Башталыш 24 - Инжил ЛС (2005)Ыскактын үйлөнүшү 1 Ыбрайым жашы өтүп, картайды. Жараткан Эге ага бардык жагынан батасын берди. 2 Ыбрайым үйүндөгү бар дүйнөсүн башкаруучу башкызматчысына мындай деди: – Колуңду этегимдин астына коюп, 3-4 асман-жердин Кудайы, Жараткан Эгенин аты менен «уулуңузга ушул жердик канаандыктардын кыздарынан аял алып келбейм. Сиздин жериңизге, туугандарыңызга барып, уулуңуз Ыскакка аял таап келем» деп ант бер. 5 – Кыз мени менен бул жакка келбейм десечи? – деди кызматчысы Ыбрайымга. – Анда уулуңузду сиз келген жакка жиберишим керекпи? 6 Ыбрайым ага мындай деди: – Жок, уулумду ал жакка жибербе! 7 Мени атамдын үйүнөн, туулган жеримден алып чыгып, «ушул жерди сенин тукумуңа берем» деп айтып, ант берген Көктүн Кудайы, Жараткан Эге сенин алдыңан периштесин жиберип, сен ал жактан уулума аял алып келесиң. 8 Эгер кыз сени менен бирге келүүнү каалабаса, анда бул анттан башың бош. Бирок уулумду ал жерге жибере көрбө! 9 Башкызматчы кожоюну Ыбрайымдын этегинин астына колун коюп, айтылганды аткарууга ант берди. 10 Анан ал кожоюнунун төөлөрүнөн онду жана кымбат баалуу түркүн буюмдарынан алып, Арами-Нахарайымга, Нахор жашаган шаарга жол тартты. 11 Башкызматчы шаардын сыртындагы кудуктун жанына келип, төөлөрүн чөктүрдү. Бул аялдар суу алганы келе турган кечки маал эле. 12 Ошондо ал мындай деп дуба кылды: «Оо, Жараткан Эге, кожоюнум Ыбрайымдын Кудайы, бүгүн менин жолумду ачып, кожоюнума берген сөзүңө тура көр. 13 Мына, шаар кыздары суу алганы келе турган булак башында турам. 14 Алар келгенде бирөөсүнө: „Кумараңды эңкейтчи, суу ичип алайын“, – дегенимде, ал: „Ичиңиз, төөлөрүңүздү да сугарып берейин“, – десе, анда кулуң Ыскакка тандаганың ошол экен деп билейин. Менин кожоюнума чоң ырайым кылганыңды ушундан түшүнөйүн». 15 Башкызматчы дубасын аяктай электе эле ийинине кумарасын көтөргөн Рабига келип калды. Ал Ыбрайымдын иниси Нахор менен анын аялы Милканын небереси, Бетуелдин кызы эле. 16 Рабига абдан сулуу, эркек көрө элек кыз болчу. Ал кудукка түшүп барып, кумарасын толтурду да жогору чыкты. 17 Ыбрайымдын кызматчысы кыздын алдынан жүгүрүп чыгып: – Кумараңдан бир аз суу ичирчи, – деди. 18 Кыз: – Ичиңиз, мырза, – деп дароо кумарасын ийининен түшүрө калып, ага ичүүгө суу берди. 19 Кыз ага ичкизип болуп: – Төөлөрүңүзгө да сузуп берейин, алар да суусуну кангыча ичсин, – деди. 20 Анан кумарасындагы сууну ноого куйду да, суу алганы дагы кудукка жүгүрүп кетти. Ошентип, кызматчынын бүт төөлөрүн сугарды. 21 Кызматчы болсо Жараткан Эге жолун ачкан-ачпаганын билгиси келип, үн чыгарбай, кызды карап турду. 22 Төөлөрү суу ичип болгон соң, тиги киши кызга жарым шекел чыга турган мурунга такчу алтын сөйкө, он шекел чыга турган эки алтын билерик берди. 23 Анан: – Кимдин кызы болосуң? Түнөгөнгө атаңдын үйүнөн бизге жай табылар бекен? – деди. 24 – Мен Нахор менен Милканын уулу – Бетуелдин кызымын, – деди ал. 25 – Биздин үйдө саман менен жем көп, түнөй турган жай да бар. 26 Ошондо бул киши таазим этип, Жараткан Эгеге ийбадат кылды. 27 – Жараткан Эгеге, кожоюнум Ыбрайымдын Кудайына алкыш, – деди Ыбрайымдын кызматчысы, – Ал кожоюнумдан Өз мээримин аябай, ишенимдүү болду. Мени түз эле кожоюнумдун туугандарынын үйүнө жетелеп келди. 28 Кыз үйүнө чуркап барып, энесинин үйүндөгүлөргө баарын айтып берди. 29-30 Рабиганын Лабан аттуу агасы бар эле. Ал карындашынын мурдундагы сөйкө менен билегиндеги билериктерди көрүп, Рабигадан тигил кишинин ага айткандарын уккандан кийин, төөлөрү менен кудуктун жанында турган башкызматчыга жүгүрүп барып, 31 мындай деди: – Жараткан Эге жалгаган пенде, үйгө жүрүңүз. Эмнеге сыртта турасыз? Өзүңүзгө төр дайын, төөлөрүңүзгө жай дайын, – деди. 32 Бул киши ошентип үйгө кирди. Лабан төөлөрдүн жүгүн чечтирип, алдына саман менен жем салдырды. Башкызматчы менен жанындагы адамдарга буттарын жууганга суу алдырып келди. 33 Алдына тамак коюлганда, кызматчы: – Эмне иш менен келгенимди айтмайын, даам татпайм, – деди. – Айтыңыз, – дешти алар. 34 – Мен Ыбрайымдын кызматчысымын, – деди бул киши, 35 – Жараткан Эге кожоюнума мол берекесин төгүп, аны абройлуу адам кылды. Ага майда жана кара мал, алтын-күмүш, кул-күң, эшек-төө ыроолоду. 