Башталыш 31 - Инжил ЛС (2005)Жакыптын Лабандан качып чыгышы 1 Жакып Лабандын балдарынын: «Жакып атабыздын колундагыны түгөл тартып алып, мал-мүлкүн анын эсебинен чогултту», – дегенин угуп калды. 2 Ал Лабандын да ырайы бузулуп, мурдагыдай болбой калганын байкады. 3 Ошондо Жараткан Эге Жакыпка: «Ата-бабаларың менен туугандарыңдын жерине кайт, Мен сени колдойм», – деди. 4 Ошентип, Жакып Рахел менен Леяны малы турган талаага чакыртып алып, 5 аларга мындай деди: – Атаңардын ырайы мурдагыдай эмес. Бирок ата-бабаларымдын Кудайы мени колдоду. 6 Силер өзүңөр билгендей, мен атаңарга бар күчүмдү аянбай кызмат кылдым. 7 Атаңар болсо мени алдап, далай жолу эмгек акымды өзгөрттү. Кудай гана андан мени сактады. 8 Ал: «Темгили бар мал сенин кызмат акың болсун» дегенде, малдын баары темгил тууду, «чаары кызмат акың болсун», – дегенде, малдын баары чаар тууду. 9 Ошентип, Кудай атаңардын малын андан алып, мага берди. 10 Куут убагында түш көрсөм, кууган малдын баары эле ала-кула, темгил, тагы бар экен. 11 Анан мага Кудайдын периштеси: «Жакып!» – деди. Мен: «Кулагым сенде», – деп жооп кайтардым. 12 «Карачы, – деди Ал, – кууган текелердин баары ала-кула, темгил, чаар. Анткени Лабандын сага эмне кылып жатканын бүт көрдүм. 13 Мен Бейтелден сага жолуккан Кудаймын. Ал жерден өзүң таш эстеликке май куюп, Мага ант берген элең. Эми бул жерден кетип, туулган жериңе кайт». 14 Ошондо Рахел менен Лея Жакыпка мындай дешти: – Эмне, атабыздын үйүндө бизге берер үлүш, энчиси калды беле? 15 Ал бизди бөлөк-бөтөн немедей көрүп калган. Бизди сатып, биз үчүн эмне алса, ошонун баарын жеп койду. 16 Атабыздан Кудай тартып алган байлыктын баары – биздин жана балдарыбыздын энчиси. Андыктан Кудай сага эмне десе, ошону кыл. 17 Жакып дароо балдары менен аялдарын төөлөргө мингизди. 18 Ал малынын баарын алдына салып, Паддан-Арамда тапкан бүт мүлкүн алып, атасы Ыскакка, Канаан жерине жөнөдү. 19 Лабан кой кыркынга кеткенде, Рахел атасынын буркандарын уурдап алды. 20 Жакып болсо кетип жатканын айтпай, арамилик Лабанды алдап кетти. 21 Ал бардык тапкан-ташыгандарын алып качып, Эвфрат дарыясын кечип өттү да, Гилат тоосуна бет алды. 22 Үчүнчү күнү Жакыптын кеткени тууралуу Лабанга кабар жетти. 23 Ал туугандарын алып, Жакыптын аркасынан түштү да, жети күн кубалап, тоолуу Гилат аймагынан кууп жетти. 24 Бирок түндө Кудай арамилик Лабандын түшүнө кирип, ага: «Абайла, Жакыпка жаман да, жакшы да сөз айтпагын!» – деди. 25 Лабан Жакыпты кууп жеткенде, Жакып тоолуу Гилат аймагына чатырын тигип койгон болчу. 26 Анан Лабан Жакыпка мындай деди: – Бул эмне кылганың? Мени алдапсың, кыздарымды колго түшкөн туткундай алып качыптырсың. 27 Эмнеге мага айтпай, жашыруун кеттиң. Мага айтканыңда, оюн-күлкү менен, дап кактырып, лира черттирип узатат элем го? 28 Сен мага неберелерим менен кыздарымды өптүрүп, жакшы баргыла дедирткен жоксуң. Бул кылганың – акмакчылык! 29 Кечээги түнү ата-бабаларыңдын Кудайы түшүмө кирип: «Абайла, Жакыпка жаман да, жакшы да сөз айтпагын!» – дебегенде, сага жамандык кылганга кудуретим жетмек. 30 Сен өзүң кетсең бир жөн, атаңдын үйүн сагынгандырсың. Бирок эмнеге буркандарымды уурдап кеттиң? 31 – Качканым, кыздарыңызды тартып аласыз деп корктум, – деди Жакып ага жооп берип. 