Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 22 - Инжил ЛС (2005)


Ыбрайымдын ишениминин сыналышы

1 Бир канча убакыттан кийин Кудай Ыбрайымды сынады. – Ыбрайым! – деди Ал. – Угуп жатам! – деп жооп берди Ыбрайым.

2 Кудай: – Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, Мория жерине бар. Ошол жерде, Мен сага айта турган тоолордун биринде аны бүт өрттөлчү курмандыкка чал, – деди.

3 Ыбрайым саарда туруп, эшегин токуду. Жанына эки кол баласын жана уулу Ыскакты алды. Курмандык үчүн отун жарды да, Кудай айткан жерге бет алды.

4 Үчүнчү күн дегенде, Ыбрайым көз чаптырып, айтылган жерди алыстан көрдү.

5 Ошондо эки кол баласына: – Силер ушул жерде эшектин жанында калгыла. Уулум экөөбүз тетиги жерге барып, Кудайга ийбадат кылып, кайра келебиз, – деди.

6 Ыбрайым Ыскактын жонуна курмандыкка даярдалган отунду артып, өзү колуна оттук менен бычакты алды да, экөө бирге жөнөдү.

7 Анан Ыскак: – Ата! – деп үн катты. – Ии, балам, – деди Ыбрайым. – Оттук менен отун бар, курмандыкка чала турган козу кана? – деди Ыскак.

8 – Курмандыкка чалчу козуну Кудай Өзү караштырат, уулум, – деди Ыбрайым. Ошентип, экөө андан ары чогуу жолун улашты.

9 Алар Кудай айткан жерге келишкенде, Ыбрайым курмандык жай куруп, үстүнө отунду койду. Анан баласын байлап, курмандык жайга коюлган отундун үстүнө жаткырды.

10 Ыбрайым уулун мууздамакчы болуп, бычагын алганда,

11 – Ыбрайым, Ыбрайым! – деди Жараткан Эгенин периштеси асмандан. – Угуп жатам, – деп жооп берди Ыбрайым.

12 – Балага тийбе, ага эч нерсе кылба! – деди периште. – Сенин Кудайдан коркоруңду билдим. Себеби сен Менден жалгыз уулуңду да аябадың.

13 Ыбрайым башын көтөрүп, бадалга мүйүзүнөн чаташып калган бир кочкорду көрдү. Барып, аны уулунун ордуна бүт өрттөлчү курмандыкка чалды.

14 Анан ошол жерди «Жараткан Эге караштырат» деп атады. Ошол себептен азыр да «Жараткан Эгенин тоосунда караштырылат» деп айтылат.

15 Жараткан Эгенин периштеси көктөн Ыбрайымга экинчи ирет үн катты:

16 «Мен сага Өз атым менен ант берем», – дейт Жараткан Эге. – «Бул ишти жасап, жалгыз уулуңду да аябадың,

17 ошондуктан Мен сени жалгагандан жалгаймын. Тукумуңду асмандагы жылдыздай, деңиз жээгиндеги кум сыяктуу көбөйткөндөн көбөйтөмүн. Тукумуң душмандарынын шаарларын ээлейт.

18 Мени укканың үчүн, сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер батамды алышат».

19 Ошондон кийин Ыбрайым кол балдарына кайтып келди. Алар чогуу Бээр-Шевага кетишти. Ыбрайым анан ошол жерде жашап калды.

20 Бир нече убакыт өткөндөн кийин Ыбрайымга: «Иниң Нахорго аялы Милка бир нече уул төрөп берди», – деген кабар келди.

21 Тун уулунун ысмы Уз, кийинкисинин аты Буз, андан кийинкисиники Кемуел. Кемуел Араминин атасы.

22 Анан Кесед, Хазо, Пилдаш, Идлаф жана Бетуел эле.

23 Бетуелден Рабига төрөлгөн. Ушул сегизин Милка Ыбрайымдын иниси Нахорго төрөп берди.

24 Ал эми токолу Ревумадан Тебах, Гахам, Тахаш жана Мааха деген уулдар төрөлдү.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy