Башталыш 25 - Инжил ЛС (2005)Ыбрайымдын соңку жылдары 1 Ыбрайым дагы аял алды. Ал аялдын аты Кетура эле. 2 Ыбрайым андан Зимран, Иокшан, Медан, Мидиян, Ишбак жана Шуах аттуу уулдарды көрдү. 3 Иокшандан Шеба менен Дедан туулду. Дедандан ашур, летуш жана леум элдери чыккан. 4 Мидияндан Эфа, Эфер, Ханох, Абида жана Элдаа деген уулдар туулду. Ушулардын баары – Кетуранын уулдары. 5 Ыбрайым колундагы мал-мүлкүнүн баарын Ыскакка берди. 6 Ал эми токолдорунан көргөн уулдарына энчи берип, көзүнүн тирүүсүндө эле уулу Ыскактан оолак, чыгыш тарапка көчүрдү. 7 Ыбрайым 175 жыл жашады. 8 Ал карылык дооронун сүрүп, узак жашады, өмүргө карк болуп, дүйнө салды да, ата-бабаларына кошулду. 9 Уулдары Ыскак менен Ысмайыл анын сөөгүн Мамреге жакын жердеги, хет Зохардын уулу Эфрондун талаасындагы Махпела үңкүрүнө коюшту. 10 Ыбрайым бул талааны хеттерден сатып алган. Ал ошол жерге, аялы Сарыйдын жанына коюлду. 11 Ыбрайым көз жумган соң, Кудай анын уулу Ыскакка берекесин берди. Ыскак Лахай-Рои булагынын жанында жашачу. Ысмайылдын урпактары 12 Бул Сарыйдын мисирлик күңү Ажардын Ыбрайымга төрөп берген уулу Ысмайылдын санжырасы. 13 Ысмайыл уулдарынын аттары улуулата айтканда мындай: тун уулу Наваёт, анан Кедар, Адбиел, Мипсам, 14 Мишма, Дума, Масса, 15 Хадат, Тема, Жетур, Напиш жана Кедма. 16 Ысмайылдын бул он эки уулу уруу башчылары болгон. Ушул уруулар чатыр тигип жашаган жерлер алардын ысымы менен аталып калган. 17 Ысмайыл 137 жашында дүйнөдөн өтүп, ата-бабаларына кошулду. 18 Ысмайылдын урпактары Хавиланын жана Мисирдин чыгышындагы Шурдун ортосундагы аралыкта, Ашурга барчу жолдо башка туугандарынан алыс жашашты. Эсап менен Жакыптын төрөлүшү 19 Ыбрайымдын уулу Ыскактын санжырасы мындай: Ыскактын атасы Ыбрайым. 20 Ыскак Паддан-Арамда жашаган арамилик Бетуелдин кызы, Лабандын карындашы Рабигага үйлөнгөндө кырк жашта эле. 21 Рабиганын согончогу канабагандыктан Ыскак Жараткан Эгеге сыйынды. Жараткан Эге анын сыйынуусун угуп, аялы Рабиганын боюна бүттү. 22 Анын курсагындагы балдар бири-бири менен тебише баштады. Ошондо Рабига «эмнеге башыма мындай иш түштү» деп, Жараткан Эгеден сурады. 23 Жараткан Эге ага мындай деди: «Сенин ичиңде эки эл жатат, Сенден эки башка эл чыгат. Биринен бири ашып өтүп, Улуусу кичүүсүнө кул болот». 24 Рабиганын көз жарар маалы келгенде, курсагында эгиз балдар бар экени билинди. 25 Биринчиси эти кыпкызыл болуп, денеси теридей түктүү эле. Ошондуктан анын атын Эсап коюшту. 26 Анан Эсаптын согончогун кармап, иниси чыкты. Аны Жакып деп аташты. Алар туулганда, Ыскак алтымыш жашта эле. Эсаптын тунгучтук укугун сатышы 27 Балдар эр жетти. Эсап талаа-түздү сүйгөн кыйын аңчы, Жакып болсо чатырдан чыкпаган момун адам болду. 28 Аңдын эти жаккандыктан, Ыскак Эсапты жакшы көрчү. Ал эми Рабига Жакыпты жакшы көрөр эле. 29 Бир күнү Жакып тамак бышырып жатканда, Эсап талаадан ачка келди. 30 Ал Жакыпка: – Мага кызылдан, мына бул кызылдан берчи, шайым кетти, – деди. Ушул үчүн Эсап Эдом деп да аталып кеткен. 31 Жакып: – Алгач тун уулдук укугуңду мага сат! – деди. 32 – Өлгөнү турганда тунгучтуктун мага эмне кереги бар? – деди Эсап. 33 – Алгач мага ант бер, – деди Жакып. Эсап ант берип, тунгучтугун Жакыпка сатты. 34 Ошондо Жакып ага нан менен жасмык сорпо берди. Эсап болсо тамагын ичти да, басып кетти. Ушинтип, Эсап тунгучтугун барктаган жок. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018