Рут 1 - Инжил ЛС (2005)Элимелектин Маап жерине көчүп келиши 1 Ысрайыл элин бийлер башкарып турган кезде өлкөдө ачарчылык болду. Ошондо Иуда жериндеги Бейт-Лехем шаарчасынан бир адам аялы, эки уулу менен Маап жерине жашай турууга жөнөдү. 2 Ал кишинин ысымы Элимелек, аялыныкы Нагима, ал эми эки уулунуку Махлон жана Килиён эле. Алар Иуданын Бейт-Лехеминен чыккан эфраттар болчу. Ошентип алар Маап жерине келип, ошол жерде туруп калышты. 3 Анан Элимелек көз жумуп, Нагима эки уулу менен калды. 4 Уулдары мааптык кыздарга үйлөнүштү. Кыздардын бирөөсүнүн аты Орпа, бирөөсүнүкү Рут эле. Алар ошол жерде он жылдай турушту. 5 Анан Нагиманын уулдары Махлон менен Килиён да кайтыш болду. Ошентип ал аял эки уулу менен күйөөсүнөн айрылып, жалгыз бой калды. 6 Маап элинде жүргөн Нагима Жараткан Эге Өзүнүн калкы ысрайылга назарын салып, аларга мол түшүм бергенин укту. Ошондо Нагима эки келини менен Маап жеринен өз элине кайтууга камынды. 7 Ошентип алар турган жерин таштап, Иудага карай сапар алышты. 8 Жолдо бара жатканда, Нагима келиндерине: – Эми ар кимиң өз энеңердин үйүнө кайткыла. Силер маркум уулдарыма жана менин өзүмө мээримдүү болдуңар. Ошол үчүн Жараткан Эге силерге да мээримин төксүн! 9 Жараткан Эгем силерге күйөө берип, баш пааналуу кылсын! – деп, беттеринен сүйдү. Бирок алар буркурап-боздоп ыйлашып: 10 – Жок, сиз менен бирге биз да эл-журтуңузга барабыз, – дешти. 11 Ошондо Нагима: – Кайткыла, кыздарым! Мени менен эмнеге барасыңар? Силерге күйөө боло турган курсагымда балам бар беле? 12 Кайткыла, кагылайындар! Мен эми карып калдым, күйөөгө чыга албайм. Бүгүн күйөөгө чыгып, уулдуу болормун деген күндө да, 13 алар эр жеткенче күтө алмак белеңер? Ошого чейин күйөөгө чыкпай жүрө берет белеңер? Жок, кыздарым, Жараткан Эгемдин башыма салган күйүтүн кошо тартышкыла деп силерди кармаганым жакшы эмес, – деп жооп берди. 14 Экөө баштагыдан бетер буркурап ыйлашты. Анан Орпа кайненеси менен коштошту, ал эми Рут аны менен калды. 15 Нагима Рутка: – Көрдүң го, абысының эл-журтуна, өзү сыйынган кудайларына кайтты. Сен да анын артынан барсаңчы, – деди. 16 Бирок Рут: – Сизди таштап кеткенге мени мажбур кылбаңыз. Сиз кайда барсаңыз, мен да ошол жакка барам. Кайда жашасаңыз, мен да ошол жакта жашаймын. Сиздин элиңиз менин элим, сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот! 17 Кай жерде өлсөңүз, мен да ошол жерде өлүп, жер жазданам. Эгер бу дүйнөдөн кеткенче сизден ажырасам, мени Жараткан Эгем жазаласын, катуу жазаласын! – деп туруп алды. 18 Руттун өзү менен чогуу кетүүнү чындап чечкенине көзү жеткен соң, Нагима аны көндүргөнүн койду. 19 Ошентип экөө Бейт-Лехемди беттеп жөнөп кетишти. Ал жерге келишкенде, калаа калкы бүт толкуп: – Омэ-эй, мынабу Нагимабы?! – дешти. 20 Ошондо ал: – Мени Нагима эмес, Мара дегиле, – деди. – Себеби кудуреттүү Кудай мага күйүт тарттырды. 21 Бул жерден үй ичибиз түгөл кеттик эле, эми мына Жараткан Эге кайра куру кол алып келди. Силер мени эмнесине «Бактылуу» дейсиңер? Жараткан Эге мени азапка салды, кудуреттүү Кудай башымды бактысыз кылды. 22 Ошентип Нагима мааптык келини Рут менен бирге Маап жеринен кайра келди. Алар Бейт-Лехемге келгенде, арпага жаңы эле орок салынган маал болчу. |
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018