Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 17 - Инжил ЛС (2005)


Кудайдын убадасы

1 Ыбрам токсон тогуз жашка чыкканда, Жараткан Эге ага көрүнүп: – Мен кудурети күчтүү Кудаймын. Менин жолум менен жүр, ак жаша.

2 Мен сени менен келишим түзөм, урпактарыңды сансыз көп кылам, – деди.

3 Ыбрам чөгөлөп, чекесин жерге тийгизе таазим кылды. Ошондо Кудай ага мындай деди:

4 – Мына, Менин сени менен түзгөн келишимим бул: сен көп элдердин атасы болосуң.

5 Эми сенин ысмың Ыбрам эмес, Ыбрайым болот, анткени Мен сени көп элдердин бабасы кылдым.

6 Мен сенин урпагыңды сансыз көбөйтүп, сенден элдерди жаратам. Сенин урпагыңдан падышалар чыгат.

7 Мен сени менен жана сенден кийинки урпагың менен – келечек муундар менен түбөлүк келишим түзөм: Мен сенин жана сенден кийинки урпагыңдын Кудайы болом.

8 Азыр өзүң келгин болуп жашап жаткан жерди – бүткүл Канаан жерин сага жана сенин урпактарыңа түбөлүккө энчи кылып берем жана Мен алардын Кудайы болом.


Сүннөт – келишимдин белгиси

9 Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди: – Сен өзүң да, келечектеги тукумдарың да ушул келишимди сакташыңар керек.

10 Менин сени менен жана сенден кийинки урпактарың менен түзүп, сен аткара турган келишимим мындай: араңардагы эркек аттуунун баары сүннөткө отургузулсун.

11 Сүннөткө отургула, бул – Менин силер менен түзгөн келишимдин белгиси.

12 Жаңы төрөлгөн ар бир эркек бала сегизинчи күнү сүннөттөлсүн. Бул муундан муунга сакталсын. Үйүңдө төрөлгөнү да, сенин тукумуңдан эмес, бирок жат элдиктен күмүшкө сатып алынганы да –

13 тигиниси да, мунусу да сүннөткө отургузулушу шарт. Денеңердеги бул эн белги Менин түбөлүктүү келишимимдин белгиси болот.

14 Сүннөтү кесилбеген ар бир эркек өз элинин арасынан жок кылынсын, анткени ал Менин келишимимди бузду.


Кудай убадасын аткарат

15 Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди: – Мындан ары аялыңды Сара эмес, Сарый деп чакыр.

16 Мен аны жалгаймын, андан сени уулдуу кылам. Аны жалгаймын, ал элдердин энеси болот. Анын урпагынан падышалар чыгат.

17 Ыбрайым чөк түшүп, чекеси жерге тийгенче таазим кылып, бирок ичинен: «Жүздөгү киши да балалуу болмок беле? Токсондогу Сарый эми төрөмөк беле?» – деп, күлдү.

18 Анан Ыбрайым Кудайга: – Ысмайылым эле аман болуп, ага батаң тийсе экен! – деди.

19 Ошондо Кудай мындай деди: – Аялың Сарый сага уул төрөп берет. Анын ысмын Ыскак деп коёсуң. Мен Өз келишимимди аны менен, анын урпактары менен түбөлүктүү келишим кылып түзөм.

20 Ысмайыл тууралуу суранычыңды да уктум. Ага да батамды берем, өркөнүн өстүрөм, укум-тукумун көбөйтөм. Андан он эки бек чыгат. Мен андан улуу эл жаратам.

21 Бирок Мен келишимимди эмки жылы ушул маалда Сарыйдан төрөлө турган Ыскак менен түзөмүн.

22 Кудай Ыбрайым менен сүйлөшүп бүтүп, жогору көтөрүлүп кетти.

23 Ыбрайым, Кудай айткандай, ошол күнү уулу Ысмайылды, үйүндө туулгандарды жана күмүшкө сатылып алынгандарды – үйүндөгү эркек аттуунун баарын сүннөткө отургузду.

24 Сүннөттөлгөндө Ыбрайым токсон тогуз жашта,

25 уулу Ысмайыл он үчтө эле.

26 Ошол эле күнү Ыбрайым жана анын уулу Ысмайыл сүннөткө отургузулду.

27 Алар менен чогуу Ыбрайымдын үйүндөгү эркектин баары, анын үйүндө туулганы да, башка элден күмүшкө сатылып алынганы да сүннөткө отургузулду.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy