Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 30 - Инжил ЛС (2005)

1 Рахел Жакыпка бала төрөп бербегендиктен эжесине ичи күйүп, Жакыпка: – Мага бала бериңиз, болбосо өлөм! – деди.

2 Жакып Рахелге ачуусу келип: – Мен, эмне, сени куу этек кылган Кудай белем? – деди.

3 Рахел: – Анда күңүм Билха менен жатыңыз. Ал этегиме төрөп берсин, анын аркасы менен балалуу болоюн, – деди да,

4 күңү Билханы күйөөсүнө алып берди. Жакып Билха менен жатты.

5 Билханын боюна бүтүп, Жакыпка уул төрөп берди.

6 Ошондо Рахел: «Кудай мени актады. Үнүмдү угуп, мага уул берди», – деп, уулунун ысмын Дан койду.

7 Рахелдин күңү Билханын дагы боюна бүтүп, Жакыпка экинчи уулун төрөп берди.

8 Рахел анан: «Эжем менен катуу таймашып, жеңип чыктым», – деди да балага Напталы деген ат койду.

9 Лея төрөтү токтогонун көрүп, күңү Зилпаны Жакыпка алып берди.

10 Леянын күңү Зилпа Жакыпка уул төрөп берди.

11 Лея: «Жолум болду», – деп балага Гад деген ат койду.

12 Леянын күңү Зилпа Жакыпка экинчи уулун төрөп берди.

13 Ошондо Лея: «Мен кандай бактылуумун! Эми мени аялдар „бактылуу“ дей турган болушат!» – деп, уулунун атын Ашыр койду.

14 Буудай оруу маалында Рубен талаага барып, мээр чөп таап алды да аны энесине алып келди. Ошондо Рахел Леяга: – Уулуңдун мээр чөбүнөн мага да берчи, – деди.

15 Лея болсо: – Күйөөмдү ээлеп алганың аз келгенсип, эми уулумдун мээр чөбүн да алгың барбы! – деди. Рахел ага: – Мейли, уулуңдун мээр чөбүнүн ордуна эрим бул түнү сени менен жатсын, – деди.

16 Жакып кечкурун талаадан келгенде, Лея алдынан тосуп чыгып: – Бүл түнү мени менен жатыңыз, сизди уулумдун мээр чөбүнө сатып алдым, – деди. Ошентип, Жакып ошол түнү Лея менен жатты.

17 Кудай Леяга назарын буруп, анын боюна бүтүп, Жакыпка бешинчи уулун төрөп берди.

18 Анан ал: «Кудай күңүмдү күйөөмө бергенимдин акысын кайтарды», – деп, баланын ысмын Ысахар койду.

19 Леянын дагы боюна бүтүп, Жакыпка алтынчы уулун төрөдү.

20 Ошондо Лея мындай деди: – Кудай мага сонун белек берди. Эми күйөөм мени сыйлап, урматтайт, анткени мен ага алты уул төрөп бердим, – деди да баласынын ысмын Забулун койду.

21 Кийин кыз төрөп, атын Дина деп койду.

22 Кудай Рахелди унуткан жок. Ал аны угуп, этегин жалгады.

23 Рахелдин боюна бүтүп, уул төрөдү. Ал: «Кудай мени шылдыңдан куткарды», – деди.

24 Анан «Жараткан Эге мага дагы бир уул берсин» деп, уулуна Жусуп деген ат койду.


Жакып менен Лабандын келишими

25 Рахел Жусупту төрөгөн соң, Жакып Лабанга мындай деди: – Мени коё бериңиз, эл-жериме кайтайын.

26 Аялдарым менен балдарым үчүн кызматыңызды кылдым, аларды бериңиз, эми кетейин. Сизге канча кызмат кылганымды өзүңүз билесиз.

27 Лабан: – Ырайым этип, сөзүмө кулак салып койчу! Жараткан Эге мени сен үчүн жалгаганын төлгө ачтырып билдим.

28 Кызмат акыңды өзүң быч, төлөп берейин, – деди.

29 – Сизге кылган кызматымды, мен барда малыңыз кандай болгонун билесиз.

30 Мага чейин саналуу гана малыңыз болсо, азыр абдан көбөйдү. Мен келгенден бери Жараткан Эге сизге берекесин берди. Бирок өз үйүм үчүн качан иштейм? – деди Жакып.

31 – Сага эмне берейин? – деди Лабан. – Мага эч нерсе бербеңиз. Эгер менин шартыма көнсөңүз, коюңузду кайтарып, бага берем, – деди Жакып. –

32 Бүгүн малыңызды түгөл аралап чыгып, андан ар бир ала-кула жана темгилдүү койду, анан дагы койдун карасын жана эчкилердин ала-кула жана темгилдүүлөрүн бөлүп коёюн. Булар менин кызмат акым болсун.

33 Кийин кызмат акымды текшергени келгениңизде, актыгым ушундан билинсин: менден ала-кула, темгил, кара эмес кой-эчки тапсаңыз, аларды сизден уурдалган деңиз.

34 – Макул, – деди Лабан, – сен айткандай болсун.

35 Лабан ошол эле күнү ала-кула, чаар текелерди, ала-кула, темгилдүү эчкилерди жана кара койлорду – баарын оторунан бөлүп, балдарынын колуна тапшырды.

36 Алар Жакыптан ары үч күндүк жолго көчүп кетишти. Жакып Лабандын калган койлорун карап кала берди.

37 Жакып теректин, бадамдын жана чынар дарагынын жаш чырпыктарынан кесип алды да, аларды ала-кула кылып аарчып,

38 мал суу иче турган ноолорго салып койду. Анткени кой-эчки суу ичкени келгенде кууттан чыкчу.

39 Ошентип, кой-эчки чырпыктарды карап, кууттан чыккандан кийин, алардан чаар, темгил, ала-кула козу-улактар туулуп жатты.

40 Жакып козу-улактарды өзү үчүн бөлүп, койлорду Лабандын ала-кула жана кара малы жакты каратып койду. Жакып ушундай жол менен менчик малдуу болуп, аларды Лабандын малына аралаштырган жок.

41 Малдын семизи келгенде, алар чырпыктарды карап, кууттан чыксын деп, чырпыктарды ноого салып койчу да,

42 арык мал келсе, салчу эмес. Ошентип арык малдан туулганы Лабанга, семиз малдан туулганы Жакыпка тийип турду.

43 Жакып ошентип абдан байып кетти. Анын малы, күңдөрү менен кулдары, төөлөрү менен эшектери көбөйдү.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy