Башталыш 29 - Инжил ЛС (2005)Жакыптын чыгыштагы туугандарына келиши 1 Жакып жолун улантып, чыгышта жашагандардын жерине келди. 2 Анан ошол жердеги талаадан кудукту, анын айланасында жуушап жаткан үч короо койду көрдү. Анткени койлорду ушул кудуктан сугарышчу. Анын оозунда чоң таш бар эле. 3 Койлордун баары ушул кудукка чогулганда, койчулар оозундагы ташты жылдырып, койлорун сугарышчу. Анан ташты кайра мурдагы ордуна, кудуктун оозуна жылдырып коюшчу. 4 – Туугандар, – деди Жакып аларга, – кайсы жерденсиңер? – Харанданбыз, – деди тигилер. 5 – Нахордун небереси Лабанды тааныйсыңарбы? – Тааныйбыз. 6 – Ал сак-саламат жүрөбү? – Ооба, сак-саламат жүрөт, тигине, кызы Рахел кою менен келатат. 7 – Күн эрте го, койлорду чогултчу убак боло элек, сугарып алып, жайытка айдап барбайсыңарбы. 8 – Койлордун баары келмейин, анте албайбыз. Баары келгенде, анан кудуктун оозундагы ташты жылдырып, сугарабыз. 9 Жакып алар менен сүйлөшүп турганда, кой кайтарган Рахел атасынын койлору менен келип калды. 10 Жакып таякеси Лабандын кызы Рахелди жана тууганынын малын көргөндө, кудук оозунан ташты жылдырды да таякесинин койлорун сугарды. 11 Анан Рахелди өөп, бакырып ыйлап, 12 өзүн «атаңдын жээнимин, Рабиганын уулумун» деп тааныштырды. Рахел жүгүрүп барып, атасына кабар берди. 13 Лабан жээни Жакып тууралуу угары менен, алдынан чуркап тосуп чыгып, кучактап өөп, үйүнө алып келди. Анан Жакып ага баарын айтып берди. 14 Ошондо Лабан: – Ооба, чын эле менин бир боорумсуң, – деди. Жакып Лабандын үйүндө бир ай тургандан кийин, 15 Лабан ага мындай деди: – Тууганым болгонуң үчүн эле сен мага бекер кызмат кылышың керекпи? Айтчы, кызмат акыңа эмне берейин? 16 Лабандын эки кызы болуп, улуусунун аты Лея, кичүүсүнүн аты Рахел эле. 17 Лея көздөрү сүйкүмдүү, Рахел болсо келбети келишип, чырайлуу эле. 18 Жакып Рахелге ашык болуп, ошол үчүн: – Кенже кызыңыз Рахел үчүн сизге жети жыл иштеп берейин, – деди. 19 Лабан: – Башкага бергенден көрө, сага бергеним артык. Меникинде жашай бер, – деди. 20 Рахел үчүн Жакып жети жыл иштеди. Рахелди жакшы көргөндүктөн, бул жети жыл ал үчүн жети күндөй өтүп кетти. 21 Анан Жакып Лабанга: «Убадалашкан убакыт келди, колуктумду бериңиз», – деди. 22 Лабан ошол жердеги бүт элди чакырып, той берди. 23 Бирок кечинде кызы Леяны алып келип, Жакыптын үстүнө киргизди, Жакып аны менен жатты. 24 Лабан күңү Зилпаны Леяга күң кылып берди. 25 Жакып таң атканда туруп караса, жанында Лея жатыптыр! – Бул эмне кылганыңыз? – деди Жакып Лабанга. – Мен сизге Рахел үчүн кызмат кылбадымбы? Эмнеге мени алдадыңыз? 26 Лабан: – Сиңдисин эжесинен мурда күйөөгө берген биздин салтта жок. 27 Жети күн той бүткүчө күтө тур, анан дагы жети жылдык кызматың үчүн Рахелди да беребиз, – деди. 28 Жакып буга көнүп, ошол жума бүткүчө Лея менен болду. Анан Лабан ага кызы Рахелди да аял кылып берди. 29 Лабан күңү Билханы Рахелге күңдүккө берди. 30 Жакып Рахел менен да жатты. Ал Леяга караганда Рахелди көбүрөөк жакшы көрчү. Ал үчүн Лабанга дагы жети жыл кызмат кылды. Жакыптын бала-бакырасы 31 Жараткан Эге Жакыптын Леяга көңүлү жок экенин көрүп, анын этегин жалгады, Рахел болсо төрөгөн жок. 32 Леянын боюна бүтүп, уул төрөдү. «Жараткан Эге бейтаалай экенимди көрдү, эми күйөөм мени жакшы көрүп калат», – деп, уулуна Рубен деп ат койду. 33 Ушундан соң дагы кош бойлуу болуп, жана бир уул төрөдү. «Күйөөмдүн мага көңүлү жок экенин көрүп, Жараткан Эге бул уулду да берди» деп, ага Ысман деген ат койду. 34 Кайра кош бойлуу болуп, уул төрөп: «Эми күйөөм мага байланат, анткени мен ага үч уул төрөп бердим», – деп, бул уулуна Леби деген ат койду. 35 Анан кайра кош бойлуу болуп, уул төрөп: «Бул жолу мен Жараткан Эгеге алкыш айтам», – деп, ага Иуда деген ат койду. Анан анын төрөтү токтоду. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018