36 Кожоюнумдун аялы Сарый улгайган кезинде ага уул төрөп берди. Кожоюнум бардык мал-мүлкүн ошол уулуна энчиледи. 37 Кожоюнум мага ант бердирип: «Уулума бул жердеги канаандыктардын кызынан аял алып келбе! 38 Менин ата-журтума, туугандарыма барып, ошол жактан алып келесиң», – деди. 39 Кожоюнумдан: «Эгер кыз мени менен келбей койсочу?», – деп сурадым. 40 Ал мага: «Мен Жараткан Эгенин жолу менен жашап жүрөм. Ал Өз периштесин сени менен жиберип, жолуңду ачат. Сен уулума ата журтумдан, туугандарымдын арасынан колукту алып келесиң. 41 Эгерде туугандарым сен барганда кызын бербей коюшса, бул анттан башың бош», – деди. 42 Бүгүн мен кудукка келгенимде мындай дедим: «Оо, Жараткан Эге, кожоюнум Ыбрайымдын Кудайы, жолумду ачагөр! 43 Мына, мен кудук башында турам. Суу алганы келген кызга мен „кумараңдан бир аз суу ичирчи“ – десем, 44 ал мага „ичиңиз, төөлөрүңүзгө да сузуп берем“ десе, Жараткан Эге кожоюнумдун уулуна буюрган кыз ушул деп билейин». 45 Мен дуба кылып турганымда, ийинине кумара көтөрүп, Рабига келди да, кудукту көздөй түшүп, суу алды. Мен ага: «Ичкенге суу берчи», – дедим. 46 Ал дароо ийининен кумарасын түшүрүп: «Ичиңиз, мен төөлөрүңүздү да сугарам», – деди. Мен суусунан ичтим, ал болсо төөлөрүмдү да сугарды. 47 Мен андан: «Кимдин кызысың?» – деп сурадым. «Нахор менен Милканын уулу Бетуелдин кызымын», – деди ал. Ошондо мурдуна сөйкө, билектерине билерик салдым. 48 Тиземди бүгүп, Жараткан Эгеге дуба кылдым. Жараткан Эгеге, кожоюнум Ыбрайымдын Кудайына алкышымды айттым. Анткени Ал мени түз эле кожоюнумдун туугандарына алып келип, анын уулуна колукту боло турган кызга жолуктурду. 49 Эми силер кожоюнума тууганчылык кылалы, жакшылык кылалы десеңиздер, мага айтыңыздар. Эгер жок десеңиздер, аны да айтыңыздар, мен эмне кыларымды чечейин. 50 Ошондо Лабан менен Бетуел: – Бул иш Жараткан Эгеден, биз сага эмне демек элек?! 51 Рабига мына, алып кетсең болот. Жараткан Эге Өзү айткандай, ал кожоюнуңдун уулунун аялы болсун, – дешти. 52 Муну укканда Ыбрайымдын кызматчысы жүздөмөндөп жыгылып, Жараткан Эгеге таазим этти. 53 Анан ал алтын-күмүш буюмдар менен кийимдерди алып чыгып, Рабигага берди. Рабиганын агасы менен энесине да кымбат баалуу буюмдарды тартуу кылды. 54 Ушундан соң Ыбрайымдын кызматчысы жанындагы адамдары менен ичип-жеп, ошол жерде түнөп калды. Эртең менен турганда: – Кожоюнума кайтканга уруксат этиңиздер, – деди. 55 Ошондо кыздын агасы менен энеси: – Кызыбыз дагы он күнчө биз менен тура турсун, анан барсын, – дешти. 56 Бирок Ыбрайымдын кызматчысы: – Бизди кармабасаңыздар. Жараткан Эге жолумду ачты, эми кожоюнума кайтып барайын, – деди. 57 – Кызды чакырып, сурап көрөлүчү, эмне дээр экен, – дешти алар. 58 Анан Рабиганы чакырып: – Мына бул киши менен кетесиңби? – деп сураганда ал: – Ооба, – деп жооп берди. 59 Ошондо алар Рабиганы, анын эмчек энесин Ыбрайымдын кызматчысы менен анын адамдарына кошуп, узатышты. 60 Анан Рабигага мындай деп баталарын беришти: – Карындашыбыз, миң-миңдеген урпактардын энеси бол! Балдарың душмандардын шаарларын каратып алсын! 61 Ушундан соң, Рабига жана анын кызматчы аялдары жолго камынып болуп, төөлөргө миништи да, башкызматчынын артынан түшүштү. Ошентип ал Рабиганы алып, жолго чыкты. 62 Ыскак болсо Лахай-Рои булагынан келип, Негев жеринде жашап жаткан. 63 Кечкурун ойлонуу үчүн талаага чыккан ал төөлөрдүн келатканын көрдү. 64 Рабига да Ыскакты көрүп, төөдөн түшө калды да, 65 кызматчыдан: – Бизди карай талаа менен келаткан киши ким? – деп сурады. – Менин кожоюнум, – деп жооп берди кызматчы. Ошондо Рабига жамынчысын ала коюп, жүзүн жапты. 66 Кызматчы болсо Ыскакка эмне кылганынын баарын айтып берди. 67 Анан Ыскак Рабиганы энеси Сарыйдын чатырына алып кирди. Ошентип Рабига анын аялы болуп калды. Ал Рабиганы берилип сүйүп, энеси кайтыш болгондон кийинки кайгысынан жеңилдеди. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018