Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 26 - Инжил ЛС (2005)


Ыскактын Герардан көчүшү

1 Ошол жерде Ыбрайымдын тушундагыдай эле катуу ачарчылык болду. Ыскак Герардагы пелишти падышасы Абымелекке жөнөдү.

2 Жараткан Эге Ыскакка көрүнүп, мындай деди: – Мисирге барба, Мен айта турган жерден байыр ал.

3 Ошол жерде келгин болуп жаша. Мен сени менен бирге болуп, сага батамды берем. Мына ушул жердин баарын сага жана сенин тукумуңа берем. Атаң Ыбрайымга берген антымды аткарам.

4 Тукумуңду асмандагы жылдыздай көбөйтүп, ушул жердин баарын аларга берем. Сенин тукумуң аркылуу жер бетиндеги бардык элдерге менин батам тиет.

5 Ыбрайым тилимди угуп, буйругумду, осуяттарымды, көрсөтмөлөрүмдү жана мыйзамдарымды сактагандыгы үчүн Мен сага батамды берем.

6 Ошентип, Ыскак Герар шаарында калып калды.

7 Жергиликтүү эл андан аялы тууралуу сураганда, «бул менин карындашым» деп айтты. Себеби «Рабига сулуу, ошол үчүн бул жерликтер мени ал үчүн өлтүрүп койбосун» деп ойлоп, аны аялым деп айтуудан коркту.

8 Ыскактын ал жерде жашаганына бир топ убакыт болуп калганда, пелишти падышасы Абымелек терезесинен анын Рабиганы эркелетип жатканын көрүп калды.

9 Анан Ыскакты чакырып алып: – Ал сенин аялың тура! Анда эмне үчүн карындашым дедиң? – деди. – Аялым десем өлтүрүп коюшабы деп корктум, – деп жооп берди Ыскак.

10 Ошондо Абымелек: – Бул эмне кылганың? Эл ичинен бирөө аялыңа жакындап койсо эмне болмок? Бизди күнөөгө батырмаксың! – деди.

11 Абымелек ушундай деди да: «Кимде-ким бул киши менен анын аялына тийсе, өлүм жазасына тартылат!» деп бүт элге жарыя кылды.

12 Ыскак ошол жерге үрөн сээп, ошол жылы 100 эсе көп түшүм жыйнап алды. Анткени ага Жараткан Эгенин батасы тийген эле.

13 Ал байып кетти, байлыгы абдан көбөйүп, мартабалуу адам болду.

14 Анын кой-эчкиси, кара малы жана кулдары көп эле. Ошондуктан пелиштилердин ичи тарый баштады.

15 Атасы Ыбрайым көзү тирүүсүндө кулдарына каздырган кудуктардын баарын пелиштилер топурак менен толтуруп салышты.

16 Анан Абымелек Ыскакка: «Биз жактан көчүп кет, сен бизден алдаганча күчтөнүп алдың», – деди.

17 Ыскак ал жерден кетти да, Герар өрөөнүнө барып, чатырларын тигип, ошол жерди конуш кылды.

18 Анан Ыбрайымдын убагында казылып, анын көзү өткөн соң пелиштилер көөмп салган кудуктарды кайра каздырып, аларга атасы койгон аттарды койду.

19 Күндөрдүн биринде Ыскактын кулдары өрөөндөн кудук казып жатып, булак табышты.

20 Ошондо Герардын койчулары Ыскактын койчуларына келип: «Суу биздики», – деп талашты. Алар кудук талашканы үчүн, Ыскак аны Эсек деп атап койду.

21 Алар дагы бир кудук казышканда, кайрадан талаш чыгып, Ыскак аны Ситна деп атады.

22 Ыскак ал жактан көчүп кетип, дагы башка кудук каздырды. Бул кудук үчүн талаш чыкпагандыктан, Ыскак «Жараткан Эге бизге кенен жер берди, эми ушул жерде өсүп-өнүгөбүз» – деп, ага Рехобот деген ат койду.

23 Анан Ыскак ал жактан Бээр-Шевага көчүп келди.

24 Ошол түнү Жараткан Эге ага көрүнүп, мындай деди: – Мен сенин атаң Ыбрайымдын Кудайымын. Коркпо, Мен сени мененмин. Кулум Ыбрайымдын урматы үчүн, сага батамды берип, тукумуңду көбөйтөм.

25 Ыскак ошол жерге курмандык жай куруп, Жараткан Эгеге ийбадат кылды. Анан ошол жерге чатырын тигип, кулдары дагы кудук казышты.


Ыскак менен Абымелектин ортосундагы келишим

26 Абымелек кеңешчиси Ахузат жана аскер башчысы Пихол менен Герардан Ыскакка келди.

27 Ыскак аларга: – Эмнеге мага келдиңер? Мени жек көрүп, кууп жибербедиңер беле! – деди.

28 – Биз Жараткан Эгенин сени колдоорун анык көрдүк, андыктан биз сени менен ант беришип, келишим түзмөкчү болдук, – дешти алар.

29 – Биз сага тийбей, кайра жакшылык гана кылып, эсен-соо коё бергендей эле, сен да бизге эч жамандык жасаба. Сен эми Жараткан Эге жалгаган кишисиң.

30 Ыскак той кылып, алар жеп-ичишти.

31 Эртеси таң эрте туруп, алар бири-бирине ант беришти. Анан Ыскак аларды узатып, жылуу-жумшак жөнөтүп жиберди.

32 Ошол күнү Ыскактын кулдары келип, кудук казып, суу тапкандыгы тууралуу айтышты. Алар «биз суу таптык» дешип, ага өздөрү казган кудук тууралуу айтышты.

33 Ыскак кудукту Шеба деп атады. Ошондуктан ал шаардын аты ушу күнгө чейин Бээр-Шева деп аталат.


Эсаптын чет өлкөлүк аялдары

34 Эсап кырк жашка чыкканда, хет Бээринин кызы Жахудитти жана хет Элондун кызы Басматты аялдыкка алды.

35 Ошол келиндери Ыскак менен Рабигага көп убайым тарттырды.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy