Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 27 - Инжил ЛС (2005)


Жакыптын Ыскактын батасын алышы

1 Ыскак карып, көзү көрбөй калды. Ал улуу баласы Эсапты чакырып алып: – Уулум, – деди. – Ии, ата, – деди Эсап.

2 – Мына, мен карыдым, качан өлөрүмдү билбейм, – деди Ыскак.

3 – Жаа, саадагыңды алып, талаага барып, мен үчүн аң уулап,

4 анан мен жакшы көргөн тамакты жасап, алып келип бер. Жеп, көзүмдүн тирүүсүндө сага батамды берип калайын.

5 Ыскак ушундай деп жатканда, Рабига баарын угуп турган. Анан, Эсап аң уулаганы кеткенде,

6 ал уулу Жакыпка мындай деди: – Мен азыр эле атаңдын Эсапка:

7 «Мен үчүн аң уулап келип, этин бышырып бер. Аны жеп, анан көзүмдүн тирүүсүндө Жараткан Эгенин алдында сага батамды берип калайын», – деп жатканын уктум.

8 Эми, уулум, айтканыма кулак салып, тилимди ал.

9 Малга барып, улактардын семизинен экини алып кел, мен атаңдын жакшы көргөн тамагын бышырып берейин.

10 Аны атаңа алып бар, ал жеп, көзү тирүүсүндө сага батасын берсин.

11 Бирок Жакып энесине: – Агам Эсап түктүү адам, мен болсо андай эмесмин.

12 Атам мени кармалап көрүп, алдаганымды билип койсо, бата эмей эле каргыш алып калбайын, – деди.

13 Ошондо энеси: – Сага тийчү каргыш мага тийсин, уулум. Сөзүмө көнүп, айткандарымды алып кел, – деди.

14 Жакып барып, улактарды энесине алып келди. Энеси атасы жакшы көргөн тамакты жасады.

15 Анан Эсаптын үйдөгү эң жакшы кийимин алып, кичүү уулу Жакыпка кийгизди.

16 Улактардын терисин анын колдоруна, мойнунун түксүз жерлерине ороду да,

17 өзү жасаган тамак менен нанын уулу Жакыптын колуна карматты.

18 Анан Жакып атасына барып: – Ата! – деди. – Ии, балам, кимсиң? – деп жооп берди Ыскак.

19 – Тунуңуз Эсапмын, – деди Жакып атасына, – айтканыңызды аткардым. Өйдө болуп олтуруп, мен алып келген аңдын этинен жеп, мага батаңызды бериңиз.

20 – Тез эле таап келдиңби, уулум? – деди Ыскак уулуна. Уулу ага: – Жараткан Эге, сиздин Кудайыңыз жолумду ачты, – деди.

21 – Жакын келчи, кармап көрөйүн, уулум, чын эле уулум Эсапсыңбы же башкасыңбы? – деди Ыскак Жакыпка.

22 Жакып атасынын жанына барды. Атасы кармалап көрүп: – Үнүң Жакыптын үнүндөй, колуң Эсаптын колундай экен, – деди.

23 Жакыптын колдору агасы Эсаптыкындай түктүү болгондуктан Ыскак Жакыпты тааныбады. Батасын берердин алдында:

24 – Сен чын эле Эсапсыңбы? – деп сурады. – Ооба, – деп жооп берди Жакып.

25 – Алып кел. Уулум атып келген аңдын этин жейин да батамды берейин, – деди Ыскак. Жакып атасына тамак анан шарап алып келди. Атасы тамактан жеп, шараптан ичти.

26 Анан ага: – Жаныма келип, мени өпчү, уулум, – деди.

27 Жакып жанына барып атасын өпкөндө, атасы анын кийиминин жытын сезип, мындай деп батасын берди: – Менин уулумдун жыты Жараткан Эге батасын берген талаа жытындай.

28 Кудай сага көктүн шүүдүрүмүн, жердин соорусун берсин. Эгиниң менен жүзүмүңдүн ширесин мол кылсын.

29 Түркүн эл сага кызмат кылып, уруулар сенин алдыңда тизе бүксүн. Боордошторуңа бийлик жүргүз, бир туугандарың сага таазим кылышсын. Сага каргыш айткандар өздөрү каргышка калсын да, батасын бергендер батага маарышсын.


Эсаптын атасынын батасын сурашы

30 Ыскак Жакыпка батасын берип бүтүп, Жакып чыгып кетери менен агасы Эсап аңчылыктан келип калды.

31 Ал да тамак бышырып, атасына алып барды. Анан атасына: – Ата, өйдө болуп, уулуңуз алып келген аңдын этинен жеп, батаңызды бериңиз, – деди.

32 – Сен кимсиң? – деди ага атасы Ыскак. – Тунуңуз Эсапмын, – деп жооп берди Эсап.

33 Ыскак селт этип, катуу чочуп кетти да: – Анда мен үчүн аң уулап, алып келген ким эле? Сенин алдыңда эле мен андан жебедимби. Мен ага батамды бердим, батамды ошол алды, – деди.

34 Эсап атасынын сөзүн укканда, ачуу добуш менен бакырып, ага мындай деп жалбарды: – Ата, мага да батаңызды бериңиз!

35 – Иниң куулук менен келип, сенин батаңды алып кетти! – деди Ыскак.

36 Эсап: – Аты бекеринен Жакып эмес да! Ал мени эки жолу алдады. Менин тунгучтук укугумду алды, эми батамды да алып кетти. Чындап эле мага бере турган батаңыз калган жокпу? – деди.

37 Ыскак ага мындай деп жооп берди: – Мен аны сага төрө кылдым. Туугандарынын баары ага кул болот. Мен ага дан менен жүзүм ширесин бердим. Эми сага эч нерсе кыла албайм, уулум!

38 Эсап атасына: – Ата, сиздин бир эле батаңыз бар беле? Мага да батаңызды бериңиз, ата! – деп бакырып, ыйлап кирди.

39 Ошондо атасы Ыскак ага мындай деди: – Мекениң көк шүүдүрүмүнөн алыс болот, жердин семизинен оолак болот.

40 Кылычың менен күн көрөсүң, иниңе кызмат кыласың. Убакыт келип, ага каршы чыгасың да, анын моюнтуругунан бошоносуң.

41 Атасынын батасын алганы үчүн Эсап Жакыпка кекенип калды. «Атамдын көз жумарына аз калды. Азалуу күндөр өткөндөн кийин иним Жакыптын көзүн тазалайм!» – деди Эсап өзүнө өзү.

42 Бирок бирөө улуу баласы Эсаптын бул оюн Рабигага жеткирип барды. Рабига киши жиберип, кичүү уулу Жакыпты чакыртып алды да: – Мына, агаң Эсап сени өлтүрөм деп кекенип жүрөт.

43 Эми, уулум, менин тилимди ал. Арандагы агам Лабандыкына кач.

44 Агаңдын ачуусу тарагыча, аныкында жашай тур.

45 Агаңдын ачуусу тарап, ага кылган ишиңди унутканда, сага киши жиберип, алдырып алам. Бир күндө экөөңдөн тең айрылгым келбейт, – деди.

46 Анан Рабига Ыскакка мындай деди: – Мен хет келиндеримден тажадым. Жакып да бул элдин кыздарына, хет кыздарга үйлөнсө, анда мага жашоонун эмне кереги бар?

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy