Online Bible

- Reklamy -

Башталыш 11 - Инжил ЛС (2005)


Бабыл мунарасы

1 Ошол кезде жер үстүндө бир тил болуп, адамдардын баары бирдей сөздөрдү колдонушкан.

2 Адамдар чыгышты карай көчүп баратып, Шынар жеринен бир түзөң таап, ошол жерге отурукташты.

3 Алар бири-бирине: «Келгиле, кыш куюп, аны отко бышыралы!» – дешти да, таш ордуна кыш, акиташ ордуна чайыр колдонушту.

4 Анан «өзүбүзгө төбөсү көк тиреген мунаралуу шаар куруп, атыбызды чыгаралык, ошондо жер жүзүнө тарап кетпейбиз» дешти.

5 Жараткан Эге адамдар куруп жаткан шаар менен мунараны көрүү үчүн төмөн түшүп,

6 мындай деди: «Мына, алар бир эл болуп, бир тилде сүйлөгөндүктөн ушул ишти баштап жатышат. Эми алар ойлогон оюн ишке ашырмайын токтошпойт.

7 Кана, төмөн түшүп, бири-бирин түшүнбөсүн үчүн алардын тилин чаташтырып салалы», – деди.

8 Ушундай кылып, Жараткан Эге аларды бүт жер жүзүнө чачыратып жиберип, шаар курулушун токтотту.

9 Ошондуктан бул шаар Бабыл деп аталып калды. Себеби Жараткан Эге ошол жерде бардык адамдардын тилин чаташтырып, аларды бүт жер жүзүнө чачыратып жиберген.


Шемден Ыбрайымга чейинки санжыра

10 Шемдин санжырасы мындай: топон суудан кийин эки жыл өтүп, Шем 100гө чыкканда, Арпакшат аттуу уулдуу болду.

11 Андан кийин Шем дагы 500 жыл жашап, башка да уул-кыздарды көрдү.

12 Арпакшат отуз бешке келгенде, андан Шелах туулду.

13 Шелах туулган соң, Арпакшат 403 жыл өмүр сүрүп, башка да уул-кыздардын атасы болду.

14 Шелах отузга келгенде, андан Эбер туулду.

15 Эбер туулгандан кийин, Шелах 403 жыл жашап, башка да уул-кыздарды көрдү.

16 Эбер отуз төрт жашка келгенде, андан Пелек туулду.

17 Пелек туулгандан кийин, Эбер 430 жыл жашап, дагы да уул-кыздарды көрдү.

18 Пелек отуз жашка келгенде, андан Регу туулду.

19 Регу туулгандан кийин, Пелек 209 жыл жашап, жана да уул-кыздарды көрдү.

20 Регу отуз эки жашка келгенде, андан Серук туулду.

21 Серук туулган соң, Регу 207 жыл жашап, башка да уул-кыздарды көрдү.

22 Серук отуз жашка келгенде, уулу Нахор туулду.

23 Нахор туулган соң, Серук 200 жыл жашап, башка да уул-кыздарды көрдү.

24 Нахор жыйырма тогуз жашка келгенде, андан Терах туулду.

25 Терах туулган соң, Нахор 119 жыл жашап, башка да уул-кыздарды көрдү.

26 Терах жетимиш жашка келип, Ыбрам, Нахор жана Арандын атасы болду.


Терахтын санжырасы

27 Бул Терахтын санжырасы: Терахтан Ыбрам, Нахор, Аран туулду. Арандан Лот туулду.

28 Ал эми Аран өз атасы Терахтын көзү тирүүсүндө казди элинде, өзү туулган Ур шаарында дүйнөдөн кайтты.

29 Ыбрам менен Нахор аял алышты. Ыбрам Сарага, Нахор болсо Арандын кызы Милкага үйлөндү. Аран Исканын да атасы болчу.

30 Сара төрөбөс болгондуктан балдары жок эле.

31 Терах өз уулу Ыбрамды, Арандын уулу – небереси Лотту жана Ыбрамдын аялы – келини Сараны алып, каздилердин Ур шаарынан Канаан жерине жөнөдү. Бирок Харанга келип, ошол жерде туруп калышты.

32 Терах 205 жыл жашап, Харанда дүйнөдөн кайтты.

Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

Následuj nás:



Reklamy