Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 3 - Инжил ЛС (2005)


Биринчи күнөө

1 Кудай Эге жараткан айбандардын ичинен эң куусу жылан эле. Ал аялдан: – Кудайдын силерге бактагы бир дагы дарактын жемишинен жебегиле дегени чынбы? – деп сурады.

2 Аял жыланга: – Жок, бактагы дарактардын жемишинен жесек болот.

3 Бирок Кудай: «Бактын ортосунда турган дарактын жемишинен жебегиле, ага тийбегиле, антпесе өлөсүңөр», – деп айткан, – деп жооп берди.

4 Ошондо жылан аялга: – Жок, өлбөйсүңөр!

5 Кайра, силер ушул жемишти жеген кезде көзүңөр ачылып, эмне жакшы, эмне жаман экенин айырмалап, Анын Өзүнө окшоп каларыңарды Кудай жакшы билет, – деди.

6 Аял дарактын жемишинин жегенге жакшы, көз жоосун алган сонун экенин көрүп, акылдуу кыларын билип, жегиси келди. Жемишти үзүп алып жеди да, жанындагы күйөөсүнө берип, ал да жеди.

7 Ошол замат экөөнүн көздөрү ачылып, өздөрүнүн жылаңач экенин билишти. Анан анжир жалбырактарынан алжапкыч жасап алышты.

8 Кечки жел соккон кезде, адам аялы экөө Кудай Эгенин бак ичинде жүргөн дабышын угуп, дарактардын арасына жашынып калышты.

9 Ошондо Кудай Эге: – Каяктасың? – деп адамды чакырды.

10 Ошондо ал: – Бакта жүргөнүңдү угуп, коркуп кеттим. Себеби мен жылаңачмын, ошол үчүн жашынып калдым, – деп жооп берди.

11 Кудай Эге адамдан: – Жылаңачсың деп сага ким айтты? Мен жегенге тыюу салган дарактын жемишинен жедиңби? – деп сурады.

12 Ал: – Мага Өзүң берген аял ошол дарактын жемишинен берди, мен жедим, – деди.

13 Кудай Эге аялдан: – Бул эмне кылганың? – деп сурады. – Жылан мени алдады, мен жедим, – деди аял.


Кудайдын өкүмү жана убадасы

14 Ошондо Кудай Эге жыланга: – Ушундай кылганың үчүн бардык мал менен жапайы айбандардын ичинен сага каргыш тийсин. Өмүр бою жер менен сойлоп, топурак жеп өт!

15 Аял экөөңөрдү, сенин тукумуң менен анын тукумун кас кылам. Аялдын тукуму башыңды жанчыйт, сен анын согончогун чагасың, – деди.

16 Ал эми аялга мындай деди: – Кош бойлуу кезиңде азабыңды көбөйткөндөн көбөйтөм, балдарыңды кыйналып төрөйсүң. Сен күйөөңө куштар болосуң, ал болсо сени башкарат.

17 Ал эми адамга мындай деди: – Аялыңдын тилин алып, Мен тыюу салган дарактын жемишинен жеген сенин кесириңден жердин кыртышы каргышка калды! Мындан кийин өмүр бою азап тартып наныңды жерден таап жейсиң.

18 Сен талаада өскөн дандуу өсүмдүктөрдөн жейсиң. Жердин топурагы сага уйгак-тикен өстүрөт.

19 Өзүң жаралган жердин койнуна кайтып барганча, жээр наныңды маңдай териң менен табасың. Сен топурактан жаралдың, кайра топуракка кайтасың!


Адам менен Обонун Эденден куулушу

20 Адам аялына Обо деген ат койду. Себеби ал жердеги жашоочулардын түпкү энеси болду.

21 Кудай Жараткан Эге адам менен анын аялына териден кийим жасап, кийиндирди.

22 Андан кийин Ал мындай деди: «Мына, адам жаман-жакшыны билип, Биз сыяктуу болуп калды. Эми колун созуп, өлбөс өмүр бере турган дарактын жемишинен да үзүп алып жеп, түбөлүк жашап калбасын».

23 Ошентип, Кудай Жараткан Эге адамды өзү жаратылган жерди иштетсин деп, Эден багынан кууп чыкты.

24 Адамды кууп чыккандан кийин, өмүр бере турган даракка алып барчу жолду күзөтүү үчүн Эден багынын чыгыш жагына керуптарды жана туш тарапка айланып турган оттуу кылычты коюп койду.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy