Башталыш 23 - Инжил ЛС (2005)Сарыйдын дүйнөдөн өтүшү 1 Сарый 127 жашка чыгып, 2 Канаан жериндеги Кирият-Арбада, азыркы Хеврон шаарында көз жумду. Ыбрайым Сарыйды жоктоп ыйлап, аза күттү. 3 Анан аялынын жасатын калтырып, хеттерге барды да: 4 – Мен силердин араңарда жашаган келгин адаммын. Маркумумдун сөөгүн көмүү үчүн мага жериңерден менчикке жай бергиле, – деди. 5 Хеттер Ыбрайымга мындай жооп беришти: 6 – Мырзабыз, бизди уксаңыз, биз сизди Кудайдын төрөсүндөй көрөбүз. Маркум аялыңызды эң жакшы көрүстөнүбүзгө коюңуз. Маркумуңузду койгонго эч ким сизден көрүстөн аябайт. 7 Ошондо Ыбрайым ошол жердин калкы болгон хеттерге таазим кылып, 8 мындай деди: – Эгер маркумумду жерге берүүгө макул болсоңуздар, анда кебиме кулак салып, Зохардын уулу Эфронго менин өтүнүчүмдү айтыңыздар. 9 Ал талаасынын четиндеги Махпела үңкүрүн мага сатсын. Силердин көзүңөрчө үңкүрдүн толук наркын төлөп, аны сагана кылам. 10 Хет Эфрон болсо өз элинин арасында олтурган. Ал шаар дарбазасынын алдына жыйналган жамы хеттерге угуза Ыбрайымга мындай деди: 11 – Жок, мырзам, мени уксаңыз. Мен сизге талааны да, талаадагы үңкүрдү да берем. Өз элимдин алдында аны сизге берем, маркум аялыңызды коё бериңиз. 12 Ошондо Ыбрайым хеттердин алдында ийиле таазим кылып, 13 алардын баарына угуза Эфронго мындай деди: – Мага кулак салсаңыз. Мен талаанын акысын төлөймүн, аны алыңыз. Анан маркум аялымды ошол жерге коёюн. 14 Эфрон Ыбрайымга: 15 – Мырзам, уксаңыз, жердин баасы 400 күмүш шекел. Бул экөөбүз үчүн эмне болуп кетиптир? Маркумуңузду коё бериңиз, – деди. 16 Ыбрайым ыраазы болуп, Эфрондун Хет уулдарына угуза айткан 400 күмүш шекелди соодагерлер колдонгон ченем менен таразага тартып берди. 17 Ошентип, Мамренин жанындагы Махпелада жайгашкан Эфрондун талаасы, андагы үңкүр, тегерек-четтеги бүт дарактары менен кошо 18 Ыбрайымдын менчигине өттү. Буга шаар дарбазасынын алдына жыйналган хеттер күбө болду. 19 Анан Ыбрайым аялы Сарыйды Канаан жериндеги Мамреге, азыр Хеврон аталган Махпела талаасындагы үңкүргө койду. 20 Ошентип, хеттерге тиешелүү талаа үңкүрү менен кошо Ыбрайымдын карамагындагы сагана болуп калды. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018