Башталыш 16 - Инжил ЛС (2005)Ажар жана Ысмайыл 1 Ыбрамдын аялы Саранын согончогу канаган эмес. Саранын Ажар аттуу мисирлик күңү бар эле. 2 Сара Ыбрамга мындай деди: – Жараткан Эге мени төрөбөс кылды. Менин күңүмдүн жанына кириңиз, ал аркылуу перзенттүү болормун. Ыбрам Саранын айтканына көндү. 3 Ошентип, Ыбрамдын Канаан жеринде жашаганына он жыл болгондо, Сара өзүнүн мисирлик күңү Ажарды Ыбрамга аялдыкка алып берди. 4 Анан Ыбрам Ажардын жанына кирген соң, анын боюна бүттү. Ажар өзүнүн кош бойлуу экенин билгенде, мырзайымын теңине албай калды. 5 Ошондо Сара Ыбрамга: – Ажардан көргөн кордугума сиз айыптуусуз. Мен өз күңүмдү төшөгүңүзгө салдым, эми кош бойлуу экенин билгенден бери ал мени теңине албай калды. Жараткан Эгеге койдум, ортобузга калыс болуп Ал чечсин! – деди. 6 – Күңүң сенин колуңда эмеспи, – деди Ыбрам Сарага, – эмне кылам десең, өзүң бил. Сара Ажарды катуу басынта баштагандыктан, Ажар андан качып кетти. 7 Жараткан Эгенин периштеси Ажарды чөлдөгү булактын жанынан, Шурга кеткен жолдун боюнан таап: 8 – Ажар, Саранын күңү! Кайдан келип, кайда баратасың? – деди. – Мырзайымым Сарадан качып баратам, – деди Ажар. 9 – Мырзайымыңа кайтып барып, ага моюн сун, – деди Жараткан Эгенин периштеси, 10 – мен сенин тукумуңду көбөйтөмүн, көптүгүнөн эч ким санай алгыс кылам. 11 Жараткан Эгенин периштеси дагы мындай деди: – Кош бойлуусуң сен азыр. Маалы жетип, уул төрөп, Ысмайыл деп коёсуң Анын атын, анткени Зар какшаган үнүңдү Жараткан Эге эшитти. 12 Жапайы эшек сыяктуу Уулуңдун болот мүнөзү. Баары ага каршы болушат, Ал болот каршы баарына. Туугандар менен жоолашып, Өтөт анын өмүрү. 13 Ошондо Ажар: «Кудай мени көрүп турганын көрдүм», – деп өзүнө сүйлөгөн Жараткан Эгени «Эл-Ройи» деп атады. 14 Ошондон улам Кадеш менен Береддин ортосундагы кудукту «Бээр-Лахай-Ройи» дешет. 15 Ажар Ыбрамга эркек уул төрөп берди. Ыбрам Ажардан көргөн уулуна Ысмайыл деп ат койду. 16 Ажар Ысмайылды төрөгөндө, Ыбрам сексен алты жашта эле. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018