Башталыш 10 - Инжил ЛС (2005)Нухтан тараган элдер 1 Нухтун уулдары Шем, Хам жана Жепет топон суудан кийин балалуу болушту. Алардын санжырасы мындай. Жепеттен тараган элдер 2 Жепеттин уулдары: Гомер, Магок, Мадай, Жабан, Тубал, Мешех жана Тирас. 3 Гомердин уулдары: Ашкеназ, Рипат жана Тогарма. 4 Жабандан Элиша жана Таршыш төрөлүп, ошондой эле киттер менен додандар тараган. 5 Деңиз жээгинде жашаган элдер ушулардын тукуму. Алар өз жери, өз тили, өз уруулары бар, өз-өзүнчө элдер эле. Хамдан тараган элдер 6 Хамдын уулдары: Куш, Мисир, Пут жана Канаан. 7 Куштун уулдары: Себа, Хабила, Сапта, Раама жана Саптеха. Рааманын уулдары – Шеба менен Дедан. 8 Куштан Нимрот деген уулу бар эле, ал дүйнөгө атагы чыккан баатыр болгон. 9 Ал Жараткан Эгенин алдында мыкты аңчы да болгон, ошондуктан «Эгенин алдындагы Нимроттой мыкты аңчы» деп айтылып калган. 10 Анын падышалыгы Шынар жериндеги Бабыл, Эрех, Акат жана Калне деген шаарлардан башталган. 11 Ошол жерден Ашурга келип, Нинеби, Рехобот-Ир, Калах шаарларын 12 жана Нинеби менен Калахтын ортосунда жайгашкан Ресен шаарын да курду. Ресен чоң шаар эле. 13 Мисир болсо луттардын, анамдардын, лехавдардын, наптухтардын, 14 патрустардын, каслухтардын жана капторлордун түпкү атасы болгон. Каслухтардан пелиштилер тараган. 15 Канаандын тун уулу Сидон эле. Канаандан хеттер, 16 жебустар, аморлор, гиргаштар, 17 хибилер, арктар, синдер, 18 арбаддар, семарлар жана хаматтар тарады. Кийин канаандыктардын уруулары туш-тушка тарап кетти. 19 Канаандыктардын чеги Сидондон башталып, Герар аркылуу Газага жетип, анан Содом, Гомор, Адма, Себайымды курчап өтүп, Лашага чейин барчу. 20 Булар өз уруулары, өз тили, өз жери, өз эли бар Хамдын урпактары эле. Шемден тараган элдер 21 Жепеттин агасы Шемдин да балдары болду. Ал Эберден тарагандардын баарынын түпкү атасы эле. 22 Шемдин уулдары: Эйлам, Ашур, Арпакшат, Лут жана Арами. 23 Араминин уулдары: Уз, Хул, Гетер жана Маш. 24 Арпакшаттан Шелах, Шелахтан Эбер туулду. 25 Эберден эки уул туулду. Биринин атын Пелек деп коюшту, анткени ошол кезде жер бөлүнгөн эле. Ал эми экинчисинин аты Жоктан эле. 26 Жоктандан Алмадат, Шелеп, Хатсармабет, Жарах, 27 Адырам, Узал, Дикла, 28 Обол, Абымайыл, Шеба, 29 Офир, Хабила жана Жабап туулду. Булардын баары Жоктандын уулдары. 30 Алардын жашаган жери Мешадан тартып, Сыпар аркылуу чыгышта жайгашкан тоого чейин жеткен. 31 Булар өз уруулары, өз тили, өз жери, өз эли бар Шемдин тукумдары эле. 32 Нух уулдарынын тукуму уруу-уруу, эл-эл болуп, мына ушинтип бөлүнгөн. Топон суудан кийин жер бетине жайылган элдин баары алардан тараган. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018