Башталыш 12 - Инжил ЛС (2005)Кудайдын Ыбрамга берген батасы 1 Жараткан Эге Ыбрамга мындай деди: «Тур да, элиңден, туугандарыңдан жана атаңдын үйүнөн чыгып, Мен сага көрсөтө турган жерге көч! 2 Чыгарып сенден улуу эл, Батамды берем сага Мен. Даңаза кылып атыңды, Башкага да төгөмүн, Сен аркылуу батамды. 3 Ким сага бата тилесе, Батамды берем Мен ага, Ким сага айтса каргышты, Каргышым тиет ошого. Дүйнөдөгү элдердин Бардыгы ак батаны Сен аркылуу алышат». 4 Жараткан Эге айткандай, Ыбрам жолго чыкты. Лот да аны менен бирге кетти. Харандан чыккан кезде Ыбрам жетимиш беш жашта эле. 5 Ошентип Ыбрам аялы Сараны, бир тууганынын уулу Лотту ээрчитип, Харанда жыйган мал-мүлкүнүн баарын жана кишилерин алып, Канаан жерине жол тартып, акыры ал жерге жетти. 6 Ыбрам ошол жерди аралап, Шекемдин жанындагы касиеттүү Море дарагына чейин жетти. Ошол кезде ал жерде канаандыктар жашачу. 7 Жараткан Эге Ыбрамга көрүнүп: «Ушул жерди мен сенин укум-тукумуңа берем», – деди. Ыбрам өзүнө көрүнгөн Жараткан Эгеге арнап ошол жерге курмандык жай курду. 8 Анан Бейтел шаарынын чыгыш жак тарабындагы тоого барып, батыштагы Бейтел шаары менен чыгыштагы Ай шаарынын ортосуна чатырын тикти. Ошол жерге курмандык жай куруп, Жараткан Эгеге ийбадат кылды. 9 Анан ал Негевге – түштүктү карай жолун улантты. Ыбрамдын Мисирге көчүп барышы 10 Анан Канаанга катуу ачарчылык келди, ал катуулагандыктан Ыбрам убактылуу жашап туруу үчүн Мисирге жол алды. 11 Мисирге жакындап калганда, ал аялы Сарага мындай деди: – Мен сенин ажарлуу аял экениңди билем. 12 Мисирликтер сени көргөндө «бул анын аялы» деп, мени өлтүрүп, сени тирүү калтырышат. 13 Андыктан аларга: «Мен бул кишинин карындашымын», – деп айт. Ошондо сен үчүн мага жакшы мамиле кылышып, мен аман каламын. 14 Ыбрам Мисирге келгенде, мисирликтер Саранын абдан сулуу экенин көрүштү. 15 Фараон сарайындагы кызматчылар да көрүп, анын сулуулугун фараонго мактап барышты. Ошондо ал фараондун сарайына алынды. 16 Фараон Сара үчүн Ыбрамга жакшы мамиле кылды. Ыбрам майда жандык менен кара малга, кул менен күңдөргө жана эшектер менен төөлөргө ээ болду. 17 Бирок Ыбрамдын аялы Сара үчүн Жараткан Эге фараон менен анын үй ичине катуу мүшкүл салды. 18 Ошондо фараон Ыбрамды чакыртып алып, ага: – Эмнеге мага мындай кылдың? Эмнеге аны аялым деп айтпадың? 19 Эмнеге аны карындашым дедиң? Ошол үчүн мен аны аял кылып алмакчы болгом да! Аялыңды ал да кеткин! – деди. 20 Фараон адамдарына Ыбрамды аялы, колундагы мал-мүлкү менен чогуу Мисирден чыгарып салууга буйрук берди. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018