Башталыш 32 - Инжил ЛС (2005)Жакыптын Эсап менен жолугууга камданышы 1 Жакып андан ары жолун улантты. Бир маалда алдынан Кудайдын периштелери чыкты. 2 Аларды көргөндө: «Бул Кудай аскерлеринин ордосу тура», – деп, ал жерди Маханаим деп атады. 3 Жакып өзүнөн мурун Эдом жерине, Сеир өлкөсүнө, агасы Эсапка кабарчыларды жиберип, 4 аларга ушундай буйрук берди: «Эсап мырзама кулуңуз Жакып мындай айттырды дегиле: ушул кезге чейин Лабандыкында болуп, келбей жүрдүм. 5 Менин өгүздөрүм, эшектерим, майда жандыгым, кулдарым жана күңдөрүм бар. Сиздин ырайымыңызга ээ болуу үчүн ушул кабарды айттырып жатам». 6 Кабарчылар кайра келип, Жакыпка: «Агаңыз Эсапка барып келдик. Ал сизди тосуп алууга келатат, жанында 400 кишиси бар», – дешти. 7 Муну укканда Жакыптын үрөйү учуп, абдан коркуп кетти. Ал адамдарын, майда жана кара малын, төөлөрүн эки топко бөлдү. 8 Жакып: «Эгер Эсап келип, топтун бирин кырып таштаса, экинчиси качып кутулат», – деп ойлоду. 9 Анан ал минтип сыйынды: «Бабам Ыбрайымдын, өз атам Ыскактын Кудайы! Оо, Жараткан Эгем! Сен мага „өзүңдүн эли-жериңе кайт, Мен сага жакшылык кылам“ деген элең. 10 Көрсөткөн бардык боорукердигиң менен жакшылыгыңа мен, кулуң, татыктуу эмесмин. Анткени Иордандан куу таяк менен өтүп келдим эле, азыр болсо эки топ менен баратам. 11 Мени агам Эсаптан сактай көр! Ал келип, мени, бала-чакамды аялдарым менен кошо өлтүрөбү деп коркуп жатам. 12 Сен мага „сага жакшылык кылам, тукумуңду деңиздеги кумдай сан жеткис кылам“ дегенсиң». 13-15 Жакып түнү ошол жерде болду. Анан колундагы малынан 200 баш эчки, жыйырма баш теке, 200 баш кой, жыйырма баш кочкор, отуз саан инген ботолору менен, кырк баш уй, он баш букачар, жыйырма ургаачы эшек жана он айгыр эшекти бөлүп алып, агасы Эсапка тартуу иретинде жөнөттү. 16 Аларды топ-топко бөлүп, ар бирин бирден кулдун колуна берди да, кулдарына: «Менин алдыман жүрүп, топтордун ортосундагы аралыкты сактагыла», – деди. 17 Анан башында бараткан кулга ушундай буйрук берди: – Агам Эсап жолугуп: «Сен кимдин кулусуң? Кайда баратасың? Айдаган малың кимдики?» – деп сураганда, 18 ага: «Кулуңуз Жакыптыкы. Бул мырзам Эсапка берилген тартуу. Өзү да артыбыздан келе жатат», – дешиң керек. 19 Жакып малды айдап бараткан экинчи, үчүнчү жана башка кулдарынын баарына: – Эсапка жолукканыңарда, силер да ушуну айткыла. 20 «Кулуңуз Жакып да артыбыздан келе жатат» дегиле, – деп буйрук берди. Себеби Жакып: «Өзүмдөн мурун жиберген тартууларым менен анын көңүлүн жибитейин, мүмкүн, ошондо мени жакшы кабыл этер», – деп ойлоду. 21 Ошентип, Жакып тартууларын көз алдынан өткөрүп, жөнөтүп жиберди да, өзү болсо конгон жеринде түнөп калды. Жакыптын Бирөө менен күрөшүүсү 22 Ошол эле түнү Жакып туруп, эки аялын, эки күңүн жана он бир баласын алып, Жабак дарыясындагы кечүүдөн өткөрдү. 23 Аларды дарыядан өткөргөн соң, болгон мүлкүн да өткөзүп, 24 өзү болсо берки өйүздө жалгыз калды. Ошондо кимдир бирөө аны менен таң сүргүчө күрөшүп чыкты. 25 Ал Жакыпты жеңе албасын билип, жамбашына тийип жибергенде, анын жамбашы чыгып кетти. 26 – Мени коё бер, таң сүрүп баратат, – деди ал. Бирок Жакып Ага: – Мага батаңды бермейинче, коё бербейм, – деди. 27 – Атың ким? – деди тиги. – Жакып, – деди ал. 28 – Мындан ары ысмың Жакып эмес, Ысрайыл болсун. Анткени сен Кудай жана адамдар менен күрөшүп, жеңип чыктың. 29 – Атыңды айтчы, – деди Жакып. Ошондо тиги: – Эмнеге атымды сурап жатасың? – деди. Анан ал Жакыпка батасын берди. 30 Жакып «Мен Кудайды бетме-бет көрсөм да, аман калдым», – деп ал жерди Пениел деп атады. 31 Жакып Пениелден кетип баратканда, күн чыкты. Ал жамбашы ооруп, аксап баратты. 32 Кудай Жакыптын жамбаш тарамышын мертинткен үчүн, ысрайылдар ушу күнгө чейин жамбаштагы тарамышты жешпейт. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018