Башталыш 18 - Инжил ЛС (2005)Кудайы коноктор 1 Күндүзгү аптап убагы эле. Ыбрайым Мамредеги эмен дарактарынын жанында чатырынын улагасында олтурган. Ошол жерден ага Жараткан Эге көрүндү. 2 Ыбрайым башын көтөрүп, маңдайында турган үч кишини көрдү. Көрөрү менен аларды тосуп алууга ашыгып, чатырдан чуркап чыкты да, чөгөлөп, таазим этип: 3 – Эгедерим, эгер ырайым этсеңиз, кулуңуздун жанынан кыя өтпөңүз. 4 Бутуңуздарды жууганга бир аз суу алдырайын. Мына бул бактын саясында эс алыңыздар. 5 Мендей кулуңуздардын жанынан өтүп баратасыздар. Жегенге нан алып келейин. Кубаттанып алып, анан жолго чыгыңыздар, – деди. – Жакшы, – дешти алар, – айтканыңдай кыла бер. 6 Ыбрайым шашкан бойдон чатырына барып, Сарыйга: – Бол тезирээк, ундун эң жакшысынан үч табак камыр жууруй сал да, калама жаба кал! – деди. 7 Анан бадага жүгүрүп барып, семиз торпокту тандап туруп, кызматчысына берди. Кызматчысы аны сойгонго киришти. 8 Ыбрайым эжигей менен сүтүн, бышырылган торпоктун этин алып келип, коноктордун алдына койду. Коноктор даам сызып жатышканда, Ыбрайым алардын маңдайындагы бактын түбүндө турду. 9 – Аялың Сарый кайда? – дешти алар. – Ушул жерде, чатырда, – деп жооп берди Ыбрайым. 10 Ошондо алардын бири: – Эмки жылы ушул убакытта Мен сеникине сөзсүз кайра келем. Ошондо аялың Сарый уулдуу болот, – деди. Сарый болсо чатырдын оозунда, Ыбрайымдын артында бул сөздөрдү угуп турган. 11 Ыбрайым да, Сарый да абдан картайып, Сарый бала төрөр жаштан өтүп калган эле. 12 Ошол үчүн Сарый ичинен күлүп: «Каржайып калган кезимде мындай ыракат мага кайдан? Анын үстүнө байым да картайган», – деп ойлоду. 13 Ошондо Жараткан Эге Ыбрайымга: – Эмне үчүн Сарый күлдү? Эмнеге «карыганымда төрөй аламбы» деди? 14 Жараткан Эге үчүн кыйын нерсе барбы? Мен эмдиги жылы, белгилеген убакытта келем, ошондо Сарыйдын уулу болот, – деди. 15 Сарый коркконунан «күлгөн жокмун» деп, мойнуна албады. Бирок Ал «жок, күлдүң» деди. Ыбрайымдын Содом үчүн суранышы 16 Коноктор ордуларынан туруп, Содомду карай жөнөштү. Ыбрайым болсо аларды узатканы чогуу чыкты. 17 – Мен жасайын деген ишимди Ыбрайымдан жашырамбы? – деди Жараткан Эге. 18 – Андан улуу жана күчтүү эл жаралып, жер бетиндеги бардык элдер ал аркылуу баталуу болушары анык. 19 Анткени Мен аны өзүнүн балдарына жана урпактарына Менин жолумдан чыкпоону, адил жана калыс жашоону осуяттасын деп тандап алдым. Ошондо айткандарымдын баарын аткарам. 20 Анан Жараткан Эге Ыбрайымга кайрылып: – Содом менен Гоморанын зулумдугунун айынан боздогон үндөрдү уктум. Алардын күнөөлөрү абдан оор. 21 Эми төмөн түшүп, көрөйүнчү, алардын баары күнөөгө ушунча батып кеткен-кетпегенин билейин, – деди. 22 Анан экөө андан ары Содомго бет алышты. Ыбрайым болсо дагы эле Жараткан Эгенин алдында турду. 23 Ошондо Ыбрайым Ага жакыныраак келип, мындай деди: – Сен адил адамды күнөөкөр менен бирге өлтүрөсүңбү? 24 Мүмкүн, бул калаада ак жашаган элүү адам бар чыгар? Ошол жерди ак жашаган элүү киши үчүн да кечирбей, кыйратасыңбы? 25 Андай кыла көрбө! Адил адамды зулум адам менен чогуу жок кыласыңбы?! Сен адил кишини да, зулум кишини да бирдей өлтүрбөйсүң! Сен андай кылбайсың да! Бүт ааламдын Соту адилетсиз өкүм чыгарабы? 26 Ошондо Жараткан Эге мындай деди: – Эгер Мен Содомдон элүү адилди тапсам, анда ошолор үчүн бул жердин баарына ырайым кылам. 27 Ыбрайым: – Мына, мен топурак менен күл сыяктуу пенде болсом да, Эгедериме сүйлөөгө батындым: 28 эгер элүү адил адамга бешөө жетпесечи? Ошол беш киши үчүн шаарды бүтүн кыйратасыңбы? – деди. Жараткан Эге: – Эгер кырк беш адилди тапсам, шаарды кыйратпайм, – деди. 29 Ыбрайым сөзүн улантып, дагы мындай деди: – Кырк эле адил чыксачы? Ал: – Кырк адил үчүн да кыйратпайм, – деди. 30 Ыбрайым: – Эгедерим айтчу сөзүмө ачууланбаса экен. Ал шаарда отуз эле адил бар болсочу? – деди. Ал: – Отузду тапсам да, шаарды кыйратпайм, – деди. 31 Ыбрайым: – Оо, Эгедерим, мына, мен Сага ооз ачууга батындым: эгер ал жерде жыйырма эле адил болсочу? – деди. Ал: – Жыйырманы тапсам да, кыйратпайм, – деди. 32 Ыбрайым: – Оо, Эгедерим, мен дагы бир мертебе сүйлөсөм, ачууланба: ал жерде он адил адам табылсачы? – деди. Ал: – Он адил үчүн да кыйратпайм, – деди. 33 Жараткан Эге Ыбрайым менен сүйлөшүп бүткөн соң, ал жерден кетти. Ыбрайым болсо үйүнө кайтты. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018