32 – А буркандарыңызды кимден тапсаңыз, ал тирүү калбасын. Ага-туугандардын көзүнчө карап чыгыңыз. Эгер менден бир нерсеңиз табылса, алып кетиңиз! Лабандын буркандарын Рахел уурдап алганын Жакып билген эмес. 33 Лабан Жакыптын, Леянын жана эки күңдүн чатырынан карап, таба албады. Леянын чатырынан чыгып, Рахелдин чатырына кирди. 34 Рахел болсо буркандарды төөнүн чомунун алдына коюп, үстүнө олтуруп алган эле. Лабан чатырды толук аңтарып чыгып да буркандарын таппады. 35 Рахел атасына: – Ордуман турбаганыма ачууланбаңыз, ата. Аялзатынын оорусуна кабылган учурум, – деди. Ошентип, Лабан баарын карап чыгып, буркандарын таба албады. Жакыптын жөн жерден ачууланышы 36 Ошондо Жакыптын ачуусу келип, Лабан менен мындай деп уруша кетти: – Аркамдан сая түшкүдөй, айыбым кайсы? Мен эмне күнөө кылдым? 37 Буюмдарымдын баарын аңтарып чыгып, өзүңүзгө караштуу бирдеме таптыңызбы? Кана, тапсаңыз, аны бул жерге, туугандарыбыздын алдында көрсөтпөйсүзбү? Экөөбүзгө алар калыс болушсун. 38 Мен жыйырма жыл сиздикинде болдум. Кой-эчкилериңиз ара тууган жок, оторуңуздагы кочкорлордон жеп алган жокмун. 39 Ит-куш жеген малыңызды сизге алып барбай, ордун өзүм тургуздум. Күндүз жоголгонун да, түндө жоголгонун да менин эсебимден алып турдуңуз. 40 Мен күндүз ысыктан, түнү сууктан куурадым, уйку бетин көрбөдүм. 41 Үйүңүздөгү жыйырма жылым ушинтип өттү. Он төрт жыл эки кызыңыз үчүн, алты жыл малыңыз үчүн кызмат өтөдүм, сиз болсо кызмат акымды далай жолу өзгөрттүңүз. 42 Эгерде бабам Ыбрайымдын Кудайы менен атам Ыскак корккон Кудай мага жар болбогондо, сиз мени куру кол кууп жибермексиз. Бирок Кудай тарткан азабымды, кылган мээнетимди көрүп, кечээ түнү таламымды талашты. Жакып менен Лабандын келишим түзүшү 43 Ошондо Лабан Жакыпка мындай деп жооп берди: – Бул кыздар – менин кыздарым, бул балдар – менин балдарым. Бул мал да менин малым. Көрүп турганыңдын баары – меники. Бирок кыздарыма, алардан туулган балдарыма бирдеме кыла аламбы? 44 Кел, экөөбүз келишим түзөлү, ортобузда аны эстетип турган күбө болсун. 45 Ошондо Жакып бир ташты алып, аны эстелик кылып тургузуп койду. 46 Анан туугандарына «таш жыйнап келгиле» деп буйрук берди. Алар таш жыйнап келип, дөбө үйүштү да, жанына дасторкон жайып олтурушту. 47 Лабан ал дөбөнү Жыгар-Саадута деп, Жакып болсо Галет деп атады. 48 Анан Лабан: – Ушул таш дөбө экөөбүзгө күбө болсун, – деди. Ошондуктан ал жер Галет аталып калды. 49 Ошондой эле Миспа деп да аталды. Анткени Лабан: «Экөөбүз эки жакка кеткенде, Жараткан Эгенин көзү ар бирибиздин үстүбүздө болсун. 50 Эгерде кыздарыма жаман мамиле кылып, алардын үстүнө аял алсаң, анда муну көрүп турган адам болбосо да, Кудай Өзү күбө болот», – деди. 51 Лабан Жакыпка жана мындай деди: – Мынакей, мына бул таш дөбө менен экөөбүздүн ортобузга мен орноткон эстелик. 52 Булар биздин келишимге күбө болуп, экөөбүздүн ортобузда турат. Мен сага жамандык кылыш үчүн ушул дөбөдөн ары өтүп барбайм, сен да мага жамандык жасаш үчүн бери өтпөйсүң. 53 Ыбрайым менен Нахордун Кудайы, алардын ата-бабаларынын Кудайы ортобузга калыс болсун. Анан Жакып атасы Ыскак корккон Кудайдын аты менен ант берди. 54 Анан тоонун башында курмандык чалып, туугандарын тамакка чакырды. Алар тамактанган соң, тоодо түнөп калышты. 55 Эртеси Лабан эрте туруп, неберелери менен кыздарын өөп, аларга батасын берди да, кайрылып үйүнө кетти. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018