Башталыш 20 - Инжил ЛС (2005)Абымелектин айыбы 1 Ыбрайым ал жерден көчүп, Негевге барды да, Кадеш менен Шурдун ортосунда туруп калды. Кийин Герарда бир аз жашады. 2 Ыбрайым аялы Сарыйды «карындашым» дегендиктен Герардын падышасы Абымелек киши жиберип, Сарыйды алдыртты. 3 Бирок Кудай түндө Абымелектин түшүнө кирип: «Сен бул аялды алганың үчүн өлөсүң, анткени анын күйөөсү бар», – деди. 4 Абымелек болсо Сарыйга тийген эмес, ошондуктан: «Оо, Эгедерим! Сен айыпсыз адамдарды жок кылбайсың да? 5 Ыбрайым өзү мага „ал менин карындашым“ деди го. Сарый да „ал менин агам“ деген. Бул жерде менин абийирим таза, ниетим ак», – деди. 6 Кудай ага түшүндө мындай деди: «Ооба, сенин мында абийириң таза болгонун билем. Ошондуктан сени Менин алдымда күнөө кылуудан сактап, ага тийгизген жокмун. 7 Эми аялды күйөөсүнө кайтарып бер. Анткени ал – пайгамбар, ал сен үчүн дуба кылат, ошондо тирүү каласың. Эгер кайтарып бербесең, ушуну билип кой, анда өзүң да, элиң да бүт өлөсүңөр». 8 Абымелек таң эрте туруп, кызматчыларын бүт чакырып, болгон ишти төкпөй-чачпай айтып берди. Ошондо алардын жүрөгү оозуна тыгылды. 9 Анан Абымелек Ыбрайымды чакыртып, мындай деди: – Бул эмне кылганың? Кайсы жамандыгым үчүн мени жана менин падышачылыгымды ушундай чоң күнөөгө батырдың? Сен мага адам жасабай турган ишти жасадың! 10 Эмне үчүн мындай кылдың? 11 – Бул жерде эч ким Кудайдан коркпойт, булар аялымды тартып алыш үчүн мени өлтүрүшөт деп ойлодум, – деди Ыбрайым. 12 – Анын үстүнө, Сарый чынында эле менин карындашым. Биздин атабыз бир, энебиз башка болгондуктан мен ага үйлөнгөм. 13 Кудай мени атамдын үйүн таштап, жер кезүүгө буюрганда, аялыма: «Мага жакшылык кыл: кайсы жерге барсак да, мени „агам“ деп айт», – дегем. 14 Ошондо Абымелек кой менен уйдан, кул менен күңдөрдөн Ыбрайымга тартуу кылып берди. Аялы Сарыйды да кайтарып берди. 15 – Мына, өзүң көрүп турган жердин баары меники, – деди Абымелек, – каалаган жериңде жаша. 16 Анан Сарыйга мындай деди: – Сенин ак экениңди баарына далилдеш үчүн мен агаңа миң шекел күмүш берем. Ошондо сенин таза бардыгына айкын болот. 17-18 Жараткан Эге Ыбрайымдын аялы Сарый үчүн Абымелектин үйүндөгү аялдардын баарын төрөбөс кылып салган эле. Ыбрайым сыйынып, Кудай Абымелекке, аялына жана күңдөрүнө шыпаа берип, аларды төрөй турган кылды. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018