Башталыш 13 - Инжил ЛС (2005)Ыбрамдын чырды чечиши 1 Ошентип, Ыбрам аялы жана мал-мүлкү менен Мисирден чыгып, Негев чөлүнө жөнөдү. Лот да алар менен бирге кетти. 2 Ыбрам малга, алтын менен күмүшкө бай эле. 3-4 Ал Негевден Бейтелди көздөй көчүп-конуп жүрүп олтуруп, Бейтел менен Айдын ортосундагы мурда чатырын тигип, курмандык жай курган жерге жетти. Ошол жерден Жараткан Эгеге ийбадат кылды. 5 Ыбрам менен бирге көчкөн Лоттун да майда жандыгы, кара малы жана чатырлары бар эле. 6 Алардын мал-мүлкү көп болгондуктан, жайыт жетпей, бирге жашоо мүмкүн болбой калды. 7 Ошол себептен, Ыбрам менен Лоттун малчыларынын ортосунда чыр чыкты. Анын үстүнө, канаандар менен периздер да ошол жерде жашачу. 8 Ыбрам Лотко мындай деди: – Экөөбүз чырдашпайлы, койчуларыбыз да чырдашпасын, анткени биз тууганбыз го. 9 Карачы, алдыңда канча жер жатат. Кел, бөлүнөлү: сен солго кетсең, мен оңго кетейин, сен оңго кетсең, мен солго кетейин. 10 Лот айланасына көз чаптырып, бүт Иордан өрөөнүн – Соорго чейинки суусу мол жерлерди көрдү. Жараткан Эге Содом менен Гоморду кыйратканга чейин бул жерлер бейиш багындай, Мисир жергесиндей эле. 11 Лот бүт Иордан өрөөнүн тандап алып, чыгыш жакка кетти. Ошентип, алар бири-биринен бөлүнүп кетишти. 12 Ыбрам Канаанда калып, Лот Иордан өрөөнүндөгү шаарлардын арасына жайланышып, чатырын Содом шаарына жакын жерге тикти. 13 Содомдуктар Жараткан Эгенин алдында өтө көп күнөө жасаган, абдан бузулган адамдар эле. 14 Лот бөлүнүп кеткенден кийин Жараткан Эге Ыбрамга мындай деди: – Өзүң турган жерден түндүктү, түштүктү, чыгышты жана батышты кара. 15 Сен көрүп турган жердин баарын Мен сага жана сенин урпагыңа биротоло энчилеп берем. 16 Сенин укум-тукумуңду жер бетиндеги кумдай көбөйтөмүн, санаса сан жеткис кылам. Жердеги кумду санай албагандай эле, тукумуңду да санай алышпайт. 17 Кана, баргын да ушул жерди кыдырып чык, анткени Мен аны сага берем. 18 Ошентип, Ыбрам көчүп-конуп отуруп Хевронго жакын жердеги Мамредеги эмен дарактарынын жанына жайгашты да, ошол жерге Жараткан Эгеге курмандык жай курду. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018