Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 28 - Инжил ЛС (2005)

1 Ыскак Жакыпты чакырып алып, ага батасын берип, мындай деди: – Канаандыктардан аял алба.

2 Паддан-Арамдагы таятаң Бетуелдикине барып, ошол жердик таякең Лабандын кыздарынын бирине үйлөн.

3 Кудуреттүү Кудай сени жалгап, тукумуңду көбөйткөндөн көбөйтүп, сенден көп эл чыксын.

4 Ал Ыбрайымга берген батасын сага жана сенин тукумуңа берсин. Кудай Ыбрайымга берген, сен азыр жашап турган ушул жер энчиңе тийсин.

5 Ошентип Ыскак Жакып менен коштошту. Жакып Паддан-Арамга, өзүнүн жана Эсаптын энеси Рабиганын агасына, арамилик Бетуелдин уулу Лабандыкына кетти.


Эсаптын Ысмайылдын кыздарынан аял алышы

6 Эсап атасынын Жакыпка батасын берип, аял алуу үчүн Паддан-Арамга жөнөткөнүн жана «канаандыктардан аял алба» дегенин,

7 Жакып ата-энесинин тилин алып, Паддан-Арамга кеткенин билди.

8 Атасынын канаандык кыздарды жактырбаганын Эсап түшүндү.

9 Ошондуктан ал Ыбрайымдын уулу Ысмайылга барып, аялдарынын үстүнө Ысмайылдын кызы, Наваёттун карындашы Махалатты аял кылып алды.


Жакыптын Бейтелде көргөн түшү

10 Жакып Бээр-Шевадан чыгып, Харанга бет алды.

11 Күн батканда бир жерге келип, түнөгөнү токтоду. Ошол жерден бир таш алып, аны жазданып, уктаганы жатты.

12 Түшүнө жерден асманга чейин жетип турган бир шаты кирди. Ошол шаты менен периштелер түшүп-чыгып жатышкан экен.

13 Шатынын башында Жараткан Эгенин Өзү туруптур. Ал мындай деди: «Мен Жараткан Эге, бабаң Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын, сен жаткан жерди сага жана сенин тукумуңа берем.

14 Алар жер бетиндеги кумдай көп болуп, батыш менен чыгышка, түндүк менен түштүккө жайылат да, сен жана сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер Менин батамды алышат.

15 Мен сени менен биргемин. Кайда барсаң да, коргоп, кайра ушул жерге алып келем. Сага берген убадамдын баарын аткарамын, сени таштап кетпеймин».

16 Жакып ойгонду да: «Чын эле Жараткан Эге ушул жерде экен. Мен муну билбептирмин!» – деди.

17 Анан коркуп кетип, мындай деди: «Бул жүрөк үшүн алган жер экен! Бул Кудайдын турагы, бул асман дарбазасы турбайбы!» – деди.

18 Жакып таң эртелеп турду да, башына жаздаган ташты алып, эстелик кылып орнотуп, үстүнө Кудайга атап зайтун майын куйду.

19 Анан ал жерди Бейтел деп атады. Мурда ал шаардын аты Луз болчу.

20 Анан Жакып мындай деп ант берди: «Эгер Кудай мени колдосо, бара турган ушу жолумда мени коргосо, жээрге нан, киерге кийим берсе,

21 атамдын үйүнө аман-эсен алып келсе, анда Жараткан Эге Кудайым болот.

22 Мен эстелик кылып орноткон мына бул таш Кудайдын үйү болот. Мага бере турганыңдын баарынан Сага ондон бирин бөлүп берем».

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy