Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 35 - Инжил ЛС (2005)


Жакыптын Бейтелге кайтышы

1 Кудай Жакыпка: «Бейтелге бар да ошол жерге жаша. Ал жерге Мага, агаң Эсаптан качып баратканыңда көрүнгөн Кудайыңа арнап курмандык жай кур», – деди.

2 Ошентип Жакып үйүндөгүлөргө, жанындагы адамдарынын баарына мындай деди: – Бөтөн кудайларыңарды ыргыткыла, тазаланып, кийимиңерди алмаштыргыла.

3 Бул жерден Бейтелге көчөбүз. Башыма оор күн түшкөндө жардам берип, кайда барсам жанымда болгон Кудайга арнап ошол жерге курмандык жай курам, – деди.

4 Баары колдорундагы бөтөн кудайларын, кулактарындагы сөйкөлөрүн Жакыпка беришти. Жакып аларды Шекемдин жанындагы эмендин түбүнө көөмп салды.

5 Анан алар жолго чыгышты. Кудай ошол тегеректеги шаарлардын тургундарынын жүрөк үшүн алгандыктан, эч ким алардын изине түшүп, кубалаган жок.

6 Жакып жанындагы бардык адамдары менен Канаан жериндеги азыр Бейтел деп аталган Лузга келип,

7 ал жерге курмандык жай куруп, аны Бейтелдин Кудайы деп атады, анткени агасынан качып баратканда, Кудай ага ошол жерден көрүнгөн.

8 Ошол кезде Рабиганын эмчек энеси Дебора каза болуп, Бейтелдин жанындагы эмендин түбүнө жерге берилди. Ошондуктан Жакып ал эменди «Жоктоо эмени» деп атады.

9 Жакып Паддан-Арамдан кайтып келгенде, Кудай дагы бир ирет көрүнүп, батасын берди.

10 «Жакып эле ысымың Эми Жакып аталбай, Ысрайыл болосуң», – деп, Кудай аны Ысрайыл атады.

11 Кудай ага дагы мындай деди: «Кудурети күчтүү Кудаймын. Өркүнүң өсүп, көбөйгүн. Тукумдап сенден эл чыгат, Ал турсун тарайт көп элдер, Тукумуңан өзүңдүн Падышалар да чыгат.

12 Ыбрайым менен Ыскакка Энчилеген бул жерди Сага жана болочок Тукумуңа беремин».

13 Ушундай деп, Кудай Жакыпка сүйлөгөн жерден көтөрүлүп кетти.

14 Жакып Кудай өзүнө сүйлөгөн жерге таш тургузуп, эстелик кылып, анын үстүнө Кудайга атап ичимдик тартуусун жана зайтун майын куйду.

15 Ал Кудай өзүнө сүйлөгөн жерди Бейтел деп атады.


Бейт-Лехемге бараткандагы кайгылуу окуя

16 Алар Бейтелден чыгып, Эфратага аз калганда, Рахелдин толгоосу келип, төрөтү оор болду.

17 Ал төрөттөн катуу кыйналып жатканда, аначы аял: «Коркпо, сен дагы уул төрөдүң», – деди.

18 Рахел жаны үзүлөрдө баланын ысмын Бенони деп кетти. Атасы болсо анын атын Бенжамин деп койду.

19 Ошентип Рахел көз жуумп, азыр Бейт-Лехем аталган Эфратага бараткан жолдун боюна коюлду.

20 Жакып анын мүрзөсүнө моло таш орнотту. Рахелдин эстелик ташы азыр да бар.

21 Анан Ысрайыл дагы көчүп, Эдер мунарасынын ары жагына чатырын тикти.

22 Ысрайыл ошол жерде жашап жатканда, Рубен атасынын токолу Билханын жанына кирди. Муну атасы да укту. Жакыптын он эки уулу бар эле.


Жакыптын уулдары

23 Леянын уулдары: Жакыптын тун уулу Рубен, Ысман, Леби, Иуда, Ысахар жана Забулун.

24 Рахелдин уулдары: Жусуп менен Бенжамин.

25 Рахелдин күңү Билханын уулдары: Дан менен Напталы.

26 Леянын күңү Зилпанын уулдары: Гад менен Ашыр. Булар Жакыптын Паддан-Арамда туулган уулдары.

27 Жакып Мамредеги Кирият-Арбага, атасы Ыскакка келди. Кирият-Арба – бул азыркы Хеврон. Ал жерде Ыбрайым менен Ыскак келгин болуп жашаган.

28 Ыскак 180 жыл жашап,

29 узак өмүр сүрүп, карыганда, дүйнө салып, ата-бабасына кошулду. Уулдары Эсап менен Жакып анын сөөгүн жерге беришти.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy