Башталыш 15 - Инжил ЛС (2005)Кудайдын Ыбрам менен келишим түзүшү 1 Ушул окуядан кийин Жараткан Эге Ыбрамга аян берип: – Коркпогун, Ыбрам, Калканыңмын Мен сенин. Зор болот алар сыйлыгың, – деди. 2 Ыбрам болсо мындай деди: – Оо, Жараткан Эге, Эгедерим, менде туяк болбосо, ал эмне деген сыйлык? Менин мал-мүлкүм дамасктык Элиезерге калмак болду. 3 Мына, Сен мага тукум бербедиң, эми үйүмдөгү бир кызматчым мураскорум болот. 4 Ошондо Жараткан Эге Ыбрамга мындай деди: – Жок, ал сенин мураскоруң болбойт! Сенин мураскоруң өз каныңдан жаралган балаң болот. 5 Анан Ыбрамды сыртка алып чыгып: – Асманды кара! Эгер жылдыздарды санай алсаң, санап көр. Сенин тукумуң да ушундай көп болот, – деди. 6 Ыбрам Жараткан Эгеге ишенди, Жараткан Эге ишеними үчүн аны адил деп тапты. 7 Анан Жараткан Эге ага: – Мен ушул жерди энчилеп берүү үчүн сени каздилердин Ур шаарынан алып чыккан Жараткан Эгеңмин, – деди. 8 Ыбрам: – Жараткан Эге, Эгедерим, бул жердин меники болорун кантип билем? – деп сурады. 9 Жараткан Эге: – Мага үч жашар кунаажын, үч жашар эчки, үч жашар кочкор, бир бактек жана бир көгүчкөн алып кел, – деди. 10 Ыбрам баарын алып келип союп, аларды ортосунан бөлдү да бөлүктөрүн бири-биринин тушуна койду. Ал эми канаттууларды бөлгөн жок. 11 Ошондо жорулар этке жабалактап учуп келди, бирок Ыбрам аларды кубалап турду. 12 Күн батарда Ыбрамды катуу уйку басып, жүрөк үшүн алган коюу караңгылык каптады. 13 Ошондо Жараткан Эге ага мындай деди: – Ушуну биле жүр, сенин тукумуң чет жерде келгин болот. 400 жыл кул болуп, эзүүдө жашайт. 14 Бирок Мен аларды кул кылган элди жазалайм. Алар ошол жерден көп байлык менен чыгып кетишет. 15 Сен болсо узак өмүр сүрүп, тынччылык менен ата-бабаларың сыяктуу о дүйнө саласың. 16 Сенин тукумуңдун төртүнчү мууну гана бул жакка кайтып келет, анткени аморлуктардын күнөөсү жетер чегине жете элек. 17 Күн батып, караңгы киргенде, тандырдан чыккан сыяктуу түтүн жана жалындаган от пайда болуп, алар бөлүнгөн жаныбарлардын ортосун аралап өттү. 18 Ошол күнү Жараткан Эге Ыбрам менен келишим түзүп, мындай деди: – Мен сенин тукумуңа Мисир дарыясынан тартып, улуу Эфрат дарыясына чейинки жерди, 19 кейни, кеназ, кадмон, 20 хет, периз, рафа, 21 амор, канаан, гиргаш жана жебус элдеринин жерин беремин. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018