеринде жашаган хори элинен чыккан Сеирдин уулдары булар: Латан, Шабал, Зибон, Ана, 21 Дишон, Эзер, Дишан. Булар – Сеирдин уулдары, Эдом жеринде жашаган хори элинин уруу башчылары. 22 Латандын уулдары: Хори менен Хемам. Тимна Латандын карындашы эле. 23 Шабалдын уулдары: Алван, Манахат, Эйбал, Шефо, Онам. 24 Зибондун уулдары: Ая жана Ана. Атасы Зибондун эшектерин кайтарып жүрүп, чөлдөн ысык булак таап алган Ана ушул. 25 Ананын балдары: уулу Дишон жана кызы Охолибама. 26 Дишондун уулдары: Хемдан, Эшбан, Итран, Керан. 27 Эзердин уулдары: Билхан, Заабан, Акан. 28 Дишандын уулдары: Уз менен Аран. 29 Хори элинин уруу башчылары булар: Латан башчы, Шабал башчы, Зибон башчы, Ана башчы, 30 Дишон башчы, Эзер башчы, Дишан башчы. Булар Сеир жериндеги хори элинин уруу башчылары эле. Эдом падышалары 31 Ысрайыл элинде падыша боло электе, Эдом элинде төмөндөгү падышалар бийлик жүргүзгөн: 32 Беор уулу Бела Эдом падышасы болду. Анын шаарынын аты Динхаба эле. 33 Бела дүйнө салгандан кийин, анын ордуна Зерахтын уулу Жабап падыша болду. Ал Босра шаарынан эле. 34 Жабап кайтыш болгондон кийин, Теман жеринен Хушам падыша болду. 35 Хушам кайтыш болгон соң, Маап жеринде мидияндарды кыйраткан, Бедаттын уулу Хадат падыша болду. Анын шаарынын аты Абыт эле. 36 Хадат көз жумгандан кийин, анын ордуна Самла падыша болду. Ал Масрека шаарынан эле. 37 Самла каза болгондон кийин, анын ордуна Шабыл падыша болду. Ал дарыя боюндагы Рехобот шаарынан болчу. 38 Шабыл кайтыш болгон соң, анын ордуна Акбардын уулу Баал-Канаан падыша болду. 39 Акбардын уулу Баал-Канаан көз жумгандан кийин, анын ордуна Хадар падыша болду. Анын шаарынын аты – Поо, аялынын аты – Мехетабыл. Мехетабыл Матреттин кызы, Матрет Мезахаптын кызы эле. 40 Эсаптын уруулары, жерлерине карай бөлүнгөн уруу башчыларынын ысымдары мындай: Тимна, Алба, Жетет, 41 Охолибама, Эла, Пинон, 42 Кеназ, Теман, Мипсар, 43 Магдиел жана Ирам. Өздөрү ээлеген жерге өз ысымдарын ыйгарган Эдом башчылары ушулар. Эдомдуктардын түпкү атасы Эсап эле. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018