Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 21 - Инжил ЛС (2005)


Ыскактын төрөлүшү

1 Жараткан Эге Сарыйга назарын салып, Өзү айтканын жасады.

2 Сарыйдын боюна бүтүп, Ыбрайымга карыган кезинде, Кудай айткан убакта уул төрөп берди.

3 Ыбрайым туулган уулуна, Сарый төрөп берген баласына Ыскак деген ат койду.

4 Кудай буйрук кылгандай, Ыбрайым уулу Ыскакты сегизинчи күнү сүннөткө отургузду.

5 Ыскак туулганда, Ыбрайым 100 жашта эле.

6 «Кудай мага кубаныч менен күлкү тартуулады. Муну эшиткендин баары мени менен чогуу күлөт», – деди Сарый.

7 Анан дагы: «Сарый бала эмизет деп Ыбрайымга ким айта алмак? Анткени ал карыганда, мен ага уул төрөп бердим», – деди.

8 Бала чоңоюп, эмчектен чыгарылды. Ошол күнү Ыбрайым чоң той берди.

9 Ыбрайымдын мисирлик Ажардан көргөн уулу Ыскакты мазактап күлүп жатканын көргөн Сарый

10 Ыбрайымга: «Мына бул күңдү баласы менен кошо кууп жибер. Бул күңдүн баласы уулум Ыскактын мурасына энчилеш болбосун!» – деди.

11 Бул кеп Ыбрайымды катуу капа кылды, анткени Ысмайыл да анын өз уулу эле.

12 Бирок Кудай Ыбрайымга мындай деди: «Бала менен күңүң үчүн капа болбо. Сарыйдын айтканын жаса, анткени Мен айткан тукум Ыскак аркылуу келип чыгат.

13 Күңүңдүн баласынан да Мен бир эл жаратам, анткени ал да сенин тукумуң».

14 Ыбрайым таң заарда туруп, нан жана бир кол чанач суу алды да, Ажардын аркасына көтөртүп, баласы менен жөнөтүп жиберди. Ажар жолго чыгып, Бээр-Шева чөлүнөн адашып кетти.

15 Кол чаначтагы суу калбай калганда, Ажар баланы бир бадалдын түбүнө калтырды да,

16 «Баламдын өлгөнүн көзүм көрбөсүн», деп жебе атымдай алыс жерге барып олтуруп, буркурап ыйлап кирди.

17 Кудай баланын үнүн угуп, асмандан Кудайдын периштеси Ажарды чакырып, мындай деди: «Эмнеге кайгырасың, Ажар? Коркпо, балаңды калтырган жерден Кудай анын үнүн укту.

18 Бар, баланы тургузуп, колунан жетеле. Мен андан улуу эл жаратам».

19 Анан Кудай Ажардын көзүн ачып, ал суусу бар кудукту көрдү. Барып, чаначына суу толтурду да баласына ичирди.

20 Баланы Кудай колдоп, ал эр жетти да, чөлдү мекендеп, жаа тарткан мергенчи болду.

21 Ысмайыл Паран чөлүндө жашап, энеси ага Мисирден аял алып берди.


Канаан падышасы Абымелектин Ыбрайымга келиши

22 Ошол убакта Абымелек аскер башчысы Пикол менен бирге Ыбрайымга келип: – Сенин ар бир ишиңди Кудай колдойт экен.

23 Андыктан азыр, Кудайдын алдында, мага, балдарыма, балдарымдын балдарына кыянаттык кылбайм деп убада бер. Мен сага кандай жакшылык кылсам, сен да мага жана өзүң келгин болуп жашап жаткан элге ошондой жакшылык кыл, – деди.

24 Ыбрайым: – Убада берем, – деди.

25 Анан Ыбрайым Абымелекке анын кулдары тартып алган кудукту айтып, аны жемеледи.

26 Абымелек болсо: – Муну ким жасаганын билбейм. Сен мага эч нерсе айткан эмессиң, буга чейин бул тууралуу уккан да эмесмин, – деди.

27 Анан Ыбрайым майда жана кара малынан алып келип, Абымелекке берип, экөө келишим түздү.

28 Ыбрайым койлорунан жети ургаачы козуну өзүнчө бөлүп койду.

29 Абымелек андан: – Эмнеге жети ургаачы козуну өзүнчө бөлүп койдуң? – деп сурады.

30 Ыбрайым: – Казган кудуктарым меники экендигинин далили катары ушул жети ургаачы козуну колумдан ал, – деди.

31 Экөө ушул жерде ант беришкендиктен, ал ошол жерди Бээр-Шева деп атады.

32 Бээр-Шевада келишим түзгөн соң, Абымелек аскер башчысы Пикол менен пелишти жерине кайтты.

33 Ыбрайым болсо ошол жерге жылгын олтургузуп, түбөлүктүү Кудай – Жараткан Эгеге ийбадат кылды.

34 Ыбрайым пелишти жеринде келгин катары көпкө жашап турду.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy