Башталыш 19 - Инжил ЛС (2005)Содомдун күнөөсү 1 Кеч киргенде, эки периште Содомго келди. Лот шаар дарбазасынын жанында олтурган эле. Лот аларды көрүп, алдынан тосо чыгып, чөгөлөп, чекеси жерге тийгенче таазим этти. 2 – Мырзалар, – деди ал, – кулуңуздардын үйүнө кириңиздер. Бутуңуздарды жууп, биздикине конуп кетиңиздер. Эртең эртелеп жолго чыксаңыздар болот. Алар: – Жок, рахмат, биз шаар аянтына түнөйбүз, – дешти. 3 Бирок Лот жедеп кыстай бергенде, алар көнүп, Лоттукуна келишти. Лот тамак жасатып, калама жаптырды. Алар тамактанышты. 4 Коноктор али жата электе, Содом шаарынын бүт тарабынан бардык эркектер, жаш-кары дебей келип, Лоттун үйүн тегеректеп алышты. 5 Алар Лотту чакырып: – Сага бул түнү келген кишилер кана? Аларды бизге чыгарып бер. Алар менен жатабыз, – дешти. 6 Лот сыртка чыгып, аркасынан эшигин жапты да: 7 – Туугандарым, мындай жаман иш кылбагыла! 8 Менин эркек көрө элек эки кызым бар. Ошолорду чыгарып берейин, аларга билгениңерди кылгыла. Бул кишилерге тие көрбөгүлө, алар үйүмөн баш паана тапкан конокторум, – деди. 9 Бирок тигилер: – Эй, тур биякка! Сен, тентимиш, бизге акыл үйрөткүң барбы? Эми сени тигилерден жаман кылабыз! – деп, Лотту катуу түртүп келишип, эшикти сындырмак болушту. 10 Ошондо ичкеридеги кишилер колдорун чыгарып, Лотту үйгө киргизип, эшикти жаап алышты. 11 Ал эми эшик алдына чогулган улуу-кичүү кишилердин көзүн көрбөгөндөй кылып салышты. Ошондо алар эшикти таппай карайлашты. Лоттун үй-бүлөсүндөгү тил албастык 12 Андан соң жанагы кишилер Лотко: – Бул жерде дагы кимиң бар? Күйөө балаң болобу, балдарыңбы, кыздарыңбы, кимиң болбосун, баарын бул жерден алып чык, 13 анткени биз бул жерди жок кылабыз. Бул жердеги элдин зулумдугунун айынан боздогон үндөр Жараткан Эгеге жетти. Ал бизди бул жерди жок кылуу үчүн жиберди, – деди. 14 Ошондо Лот болочок күйөө балдарына барып: – Тезирээк бул жерден чыгып кеткиле! Жараткан Эге бул шаарды жок кылат, – деди. Бирок Лоттун сөзү аларга тамашадай туюлду. 15 Таң агарганда, периштелер Лотту шаштыра башташты. – Бол! – дешти алар, – Аялың менен эки кызыңды ал да, тез бул жерден кет! Болбосо, шаарды жазалаганда, сен да кошо жок болосуң! 16 Лот кыбылжып турганда, жанагы кишилер аны, аялын жана эки кызын колдорунан алып, шаардан жетелеп чыгышты. Себеби Жараткан Эге аларга ырайым кылды. 17 Аларды сыртка чыгарган соң, тигилердин бири: – Жаныңды куткар! Артыңды караба! Бул өрөөндүн эч бир жерине токтобо! Адырды көздөй кач, болбосо өлөсүң! – деди. 18 Бирок Лот: – Жок, мырзаларым, – деп өтүндү. – 19 Мына, кулуңуздарга ырайым кылып, жанымды куткарып, чоң жакшылык жасадыңыздар. Бирок мен тоого жете албайм, артыман апат басып, өлүп калам. 20 Тигине, тээтиги шаарча жакын экен, ошол жакка качып барайын. Ал кичине да экен, ошол жерден жанымды сактап калам. 21 Ошондо алардын бири: – Макул, мунуңду да аткарайын. Сен айткан шаарды кыйратпайм. 22 Тезирээк, ошол жакка кач! Сен ошол жерге жеткиче мен эч нерсе кыла албайм, – деди. Ошондуктан бул шаар Соор аталып калган. 23 Лот Соорго жеткенде, күн көтөрүлүп калган эле. 24 Анан Жараткан Эге Содом менен Гоморрага көктөн жалындаган күкүрт жаадырып, 25 ошол шаарларды, бүт өрөөндү мүлдө эли, өсүмдүк-чөбү менен кошо жок кылды. 26 Лоттун аялы болсо бурулуп артын карары менен туз мамыга айланып калды. 27 Ыбрайым таң эртелеп, мурун Жараткан Эгенин алдында турган жерге келди. 28 Төмөн жактагы Содом менен Гоморраны жана бүтүндөй өрөөндү карап, темир эриткен мештен чыккандай уюлгуган түтүндү көрдү. 29 Кудай өрөөндөгү шаарларды кыйраткан кезде, Ыбрайымдын суранычын эске алды. Лот жашаган шаарларды тыптыйпыл кылганда, аны ошол апаттан аман алып чыкты. Мааптар менен аммондордун келип чыгышы 30 Лот Соордо тургандан коркуп, эки кызы менен тоого барып, үңкүрдө жашап калды. 31 Бир күнү улуу кызы кичүүсүнө мындай деди: – Атабыз карып калды. Бизге эр болгудай бул жерде бир да эркек жок. 32 Кел, атабызды шарапка мас кылып, аны менен жаталы да, андан тукум улайлы. 33 Ошол түнү алар атасына шарап берип мас кылышты. Анан улуусу атасы менен жатып чыкты. Атасы кызынын качан жатып, качан туруп кеткенин билген жок. 34 Кийинки күнү улуусу кичүүсүнө айтты: – Өткөн түнү мен атам менен жатып чыктым. Бул түнү да ага шарап ичирип, мас кылалы, анан сен жатып чык, ошентип атабыздан тукум улайлы. 35 Ошол түнү да алар атасын мас кылышты. Анан кичүүсү атасы менен жатып чыкты. Атасы анын качан жатып, качан туруп кеткенин билген жок. 36 Ушундайча Лоттун кыздары атасынан кош бойлуу болушту. 37 Улуусу уул төрөп, атын Маап койду. Ал бүгүнкү маап элинин түпкү атасы. 38 Кичүүсү да уул төрөп, атын Бенамми койду. Ал бүгүнкү аммон элинин түпкү атасы. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018